Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:35

Көчмөндөр оюндарынын көркү жана көйгөйү


Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары. 9-сентябрь, 2016-жыл.
Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары. 9-сентябрь, 2016-жыл.

Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү көчмөндөр оюнунун өткөрүүгө каражаттын тартыштыгы көп суроо жаратууда.

Чөнтөгү жука Кыргызстанда мындай эл аралык ири иш-чараны быйыл уюштуруунун кандай зарылдыгы бар эле? Күздө күтүлүп жаткан оюндардын мурдагылардан айырмасы эмнеде? Дегеле бул оюндардан Кыргызстанга кандай саясий-экономикалык, маданий-идеологиялык утуш болот? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Бүткүл дүйнөлүк үчүнчү "Көчмөндөр оюндарын" уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов жана жазуучу-публицист Чолпонбек Абыкеев катышты.

“Азаттык”: Нурсултан мырза, кечээ Интернетте мамлекеттик органдардын бири өзүнө караштуу тармак жетекчилеринен Үчүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каржылык жардам көрсөтүүнү өтүнгөн кат жарыяланды.

Бул кат социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат. "Бюджеттен ченелүү акча алган мамлекеттик ишканалар кантип жардам берет?" деген суроо туулду. Мындай кат жалгыз эмес болсо керек. Деги бул жагдайды кандай түшүндүрсөк болот? Акча тартыш болуп жатса долбоор максатына жетеби?

Нурсултан Аденов.
Нурсултан Аденов.

Нурсултан Аденов: Биринчи оюндардан баштап эле биз бул иш-чараны "эл аралык" деп жарыялап келатабыз. "Бул долбоорго канчалаган коноктор келет" деп жатабыз.

Көчмөндөр оюндары - маданият менен спортту айкалыштырган өзгөчө долбоор. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери бизди дүйнө жүзүнө тааныткан масштабдуу долбоорубуз ушул. Улуттук оюндарыбызды ушундай эл аралык деңгээлге көтөрүп чыккан учур тарыхта болгон эмес. Демейде эл аралык тажрыйбаны карасак, ушундай долбоорлордун алкагында жарнамалык, маалыматтык аянтчалар түзүлөт. Мамлекет да бул долбоордун ачык же жабык экенин билдирет.

Биринчиси - мамлекет өз демилгеси, өз күчү менен өткөрөт. Экинчиси - мамлекет дүйнө жүзүнө ачык жарыялайт, анын ичинде ишкерлерге да “бизде ушундай долбоор бар, анда жарнама жайгаштырсаңар болот” деп кабар берет. Анда да айтылат, “бул долбоор мамлекеттин атын чыгарууга, анын туристтик мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталган” деп. Кыскасы, мамлекет бардык кызыкчылыгы бар тараптарды кызматташууга чакырат.

Бул оюндарга Кыргызстандын Маданият министрлиги жана Спорт агенттиги түздөн-түз катышат. Мындан сырткары, ар бир мамлекеттик органдардан оюндарды өткөрүү боюнча уюштуруучу топко мүчө болушат. Анда долбоордун аксап жаткан жагы, жакшы жагы талкууланып турат.

Мындан сырткары, ошол мамлекеттик органдар биздин катчылыкка "өнөктөштөрдү табуу максатында ар кандай аянтчаларды түзүп бергиле" деп кайрылышат, биринчи кезекте ишкерлик чөйрөсү менен иштешүүгө умтулушат. Ал жерде биз ар кандай презентацияларды өткөрөбүз, алардын кызыкчылыгын арттырууга аракет кылабыз. Биздин катчылык баарына эле жетише албагандыктан мамлекеттик органдарга “бизге ишкерлер менен аянтча түзүп бергиле” деп кайрылганбыз. Кеп мамлекеттик органдар менен иштеп жаткан жеке менчик бизнес-өнөктөштөр жөнүндө болуп жатат.

Эгер биздин презентациялардан кийин ишкер компания Көчмөндөр оюндарынан алкагында биздин катчылык менен иштешүүгө ниетин билдирсе, биз алар менен келишим түзүп, иштей баштайбыз. Долбоордо ишкер берген акча каражаты кайда, кандай максатта жумшалары жазылат. Керек болсо оюн бүткөндөн кийин катчылык ошол демөөрчүгө “сиз берген акчаны биз мындай сарптадык” деп отчет беребиз.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, эки жыл сайын дүйнөлүк деңгээлдеги ири масштабдуу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү Кыргызстан үчүн канчалык оңой же оор деп ойлойсуз?​

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Чолпонбек Абыкеев: Менимче, Көчмөндөр оюндарын жалаң кыргыздар ээлеп алганы туура эмес. Көчмөн эл дегенде Алтайдан баштап, Монголиядан уланып, бүткүл Орто Азия, Европанын жарымы, араб өлкөлөрүнө чейин көчмөн болуп эсептелет. Мына ушундай зор аймакта агылып келген улуу маданяттын, спорттун өзөгүн кыргыздардан алып чыгып, дүйнөгө жар салып жатканыбызга сыймыктансак болот. Албетте, улам кийинки оюндар жакшы уюштурулуп, катышуучулар да көбөйүп келет. Бирок ушунун баарын эле кыргыздар ээлеп албастан, экинчи оюндар өткөндөн кийин көчмөн маданиятты алып жүргөн мамлекеттердин бирине үчүнчүсүн өткөрүп, эстафета катары берилсе болмок. Ошондо чындап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына айлана баштамак. Тилекке каршы, үчүнчүсү да бизде калып калды. Кыргызда: “Арык уйга жоон мүйүздүн эмне кереги бар?” деген накыл кеп бар. Биринчи, экинчи оюндарга эмне деген гана чоң суммадагы каражаттар кеткенин билебиз.

Жогорку Кеңешке чейин катуу сөз болуп, "оюндарга кеткен чыгымдарга канча мектеп, канча оорукана, канча жолдор, ж.б. социалдык объектилерди курсак болмок" деген маселелер айтылган. "Дегеле экономикасы чабал мамлекетке ушундай чоң долбоордун кереги бар беле?" деген суроо туулат. Эми үчүнчүсүндө деле каржы таба албай, ар кимге кат жазып акча сурап жүрөбүз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Көчмөндөр оюндарынын көркү жана көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:35 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG