Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:35

Ипподромду жаңылаган ишкер алты жылга кесилди


Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу. 18-август, 2014-жыл (архивдик сүрөт).

Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы ат майданын курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен алты жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Анын үй-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлмөй болду.

Төрт жыл мурда Мергенбаевге ат майданына "отургучтарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып келген, салыкты жашырган" деген кине коюлган.

Ага чейин ал курулушка жетпей калган сумманы өз чөнтөгүнөн чыгарганы үчүн өкмөт ага 14 миллион сом карыз экенин, иш бүткөндөн кийин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Сапар Исаков акчаны толук бербей алдап кеткенин айтып чыккан.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча "Темир канат" ишканасынын жетекчиси, “Акыйкат” кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаевге шаардык соттун чечими былтыр ноябрда чыккан.

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби

Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.

- "Темир канат" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна карата Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 1-июлундагы чечимин Бишкек шаардык соту 14-ноябрда жокко чыгарган. Ага ылайык, Эркинбек Мергенбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи пункту ("Аткезчилик"), 210-беренесинин 1-3-бөлүгү ("Салыктан качуу") боюнча алты жылга эркинен ажыратылды. Үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй тургандыгы белгиленген.

Эркинбек Мергенбаевге таандык "Темир канат" ишканасына 2014-жылы сентябрь айында биринчи "Көчмөндөр оюндарын" өткөрүш үчүн эки ай ичинде ат майданды жаңылоо, курулуш иштерин жүргүзүү милдети сынаксыз эле тапшырылган. Курулушка мамлекеттик казынадан адегенде 52 миллион сом, кийин 20 миллион сом кошумча бөлүнгөнү айтылган.

Кийинчерээк "текшерүүдө курулуш иштери 11 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн" деп кылмыш иши козголуп, бирок ал токтотулган.

Көп өтпөй Мергенбаевге ат майдандагы отургучтарды "Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келген" деген айып тагылган. Ишти алгач Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны ден соолугуна байланыштуу абактан чыгарган. Эми шаардык сот бул чечимди жокко чыгарды.

Ишкер буга чейин курулуштун чыгымы 87 миллионду чапчып, жетпей калган сумманы өз чөнтөгүнөн чыгарганын, өкмөт ага 14 миллион сом карыз болуп калганын айтып чыккан эле.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Ал ошол кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарган азыркы премьер-министр Сапар Исаковду “акчаны иш бүткөндөн кийин толук беребиз деген, бирок алдап кетти" деп айыптаган. Мергенбаевдин санаалаштары анын алты жылга абакка кесилишин ушул билдирүү менен байланыштырып жатышат.

"Акыйкат" кыймылында Мергенбаевдин орун басары болуп иштеген, ушу тапта "Жемкорлукка каршы адилеттүү көмөк" коомдук фондун жетектеп жаткан Гүлүмкан Самтырова мындай деди:

- Ички иштер министрлигинин бешинчи башкармалыгынын кызматкери "курулуш иштери 61 миллион сомго гана жасалды" деген токтом жазган. Бирок Эсеп палатасынын, Башкы архитектуранын кызматкерлери биз менен кошо барып, жасалган иштерди көрүп, "80 миллион сомдон ашуун каражатка иш аткарылды" деген баа беришкен. Өкмөт өзү 72 миллион сом гана бөлүп берип аткандан кийин, кайра Мергенбаевге карыз болбойбу? Ошону бербестин айласын кылып акыры ушул иштер болуп отурат. Булар - биз катышып, күбө болуп жүрүп көргөн нерселер.

"Азаттыктын" архиви: Куураган куруучулар. 2-октябрь, 2014-жыл

​Ал эми Исаков өзүнө коюлган дооматтарды "негизсиз" деп билдирген жана Көчмөндөр оюндарына байланышкан билдирүүлөрдү териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Сапар Исаков Көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетине расмий кирген эмес, бирок ага байланышкан маселерди чечип турганы маалым.

Абакта отурганда Эркин Мергенбаев Сапар Исаковдон кечирим сураганы да айтылган. Ал Бишкек шаардык сотунун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылабы-жокпу, азырынча белгисиз. Анын адвокаттары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Ал эми жакындары соттун чечими тууралуу комментарий берүүнү каалашкан жок.

Аткезчилик деген абдан кыйын нерсе. Товар бажыдан өтүп, кампага келгенден кийин сот эмнеге мындай чечим чыгарганы мага да түшүнүксүз. Туура эмес чечим деп ойлойм.
Алмаз Касенов

Ат майдандын курулушуна башынан аягына чейин жоопкер болгон Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси, Олимпиадалык оюндар дирекциясынын азыркы башчысы Алмаз Касенов соттун чечими өзүнө түшүнүксүз экенин жашырбады:

- Отургучтарды чек ара аркылуу күнүмдүк керектелүүчү товарлар катары киргизиптир. Келип кампага түшкөн, андан ары ипподромго алып барган. Аны эмерек категориясына которсо, "андай товар өткөн эмес, аткезчилик" деп жатат да. Аткезчилик деген абдан кыйын нерсе. Товар бажыдан өтүп, кампага келгенден кийин сот эмнеге мындай чечим чыгарганы мага да түшүнүксүз. Туура эмес чечим деп ойлойм. Райондук сот актаган болчу. Курулушту шашылыш бүтүрүш керек болду. Ошондуктан Көчмөндөр оюндары үзгүлтүккө учурабасын деп эки-үч күн курулуштагы иштерин таштап, Кытайга барып отургучтарды алып келди. Ал өзүнүн жеке иши үчүн же менчик стадионго алып келип койгон жок.

ИИМдин маалыматына караганда Эркин Мергенбаев 2014-жылы Кыргызстанга ири суммага желим отургучтарды бажы көзөмөлүсүз жана салык төлөбөй алып кирген. Андан мамлекет 1 миллион 500 миң сомдон ашык зыян тартканы айтылат.

2014-жылы сентябрда болгон Чолпон-Атадагы алгачкы Көчмөндөр оюндарын утурлай ат майданын куруу иштери июль айында шашылыш башталган. "Убакыт аз" деген негиз менен оңдоп-түзөө иштери долбоорлоо документтерин даярдабай туруп жүргүзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG