Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Парламент Кумтөр боюнча өкмөткө талап койду


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Өкмөт “Центерра Голд” менен кол койгон соңку макулдашуусу боюнча парламентке маалымат берет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков айтты.

Ага чейин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 2017-жылдын сентябрь айында премьер-министр “Центерра Голд” менен макулдашууга кол койгонун, бирок ал тууралуу депутаттарда маалымат жок экенин билдирген:

- Парламентке келе элек, көпчүлүк депутаттар билбейт экен. Жаңы премьер-министр: “Биз ошол макулдашууну карап чыгабыз, мүмкүн, башкача кылабыз” деп айткан эле. Бирок дагы эле тынч бойдон. Эч кандай расмий маалымат жок.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Соңку чечим боюнча ал 2-ноябрга белгиленген.

Быйыл 14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча соңку макулдашууда өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG