Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Президентке даттанган ишкерлер


Кыргызстанда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосушат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында негизинен мамлекеттик органдардын бизнеске бут тосууларынын айланасында сөз болду.

Жолугушууну демилгелеген президент Сооронбай Жээнбеков кепти дароо эле көйгөйлөрдөн баштап, бул жаатта бийликтин аракетине көлөкө түшүргөн мамлекеттик органдардын ишин сынга алды:

- Укук коргоо органдарына, фискалдык органдарга бизнестин дооматы көп, муну билебиз. Бул дооматтар жүйөлүү. Айрым мамлекеттик органдар ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна дагы эле текшерүүлөргө кийлигишкен учурлар уланып жатат. Мага айрым ишкерлер текшерүүдөн, тоскоолдуктан тажагандыктан ишин жыйыштырып же башка өлкөгө көчүрүп кеткени боюнча маалыматтар түшүп жатат.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлердин негизги дооматтарынын бири соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы тууралуу экенин кошумчалады.

Президенттин мындай сөзүн жолугушууга келген кыркка жакын ишкер чөйрөнүн, бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү колдошту. Атүгүл Жээнбеков бийликке келгенден бери эң башкы ураан катары жарыялаган коррупцияга каршы күрөштү шылтоо кылып, мамлекеттик органдар инвесторлор менен ишкерлерге текшерүүлөрдү күчөткөнүн айтышты.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бул багытта даттануулар акыркы маалда көбөйгөнүн билдирди:

- Башкы прокуратура, Каржы полициясы өкмөт коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсепке акча төгөбүз деп атаандашып ишкерлерден өндүрүп алууда. Ири бизнеске көптөгөн кошумча төлөмдөрдү төктүрүүгө мажбурлап жатышат. Коррупция менен күрөштү биз да колдойбуз. Бирок Кылмыш кодекси боюнча коррупция - бул кызматтык кылмыш. Азыр атайын эсепке түшкөн төлөмдөрдү алып көрсөк, ишкерлерден өндүрүүгө багытталгандай. Ушундай аракеттердин артында биз азыр миллиондорду атайын эсепке түшүрөм деп, миллиарддаган каражаттан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Көптөгөн инвесторлор "ишмердигибизди кыскартабыз же такыр эле токтотобуз" деп айтып жатышат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев ишкерлер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып, бизнеске жолтоо болгон эң башкы маселе коррупция экенин билдирди. Анын айтымында, сурамжылоого катышкан ишкерлердин 65 пайызы жемкордукту башкы маселе катары көрсөтүшкөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода тармагындагылар Кытайдан товар ташууда кыйынчылык жаралганын айтышса, айыл чарба тармагындагылар Кыргызстан алдыңкы технология менен тажрыйбадан артта калып жатканына даттанышты.

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Ал эми туризм тармагындагылар Көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чараларды өткөргөнгө гана ыраазы болуп отура бербей, өлкөнүн туристтик потенциалын толугу менен өнүктүрүү үчүн аракет жетишпей жатканын билдиришти. Маселен, "Жибек жолу" туристтик ассоциациясынын төрагасы Владимир Комиссаров бул жааттагы маселелерди төмөнкүчө санап берди:

- Кыргызстан дале болсо дүйнөлүк туризм базарында белгисиз өлкө бойдон калууда. Биз азыр Көчмөндөрдүн оюнун жакшы өткөрдүк деп сүйүнүп жатабыз. Бирок биздин өлкө тууралуу четте маалымат аз. Көчөгө чыгып Буркина-Фасо деп сурасаң жооп бергендер аз болгондой эле, чет элдиктер арасында Кыргызстан тууралуу билгендер сейрек. Өлкөнү таанытуу үчүн 8 миллион сом бөлүнөт. Бизде элементардык маркетингдик стратегия жок. Мындан сырткары Кыргызстанга келүүдө маселе бар. Биздин өлкөгө болгону төрт эл аралык авиакомпания учат. Мындай кейпибиз менен кантип туризмди өнүктүрөбүз? Биз канчадан бери “Ачык асман” долбоору жөнүндө айтып келебиз, бирок бул жаатта иш жылган жок.

Негизи Кыргызстанда ишкерлерге шарт түзүп, бизнестин бейиш жайына айлантуу убадасын буга чейинки бийлик да берип, азыр деле ушундай чакырыктар айтылып келет. Иш жүзүндө өлкөдө иштеп жаткан инвесторлордун айланасында жаңжалдар тыйылган жери жок.

Кыргызстандагы эң ири Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен келишимдин башы ачыла элек, мамлекеттик ири мобилдик оператор "Мегакомду" сатууга өкмөт бир нече жылдан бери кардар таппай келет. Буга кошумча акыркы жылдары эл аралык "Doing Business" ("Ишкердик жүргүзүү") рейтингинде Кыргызстандын позициясы төмөндөгөн.

Мындай кырдаалда президенттин ишкерлердин көйгөйлөрүнө кулак төшөгөнүн бизнестин өкүлдөрү оңунан баалап жатышат. Бирок Жаш ишкерлер бирикмесинин башкармалык төрагасы Темирбек Ажыкулов бул жолугушуулардан жыйынтык чыкканы маанилүү экенин белгиледи:

- "Кыргызстанды бизнестин бейишине айлантабыз" деп айтып жатасыз. Бул абдан жакшы. Бирок мамлекеттик органдарга
төмөн түшкөндө эле бул сөздөр унутулуп калат. Алардын мамилеси башкача окшойт. Айрым жетекчилер "мен бул жерде 20 жылдан бери иштейм, эмне кылсаңар ошону кылгыла" дегендей мамиле жасайт. Ушул сыяктуу жыйындар өтөт, протоколдор түзүлөт, тапшырмалар берилет. Бирок төмөнкү органдардан эч кандай өзгөрүү байкалбай келет.


Сооронбай Жээнбеков жолугушууда айтылган ар бир сөз боюнча жыйынтык чыгарына убада берди. Анын айтымында, кийинки жылдын январь айында ишкерлер менен кайрадан жолугуп, маалымат берилмекчи. Президент буга чейин көптөгөн маселелер өкмөттөгү туруксуздуктан улам чечилбей келгенин билдирди:

- Мен айтып жатам, өкмөт туруктуу иштейт. Шайлоо өз убагында өтөт. Ошондуктан эл, президент койгон милдет, талаптардын үстүнөн иштеши керек.

Жэээнбеков муну менен саясий айдыңда Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн айланасындагы айтыла баштаган сөздөргө жооп бергендей болду. Буга чейин азыркы өкмөт күзүндө отставкага кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан эле. Бирок президенттин акыркы сөзү өкмөткө тынчсызданбай улантууга ишеним берди көрүнөт.

Ишкерлер президентке арманын айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:04 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG