Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

2017-жылкы Нобел сыйлыгын жапон тектүү жазуучу алды


Жазуучу Кадзуо Исигуро.
Жазуучу Кадзуо Исигуро.

Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл теги жапон британиялык жазуучу Кадзуо Исигурого ыйгарылды. Швед Академиясы автордун эмоционалдык жактан күчтүү чыгармаларын белгиледи.

Исигуро дүйнөнүн кырктан ашуун тилине которулган сегиз китептин автору.

Эң белгилүү романдары болуп “Күндүн калганы” жана “Мени коё бербе” деген чыгармалары эсептелет. Өткөн кеткенди эстеген карыянын монологу формасында жазылган биринчи романы үчүн Исигуро 1989-жылы Букер сыйлыгын алган. Ал эми “Мени коё бербе” чыгармасы антиутопиялык Британияда жашаган интернаттагы балдар жөнүндө баяндайт.

Кадзуо Исигуро 1954-жылы 8-ноябрда Нагасаки шаарында төрөлгөн. 1960-жылы анын үй-бүлөсү Британиянын Гилфорд шаарына көчүп кетет. Ал жерде атасы – белгилүү океанограф - изилдөөлөрүн жүргүзө баштайт, Кадзуо болсо мектепте, кийин гимназияда окуйт.

1978-жылы Кент университетин аяктап, англис тили жана философия адистиги боюнча диплом алат. Эки жылдан кийин болсо көркөм өнөр (искусство) магистри деген наамга ээ болот.

Кичине кезинен бери музыкага кызыккан Исигуро ошондой эле бир нече ырлар жыйнагынын сөздөрүн жазган.

Былтыр адабият боюнча лауреат болуп америкалык ырчы Боб Дилан аталгандан кийин сыйлык салттуу жазуучуларга кайткандай.

Адабият боюнча сыйлыкка талапкерлердин тизмеси жашыруун болгондуктан, негизинен букмекерлердин прогноздоруна көп көңүл бурулат.

Быйыл фавориттердин арасында кениялык Нгуги Ва Тхионго, жапониялык Харуки Мураками аталып келген эле.

Нобелдин адабият боюнча лауреаты аныкталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:29 0:00

Бул сыйлыкка байланышкан айрым фактыларга токтолсок. 1901-2017-жылдар аралыгында бардыгы болуп сыйлык 109 жолу ыйгарылган. Жети жолу, анын ичинде согуш учурунда берилбей калган. Төрт ирет сыйлык экиден жазуучуга ыйгарылган.

Лауреаттардын орточо жашы - 65. Эң жашы – Редьярд Киплинг 41ге чыкканда “Жунгли китеби” деген чыгармасы үчүн алса, эң улгайганы – Дорис Лессинг 2007-жылы 88 жашында лауреат болгон. Айтмакчы, 14 аял жазуучу же акын Нобел сыйлыгына арзыган.

Борис Пастернак.
Борис Пастернак.

Тарыхта эки жолу – 1958-жылы орус жазуучусу, акын жана котормочу Борис Пастернак (1890-1960), 1954-жылы француз ойчулу Жан Поль Сартр (1905-1980) сыйлыктан баш тартып коюшкан.

Швеция Академиясынын туруктуу катчысы Питер Энглунд айтып бергендей, жыл сайын февраль айларында 200дөй жазуучу-акындын талапкерлиги келип түшөт. Андан кийин академия мүчөлөрү 20 чакты кишини иргеп алышат.

"Май айларында болсо беш талапкерден турган тизме талкууланып жактырылат. Соңку чечим октябрдын башында кабыл алынат", - деп түшүндүрдү Энглунд.

Жума башынан бери ушуну менен быйылкы лауреаттардын төртүнчүсү белгилүү болду. Буга чейин медицина, физика жана химия тармактарындагы эмгеги бааланган окумуштуулар аталган.

Жума күнү Нобел тынчтык сыйлыгынын быйылкы ээси же ээлери жарыяланмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG