Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Көчмөндөр оюндары: көрүнбөгөн демөөрчүлөр


Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл
Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл

Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жумшала турган жалпы бюджет аныктала элек.

Мамлекеттик казынадан бул үчүн 307 миллион сом бөлүнгөн. Бирок азыркы учурда демөөрчүлөрдөн жыйналып жаткан каражаттын өлчөмү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Маданият министрлигинде, өкмөткө караштуу Спорт жана дене тарбия агенттигинде жана Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыкта да бирдиктүү маалымат жок экени анык болду.

Коомчулук өкүлдөрү "ыктыярдуу мажбурлоо" жолу менен Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө ишкер чөйрөдөн жана мамлекеттик мекеме-уюмдардан каражат чогултулуп жатканын айтып чыгышты. Бирок Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылык муну четке кагып, демөөрчүлүк жардам ыктыярдуу негизде гана жүргүзүлүп жатканын жарыялады.

Маданий иш-чаралардын баасы

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган маданий-массалык иш-чараларга жана этнофестивалга катышуу үчүн 28 өлкөдөн 440тан ашуун өкүлдөр келиши күтүлүүдө.

Маданият министри Султан Жумагулов бул ирет чет элдик өкүлдөр этно-бий, этно-хит жана этно-кийим боюнча эл аралык сынактарга катыша турганын билдирди.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышына театралдаштырылган иш-чаралар даярдалганы белгилүү болду. Мамлекеттик сатып алуу порталында роликтерди даярдоого 3,5 миллион сом, театралдаштырылган оюндар үчүн декорацияга 8,5 миллион сом жана режиссерлор менен актерлор үчүн тиешелүү өнөр акы каралган. Мындан тышкары, сынактардын жеңүүчүлөрү менен катышуучуларына сыйлыктар бекитилген. Көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтовдун өзүнө эле 700 миң сомдон ашуун өнөр акы төлөнөөрү көрсөтүлгөн.

Маданият министри Султан Жумагулов эл аралык деңгээлдеги маданий-массалык иш-чараларды даярдаш үчүн чоң каражат талап кылынарын айтты:

Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

- Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен каралган каражаттын өлчөмү 307 миллион сомду түзөт. Демөөрчүлөрдүн жардамынын өлчөмү кандай экенин билбейт экенмин. Ал азыркы учурга чейин келип түшүп жатса керек. Аземдин ачылыш-жабылышына 125 миллион сом каралган. Кырчын жайлоосун жасалгалоого 50 миллион сом кетет. Бекитилген бюджеттен чыкпай, иш алып барып жатабыз. "Режиссерлор менен актерлорго укмуштай чоң акча бөлүнөт экен" деген сөз тарап жатыптыр. Эл аралык стандарттан алып караганда анын баары болбогон эле бир тыйын болуп калат. Негизи иш-чарага кеткен жалпы чыгымдын 10 пайызы башкы режиссерго төлөнүшү керек. Бирок биздин режиссер ага барган жок. Бул киши иш-чаранын ачылышы жана жабылышы боюнча бир катар оюндарды коюп, өз командасы менен иштеп жатат.

Спорттук мелдештер

Ошол эле кезде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирген отуздан ашуун спорт түрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн алтымышка жакын өлкөдөн өкүлдөр келе турганы көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Чолпон-Атадагы ат майданы даярдалып, Кырчын жайлоосунда конокторду тосуш үчүн VIP- шаарча курулуп жатканы кабарланууда. Мындан сырткары, Кырчын жайлоосунда чыгыш стилинде жасалган этно-базар уюштурула тургандыгы айтылды.

"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов мамлекеттик казынадан сырткары "ыктыярдуу мажбурлоо" менен чогултулган демөөрчүлөрдүн каражатынын саны ачык айтылбай жатканын белгиледи:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Тилекке каршы, ошондой практика бар. Чынын айтканда ишкерлерден акча доолап жатышат. Андыктан көптөгөн ишканаларга карата мамлекет тарабынан жогорудагы маселе боюнча салык жүктөлгөн. Бийликтин мажбурлоо жолу менен "ыктыярдуу түрдө" деген негизде акча чогултуп жатканы туура эмес. Азыркы учурда мындай практикадан арылыш керек. Бул жерде жалаң эле жеке менчик иш алып барган ишкерлер эмес, мамлекеттик мекеме-уюмдардын да, кызматкерлердин да айлыктарына чейин кирип кеткен учурлар бар экени бизге белгилүү болду.

Чынында эле бюджеттен бөлүнгөн каражаттан сырткары Көчмөндөр оюндарын уюштурууга жумшалуучу, демөөрчүлүктөн түшкөн каражат тууралуу Маданият министрлигинин, Спорт жана дене-тарбия агенттигинин жана бул боюнча тиешелүү катчылыктын да маалыматы жок болуп чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова айрым чыгымдардын өлчөмү тууралуу маалымат берип, демөөрчүлүктөн түшкөн каражаттын өлчөмү боюнча кийинчерээк маалымат таратууга убада берди:

- Көчмөндөр оюндарындагы башкы демөөрчүлөр - "Мегаком" уюк түйүнү менен "Кумтөр" компаниясы. Алардан сырткары башка дагы ишканалар, мекеме-уюмдар демөөрчүлүк кылышты. Бирок демөөрчүлүктөн түшкөн каражаттын жалпы суммасын азырынча айта албайм. Антсе да бардыгы бүткөндө бул боюнча биз сиздерге толук маалымат беребиз.

Коомдук ишмер, мурдагы парламент депутаты Асия Сасыкбаева болсо Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюндарын быйыл дагы Кыргызстанда өткөрүүгө тиешелүү шарт жок болчу деп эсептейт:

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

- Спорт тармагына жанагы мелдештерди уюштурууга 128 миллион сом каралган. Кээ бир кембагал, колунда жогураак адамдар кур намыс үчүн банктардан насыя акча алып, эл чакырып, той өткөзүп, өзүнүн кыйын экенин жасалма болсо да билдиргиси келет. Биздин мамлекет деле ошондой абалда турат. Бюджетти олчойгон таңкыстык менен кабыл алып жатабыз.

Анткен менен бул жолу Көчмөндөр оюндары өткөрүлүп, андан соң анын кийинкисин өткөрүү башка өлкөгө бериле турганы белгилүү болду. Ошондой эле бул жолку көчмөндөр оюндарына Түркия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчылары конок катары катышары жарыяланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG