Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:20

Кумтөр келишимин кароо мөөнөтү жылды


Кумтөр.
Кумтөр.

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырды. Аткаруу бийлиги азырынча анын себептерин түшүндүрө элек.

“Центерра” компаниясы тараткан маалымат боюнча сөз болуп жаткан макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылдырылды.

Буга чейин өкмөт келишимди аткарууну 2-ноябрга чейин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Аткаруу бийлиги бул тууралуу эч кандай комментарий бербей жатат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен да маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Өкмөт Кумтөр боюнча “Центерра” менен жүрүп жаткан сүйлөшүү боюнча Жогорку Кеңешке жооп бербей жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев билдирди:

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөткө “келишим эмне болуп жатат, кандай иштер аткарылды?” деп төрт жолу кат жибергенбиз. Андан сырткары биз көзөмөлдөөчү комитет катары парламенттин “Кумтөр” боюнча токтомдорунун аткарылышын дагы сурадык. Бирок азырынча өкмөттөн алгылыктуу жооп келе элек. Улам эле “баланчасында жооп беребиз” деген каттар келет. Эми мен 11-13-ноябрда бул маселени көтөрөм.

Быйыл 14-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон келишимди жакшыртуу керектигин айткан. Ал стратегиялык келишим азырынча күчүнө кире электигин жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна кайра алып келерин убада кылган.

Былтыр кол коюлган жаңы келишимге ылайык “Центерра” Кыргызстанга жылдык экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 млн. долларга көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 млн., онкологиялык борборго 10 млн. доллар которууга макул болгон.

“Жаратылышты калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп туруу макулдашылган. Өкмөт анын ордуна 2013-жылы "Центеррага" койгон экологиялык 7 млрд. сомго жакын доодон баш тартмак.

Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын директорунун орун басары Дүйшөн Камчыбеков Абылгазиевдин өкмөтү келишимди күчүнө киргизүүдөн эмнеге карманып жатканын мындайча боолгоду.

- Жаңы өкмөт жоопкерчиликти моюнга алуудан кооптонуп турат. Анткени кооптоно турган жагдай бар. Себеби, Кыргызстан берген доонун негизинде “Центеррадан” өндүрүлө турган акчанын көлөмү 7 млрд. сом. Ал эми стратегиялык келишим күчүнө киргенден тартып биз сот процесстерине чек койсок, келишимде аныкталган акчаны “Центерра” бизге которо баштамак. Ал каражат баары бир Кыргызстандын “Центеррага” койгон доосунун суммасына жетпейт экен. Бүгүнкү күнгө чейин мына ушул маселе өкмөттүн алдында турат.

Сапар Исаков кол койгон келишимге ылайык былтыр канадалык инвесторлор онкологиялык борборго бөлө турган 10 миллион доллардын 7 миллионун которгон.

Жакында эле депутат Дастан Бекешев мурдагы өкмөт менен “Центерранын” ортосунда былтыр түзүлгөн жаңы келишим парламентке берилбегенин айтып, аткаруу бийлигинен маалымат талап кылган. Ал өкмөттүн Кумтөр сүйлөшүүсүнүн создугуп кетиши тууралуу буларга токтолду.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Өкмөттүн “Центерра” менен сүйлөшкөнгө алы жетпей жатат. “Центерра” өкмөткө катуу эле талаптарды коюп жатат. Бирок өкмөт бизге айтпай жатат. “Эгер силер бизге иштөөгө уруксат бербесеңер биз анда акырындан жаап салабыз, токтотобуз” дешти да. Өкмөт аны айта албай, парламентке так маалыматты бербей жатат.

Бирок ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев 22-майда “Центерра Голд Инк.” компаниясынын директору Скот Перри менен жолугуп, “Бул долбоор коомчулуктун көңүл борборунда турганын эске алсак, тараптар жүргүзгөн бардык сүйлөшүүлөр жана кабыл алган чечимдер ачык болууга тийиш” деп айткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева өкмөттүн Кумтөр боюнча коомчулукка маалымат бербей жатышына жана “Чубактын кунундай чубалган” келишимге парламенттин өзүн күнөөлөдү.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Өкмөттүн парламенттин тармактык комитетине эч кандай маалымат бербей жатканы мыйзамсыз. Себеби, Жогорку Кеңеш өкмөттү тескей турган орган. Эгер өкмөт жооп бербей жаткан болсо, буга парламент өзү да күнөөлүү. Бул көрүнүш улана берсе, өкмөттү парламенттин палатасына чыкырыш керек. Өкмөттөн маалымат ала албаса, аларды сурай албаса анда бул эмне деген парламент?

Жакында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында "Центерра" “Кумтөрдөгү” акцияларын “Shadong Gold" аттуу кытай компаниясына сатуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы жөнүндө кабар тараган.

“Кыргызалтын” ишканасы кийинчерээк бул тууралуу “Центеррадан” келген жоопту жарыялаган. Анда “эгер кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болсо анда Кыргызстан дагы сөзсүз кабардар болмок” деп жазылган.

"Центерра" Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

Кыргызстандын 666 тонна алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG