Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Көпчүлүккө таянган Көчмөндөр оюндары


2016-жылы Көчмөндөр оюнунун бөлүгү өткөн Кырчын жайлоосу. Ысык-Көл облусу.
2016-жылы Көчмөндөр оюнунун бөлүгү өткөн Кырчын жайлоосу. Ысык-Көл облусу.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 2018-жылдын бюджетинен 307,2 миллион сом каралган. Бирок уюштуруучу топ бул сумма аздык кылышы мүмкүн деп эсептеп, мамлекеттик органдарга, жеке ишкерлерге өз демилгеси менен кошумча кошсо болору тууралуу кат жиберген.

Интернет айдыңындагы айрым медиа булактары жана социалдык тармактардын колдонуучулары Кыргызстанда 2018-жылдын сентябрынын башына белгиленген III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каражат жетпей, "Манас" эл аралык аба майданындагы кызматкерлерге өз демилгеси менен акча чогултуу сунуш кылынганын жазып чыгышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов "аэропортто күч менен акча чогултулуп жатат" деген сөздөрдү төгүндөдү:

Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

- "Вечерний Бишкек" гезитинин веб-сайтында "Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каражат жетпей, "Манас" аба майданында акча чогултуу боюнча жыйын өттү" деп жазылыптыр. Бирок оюндарды уюштурган катчылык болгону демөөрчүлүк боюнча кызматташтыкты сунуш кылган гана жыйын өткөрүптүр. Мажбурлап бирөөлөрдөн акча чогултуу деген нерсе жок. Демөөрчүлүк пакетти таанытуу боюнча жыйын болгону чын. Анда тийиштүү фирмалар, компаниялар акысын төлөп, оюн учурунда өзүнүн кызматтарын жарнамаласа боло тургандыгы айтылган экен. Бажы кызматында иштегендерден акча жыйноо тууралуу сөз чындык эмес.

Мамлекеттик казынадан оюндарды уюштурууга бөлүнгөн 307,2 миллион сомдун 175 миллиону Маданият, маалымат жана туризм министрлигине берилсе, 132,2 миллиону Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигине бөлүндү.

Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү катчылыгынын чыгымдары үчүн 3,6 миллион сом каралганы жыл башында эле белгилүү болгон. Катчылыктын төрагасы Нурсултан Аденов кошумча чыгымдар үчүн өнөктөштүк, демөөрчүлүк багытында сунуштар берилгенин айтты:

Нурсултан Аденов.
Нурсултан Аденов.

- Кошумча декорация, чет жактан ырчылар келип калабы, техникалык жабдууларды көбүрөк коюп калабызбы деп, демөөрчүлөргө кызматташтык келишимдерин сунуш кылабыз. "Демөөрчү болсоңор оюндар учурунда жарнамалык мүмкүнчүлүк беребиз" деп айтып эле келатабыз. 2017-жылдын декабрынан бери эле бул сунушту таркатуудабыз. Башкы, расмий демөөрчү жана расмий өнөктөштүк деген үч топ менен иш алып баруудабыз.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурган катчылыктын төрагасынын орун басары Айжан Абдесова кошумча чыгымдардын алдын алыш үчүн мамлекеттик бардык органдарга эч кандай мажбурлоосуз, өз ыктыяры менен акча чогултуу жөнүндө сунуштар таратылганын да кошумчалады:

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

- Министрликтерге бизден расмий кат жиберилген. Анда "бул иш-чараны уюштуруп, өткөрүүгө кимде-ким өз эрки менен материалдык жардам көрсөткүсү келсе, биз жардам кабыл алууга даярбыз" деп жазганбыз. Даярдык учурунда "Бул сыяктуу расмий кат зарылбы? деген суроо пайда болуп, "каалоочулар үчүн мындай документ керек" деген чечим чыгарганбыз.

Дүйнөлүк масштабдагы спорттук оюндарды уюштурууда коммерциялык өнөктөш, башкы демөөрчү деген эки топ болот. Маселен, жакында эле Орусияда аяктаган футбол боюнча чемпионатта ФИФАнын "Адидас", "Газпром", "Катар аба жолдору" баштаган жети коммерциялык өнөктөшү, алты расмий демөөрчүсү болду.

Ушундан улам "Биз - эксперт" тобунун жетекчиси Улукбек Кыдырбаев бизнес-чөйрөдөн демөөрчү издөө кадыресе көрүнүш болгону менен, мамлекеттик органдарды каражат топтоого мажбурлоо туура эмес деген пикирде:

Улукбек Кыдырбаев.
Улукбек Кыдырбаев.

- Мамлекеттик мекемелер элдин салыгынын эсебинен иштейт да. Аларга иш-чараны уюштуруп жаткан ошол эле мамлекеттик орган басым кылып, мажбурлап акча чогултушу албетте, туура эмес. Бирок жеке компаниялар үчүн оюндар жарнамалык мыкты мүмкүнчүлүк болуп бере алат да. Себеби Көчмөндөр оюндарын дүйнөнүн 180ге жакын мамлекети көрөт экен. Бул жеке ишкер чөйрө үчүн өзүн таанытуунун мыкты мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Оюндарды уюштурууну аркалаган катчылык демөөрчүлөр жана ыктыярчылар канча акча топтогону тууралуу маалымат берген жок. "Мунун баары 10-августтан кийин белгилүү болот" дешти.

2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн чыгымы үч миллиард сом болгон. Каражаттын көбү Чолпон-Атадагы ипподромду куруп, Бишкек-Корумду жолун оңдоого кеткени айтылган. Бирок кийин жолдун да, ипподромдун да курулушундагы кемчиликтерден улам кылмыш иштери ачылган.

Эки жыл мурдагы оюндарга Кыргызстан менен чет элдик демөөрчүлөрдөн үч миллион доллар өлчөмүндө акча түшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG