Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Ишкерлерге үмүт арткан Көчмөндөр оюндары


Көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 3-сентябрь, 2016-жыл.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 3-сентябрь, 2016-жыл.

Интернетте Экономика министрлигинин Көчмөндөр оюндарына көмөктөшүүгө ишкерлер чөйрөсүн чакырган каты тарап, кызуу талкууларга жем таштады.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында муну "тилемчилик" деп мүнөздөгөндөр чыкты. Экономика министрлиги болсо каалоочуларды гана кызматташууга чакырганын билдирип жатат.

Экономика министрлигинин басма сөз катчысы Махабат Маматова үчүнчү Көчмөндөр оюндарына үч ай калганда берилген кат ишкерлерди мажбурлоо эмес, өтүнүч иретинде жазылганын билдирди. Катка министрдин орун басары кол койгон:

- Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жыйын өткөргөндө биздин министрдин орун басары Автандил Алыбаев катышкан. Ошол жерде кабыл алынган. Эч ким мажбурланбайт. Болгону каалоочуларды кызматташууга чакырган.

Экономика министрлигинин каты. Интернетте тараган сүрөт.
Экономика министрлигинин каты. Интернетте тараган сүрөт.

​Вице-премьер Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдындагы өкмөт жыйыны 29-майда өтүп, Көчмөндөр оюндарына карата көрүлүп жаткан камылга талкууга алынган. Анда Экономика министрлигине оюндарды өткөрүүгө ишкерлерди тартуу тапшырылганы белгилүү болду.

Социалдык тармактарды колдонуучулардын арасында министрликтин каты "кайырчылык, ишкерлерден акча талап кылуу" катары сыпатталып жатат. Парламент депутаты Жанар Акаев мындай пикирлерге кошулат:

- Булардын ишкерлерден жардам сураганы - "бизге бересиң" деген эле сөз. Эми "Мегаком" сыяктуу мамлекеттик жана мамлекеттик эмес компанияларды чакырып, кадимкидей эле акча сурашат. Муну ишкердикке тоскоолдук деп түшүнсөк болот. "Ишкерлер көңүлүнөн чыгарып, өз каалоосу менен берди" деши мүмкүн. Бирок бизнес эч качан өз каалоосу менен акча бербейт. Бизде инвестициялык климат да начарлап кетти. Кытайлык көп инвесторлор Өзбекстанга качып атат. Булардын ар бир айыл өкмөттөрдөн, райондук ооруканалардан тартып билим берүү мекемелерине чейин "мындай боз үй тигесиңер, боорсок жасап, кой союп, дасторкон даярдайсыңар" дегени жөн эле түйшүк. Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан убакта райондук, облустук мекеме-ишканаларга арыз-муң менен барган адамдар жетекчилерди, кызматкерлерди ордунан таппайт. Райондук, облустук оорукананын дарыгерлеринен бери жөнөтүшөт.

Биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары да ишкерлердин кол кабышы менен уюштурулганы маалым.

Экинчи оюндарды утурлай президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков демөөрчүлөрдөн эки миллион долларга чукул акча топтолгонун айткан. Бирок жумшалган чыгымдар тууралуу ийне-жибине чейин ачык маалымат берилген эмес.

"Жардам бербесек болбойт..."

"Иш-чарага ашыкча чыгым кетти" деген сындар бийликтин дарегине бир нече жолу айтылып, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Кыргызстандагы "Аю" компаниясы эки жыл мурдагы иш-чараны өткөрүүгө 6 миллион сомдой акча берген экен. Компаниянын аткаруучу директору Балбак Түлөбаев быйыл да өкмөттөн кайрылуу келгенин бышыктап, бирок каражат өз каалоо менен бериле турганын айтууда:

- Былтыр жардам сурашкан. Быйыл да мажбурлабай эле: "Жардам бере аласыңарбы?" деп кайрылышты. Биз макул болуп, жардам берели деп чечтик. Бергибиз келбесе бербей коё алабыз. Эч ким мажбурлай албайт. Негизи биз социалдык долбоорлорду көп колдойбуз. Көчмөндөр оюндарына өзүбүздүн ниетибиз менен эле 50 миң доллардай беребиз. Былтыр 6 миллион сомдун тегерегинде каражат бергенбиз. Быйыл 50 миң доллардан тышкары суу-пуу сураса, өндүрүм менен да көмөктөшөбүз го деп турабыз. Өкмөттүн абалын көрүп атпайбызбы. Көчмөндөр оюндары да улуттук чоң долбоор, ага жардам бербесек болбойт.

Туризм менен алектенген "Кыргыз концепт" компаниясы болсо өкмөттүн Көчмөндөр оюндары үчүн ишкерлерден акча алганын сындап, каражат берүүдөн баш тарткан. Компаниянын президенти Эмил Үмөталиев ​Кыргызстан чоң деңгээлдеги мындай иштерди уюштурууда чабал экенин, ага кеткен чыгым менен түшкөн пайданын так эсеби жоктугун белгиледи:

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

- Ишкерлерден акча сураганды такыр колдобойм. Алына жараша болуш керек да. Биз элди той ысырапкорчулугу тууралуу көп сындайбыз. Ага балким мамлекет үлгү болуп жаткандыр? Элдин каражаты үчүн жоопкерчилик чоң болуш керек эле. Улуу Британияны мисалга алсак, алар улуттук майрам өткөрүүгө абдан көп акча жумшады. Бирок "ал акчанын орду кайра толукталат, элге киреше болуп кайтып келет" деген кылдат эсептөөлөрдөн кийин өткөрүп атышат. Лондондогу улуттук майрамды жергиликтүү жана анын тегерегиндеги аймактарда жайгашкан ишканалар "жумшалган чыгашаны киреше жапты" деген түшүнүк менен өткөрүштү. Бул чоң майрам жергиликтүү ишканаларга пайда алып келди. Бир четинен майрам, жаңы баалуулуктар пайда болду, маданият да даңазаланды. Аны менен бирге бийликтеги расмий адамдардын элге жакын стандарттары да ырасталды. Эч кандай ысырапкорчулук болгон жок. Көп иш жасашты. Майрамда сатылган, сатып алынган өндүрүмдөрдүн, тейлөөнүн артынан Улуу Британия эли, ишкерлери пайда табышты. Бизде болсо оюндардын киреше-чыгашасы ачык көрсөтүлгөн эмес, аныкталган да эмес.

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев Көчмөндөр оюндары маанилүү иш-чара экенин белгилеп, ишкерлер мажбурлоо жолу менен эмес, демөөрчү катары аны өткөрүүгө тартылганы "туура" деп эсептейт. Ошол эле маалда иш-чарада ишкерлерге чыгымдаган акчасын жабууга шарт түзүлсө деген ойдо:

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

- Бул мамлекеттин аброюн көтөрүүчү иш-чара. Кыргызстанга керектүү. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошот деп айтат элем. Башка мамлекеттерде, мисалы, футбол чемпионаты өтөт. Алардын ошого ылайыкташкан инфраструктурасы бар. Инфраструктура дегенде жалаң гана стадион, жол же башка жайлар эмес. Ишкерлерге коммерциялык, базар экономикасына тиешелүү шарттар түзүлгөн. Баары ошондон кайра пайда көрүшөт. Бизде да ошондой шарт түзүлсө жакшы болмок.

"Акча жокто той өткөрөбүз"

2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштерине жер-жерлерде мамлекеттик мекемелерде иштегендерден акча чогултулганы айтылган. Айыл өкмөттөргө боз үй, улуттук даам даярдоо тууралуу тапшырмалар берилгени, ар бир облуска 25тен боз үй бөлүнгөнү ачыкка чыккан.

Депутат Жанар Акаев быйыл да ушундай көрүнүш болоорун боолголоп, экономика алсырап, өлкө казынасы каржалып турган чакта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү акылга сыйбаган саясат катары мүнөздөдү:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Өкмөткө сунуш бергем. Керек болсо Олимпиада төрт жылда бир өтөт. Эки жыл сайын Көчмөндөр оюндарын өткөргүдөй бай эмеспиз. Мен улуттук оюндарыбызды дүйнөгө даңазалоого каршы эмесмин. Бирок майып балдардын ата-энелерине пенсия төлөп бере албай атабыз. Ушундай шартта Көчмөндөр оюндарын өткөрүш үчүн бюджеттен 300 миллион сомдон ашык акча каралды. Анткен менен киреше жок болуп атпайбы. Оюндан киреше болушу керек да. Бул нерсе насыя алып уул үйлөп, той өткөргөндөй эле кеп. Азыр каржы жок, бюджет тартыш. Оюн өткөрүп, тойлоп жүргөнгө мүмкүнчүлүк жок. Муну кескин кыскартыш керек болчу. Быйыл өткөрбөй эле, төрт жылдан кийинкиге белгилесе туура болмок.

Эки жыл мурдагы Көчмөндөр оюндарында да президенттин аппараты ишкер чөйрөнү бюджет тартыштыгына байланыштуу иш-чарага демөөрчүлүк кылууга чакырган. Аны Кыргызстандын банктар биримдиги колдоп, каржы институттарын иш-чаранын чыгымдарын көтөрүүгө үндөгөн. Бирок айрым банктар менен компания өкүлдөрү оюндардын чыгымын көтөрүү оор болуп каларын билдиришкен.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Кырчындагы оюндар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG