Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Жерүй: завод курбаган ишкана айып төлөдү


Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы завод курууну кечеңдетип жатканы үчүн 600 миң доллар айып төлөдү. Бирок ишкана бул жазана туура эмес тагылганын билдирип, Жер казынасын пайдалануу комитетинин үстүнөн сотко кайрылды. Компания заводду куруу мөөнөтү аяктай электигин айтса, комитет анын кечеңдеп жатышы жобого туура келбейт деп жүйө келтирүүдө.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу атайын комиссия Жерүй кенинде алтын иргөөчү фабриканын курулушун баштабай жатканы үчүн "Альянс Алтын" компаниясына быйыл жыл башында айып салган. Кечеңдеген ар бир ай үчүн эсептелип жатып, ушул күнгө дейре ал сумма 600 миң долларга жетти.

Бул сумманы компания комитетке төгүп берип, бирок айыппул мыйзамсыз салынган деген негиз менен сотко кайрылды. "Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов мунун себебин мындай түшүндүрдү:

- Келишимге ылайык, биз курулуш иштерин 2019-жылдын 28-февралына чейин толугу менен бүткөрүп, алтын казууну башташыбыз керек. Эгер март айында биз фабриканы ишке киргизе албасак анда айына 100 миң доллардан айып төлөмөкпүз. Бул мыйзамдуу болмок. Бирок Жер казынасын иштетүү комитети шашылыш эле “кокуй, фабрика менен калдык сактоочу жайдын курулушун баштабай жатасыңар” деп айып салып коюшту. Биз “бул алтын өндүрүүчү комплекстүү комбинат, анын ичине фабрикасы, калдык сактоочу жайы, жолу, жарыгы, жатаканасы, айтор баары кирет” деп айтып жатабыз. Азыр калгандары курулуп бүтүп калган, азыр да куруу иштери жүрүп жатат. Ошондуктан биз комитеттин чечимине макул болбой, сотко кайрылганбыз,-деди Жаныкулов.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жүйөсү башкача. Мекеме айып төлөө эрежеси макулдашууда эмес, тендердин жобосунда жазылганын билдирүүдө.

Комитеттин юридикалык башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Муканов мындай дейт:

- Бул компания кенди казууга лицензияны сынак аркылуу алган. Сынактын жобосунда “эгер жеңүүчү үч айдын ичинде алтын иргөөчү фабриканы жана калдык сактоочу жайды кура баштабаса айына 100 миң доллардан айыппул салынат” деп жазылган. Бул компания өз милдетин убактысында аткарган эмес, ошону үчүн жазана чегерилген. Бул жерде биздики мыйзамдуу. Компания курулуш иштерин баштадык деп эсептеп, башка объектилерди курганын мисал тартууда. Бирок келишимди жакшылап карашса “алтын иргөөчү фабриканы куруу башталганда гана курулуш иштери башталды деп саналат” деген пункт бар. Алар ошону эске албай жатышат.

Ошентип тараптар эки линия боюнча соттошууда. Биринчи иш боюнча Бишкек шаардык сотунда Жер казынасын иштетүү комитети утуп чыкса, компания Жогорку сотко даттанган. Экинчи иш боюнча Бишкектин район аралык сотунда процесс эми болот.

Которулган айыппулдун 500 миңи Башкы прокуратуранын, калган 100 миңи Жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин атайын эсептеринде турат. Башкача айтканда бул суммалар нейтралдуу каражат болуп саналат. Сотто комитет жеңип чыкса акча аларда калат, компания утса кайтарып алат.

"Мурдагы изди басканы жатышат..."

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев айыппулдар жөнүндө ойлору менен бөлүштү:

- Биз май айында Жерүйдө депутаттардын көчмө жыйынын өткөрүп, жол салынган, отканалар курулган, башка жайлары да түшүптүр. Көмөк чордондор курулуптур, башкысы чыгашалар болгон. Алтын тазалоочу фабриканы эмнеге куруп баштай элексиңер десек, эми баштайбыз деп коюшкан. Бирок эгер кечеңдетип жатса анда алар айып төлөп бериши керек. Мен бул чараны туура деп эсептейм. Анткени башка инфраструктураны куруп жатабыз дешкени менен, балким алдап жатышкандыр. Бул жерде алар “куруп жатабыз” деген менен балким колдон колго сатып жибериштиби деген күмөндөр бар да. Кантсе да тараптардын талашын сот чечсин, ал эми завод ишке кирсе болду.

Жерүй: алтын азабы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Маалым болгондой, Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун 2015-жылы май айында орусиялык ишкер Муса Бажаевдин "Орус платинасы" корпорациясынын курамына кирген "Восток геолдобыча" компаниясы утуп алган. Кийин ал кенди иштетүү үчүн Кыргызстанда "Альянс Алтын" ишканасын түзгөн.

Бирок техникалык долбоорлор эки жылдан кийин гана бекитилип, 2017-жылдын ноябрь айында гана курулуштар башталган. Ошол себептүү аталган ишкананын өкүлдөрү фабриканы салуу кечеңдеп жатканын айтып, мамлекетти түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып келет. Алар иш жүрүп жаткан маалда компанияларга айып санкциясын киргизүүнү инвесторлорго басым катары баалашууда.

Бул ортодо адистер ушундай келишпестиктерден жана соттошуулардан улам Жерүй кенин иштетүү дагы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн деп эскертишүүдө. Кыргызстандагы кен пайдалануучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Алмазбек Жакыпов аталган компания менен да келишим бузулуу коркунуч бар деп эсептейт:

- Жерүй кени негизи сатылганда туура эмес сатылган. Ал жерде жаткан алтын кеминде 1 млрд. 800 млн. доллар турат. Анан ошончо сумма жаткан жерди бир нече миллион долларга сатып жибергени кантип жакшы болсун? Элдин кызыкчылыгы кана? Ошон үчүн эл башында эле кенди иштетүүгө каршы чыгып келген. Азыр ага карабай, кенди иштетүү орто жолдо калды. Карагыла, 2018-жылдын аякташына үч жарым ай калды, андан ары мартка чейин дагы эки ай бар дейли. 5-6 айда, өзгөчө кыш мезгилинде бул компания алтын иргөөчү заводду кантип куруп бүтөт? Булар кайра эле мурдагы изди басканы жатышат. Демек Жерүй кени дагы башкаларга сатылып кетишине элдин көзү жетип калды. Эгер алар куруп бүтүп, анан иштей баштаганда кенди эл иштетпей койсо анда келишимди аткарбай койду деп алар өкмөткө доо коюшат.

25 жылдан бери ачылбай келе жаткан Жерүйдө 1992-жылдан бери ондон ашык инвестор алмашкан. Чет элдик компаниялардын кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен ишке ашпай келатат. Биринде инвестор банкрот болуп сызга отурса, биринде Кыргызстан миллиондогон доллар доого жыгылган.

Акыркы жолу “Востокгеолдобыча” компаниясына кен 100 млн. долларга соодаланган. Анын эсебинен өкмөт 170 млн. сомду Талас облусуна, 170 млн. сомду Талас районуна, 170 млн. сомун кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлгөн. Мындан тышкары “Бакубат Талас” фонду түзүлүп, ага алты жылга 100 миллион сом берилген. Анын 70 млн. сому орто жана чакан бизнести өнүктүрүш үчүн сегиз пайыз үстөгү менен берилип жатса, ал эми 30 млн. сом кайтарымсыз шартта социалдык долбоорлор үчүн бөлүнүүдө.

Жерүй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

Колдон колго өткөн Жерүй
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG