Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:47

Абылгазиев: Кумтөр боюнча соңку келишимде өкмөт макул эмес жактары бар (видео)


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мухаммедкалый Абылгазиев "Центерранын" жетекчиси менен жолукканын, анда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу жөнүндө ойлорун айтканын билдирди. Мурунку өкмөт Кумтөр боюнча түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек.

- Азыркы өкмөттүн көз карашына ылайык ал келишимди жакшыртышыбыз керек. Биз макул эмес болгон жагдайлар боюнча сунуштарыбызды айттык, - деди Абылгазиев.

Абылгазиев бул сунуштарды өкмөт алгач парламентке алып келип, талкууга коерун кошумчалады.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчет берип жатат.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду депутаттар "Кумтөр боюнча келишимди Жогорку Кеңешке алып келбей эле кол коюп койгон" деп сынга алышкан.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразылык көп болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар айтылган.

Андан бери Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыгарын Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы ("Chaarat Gold Holdings Limited") компаниясы билдирип, ал сунуш кылган шарт Кыргызстан үчүн алгылыктуу экенин жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG