Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Мергенбаев эки айга камалды


Чолпон-Атадагы ат майданын курган “Темир-Канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу Мергенбаев жетектеген “Акыйкат” кыймылынын мүчөсү Данияр Мукамбетов “Азаттыкка” билдирди.

Мергенбаевге ат майданын куруу үчүн отургучтарды Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келген, салыкты жашырган деген айып коюлууда.

Былтыр Бүткүл дүйнөлүк "Көчмөндөр оюнун" өткөрүү үчүн Чолпон-Атадагы ат майданын эки ай ичинде шашылыш кайра курган “Темир-Канат” компаниясынын башчысына өткөн аптада кылмыш иши козголуп, 22-сентябрда камакка алынган.

Оюнду өткөрүүгө 138 миллион сом жумшалган. Ат майданын оңдоого 72 миллион сомдон ашык каражат кеткен. (UEz)

XS
SM
MD
LG