Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:50

Байыркы көчмөндөр аттын тишин дарылаган


Чабандес. Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл

Монголияда 3200 жыл мурда аттардын тишин дарылашкан. Объектти жарыкта көрсөтпөй жашырчу прибор. 105 жаштан кийин кишинин өлүү ыктымалдыгы токтойт. Дарыялар мурда айтылгандан дээрлик эки эсе чоң аянтты ээлегени аныкталды.

Монголияны жердеген байыркы малчылар 3200 жыл илгери эле жылкынын “курт жеген” тишин жулуп, дарылашкан.

Немис археологу Уильям Тейлордун (William Taylor) жана анын шериктеринин береги табылгасы бүгүнкү Монголиянын аймагын байырлаган эзелки көчмөн малчыларды жылкы стоматологиясы боюнча эң байыркы адистерге айландырды.

Алардын оорулуу тишти жарым-жартылай алып салуусу - кулундар менен тайлардын алдыңкы жаак тиштерин жулуу боюнча усулдун жаралышына өбөлгө түзгөн.

Болжол менен 2800 жыл мурдагы мындай стоматологиялык тажрыйба Монголияда металл бурама мыктардын жана таканын пайда болуусу менен коштолгон. Бул чабандестердин минген унаасын башкарганды жеңилдетип, көчмөндөрдүн алыс сапарага чыгып, Азиядагы отурукташкан цивилизациялар менен согушуусуна шыкак берген.

“Ветеринардык стоматология Евразия мейкиндигинде атчан согушуунун маанисин арттыруу менен катар металл бурама мыктарды жылкынын саламаттыгына зыян келтирбей пайдалануусунда олуттуу роль ойногон”, -деди Макс Планк коомунун Йенадагы Адамзаттын тарыхын изилдөө институтунун археологу У. Тейлор (Max Planck Institute for the Science of Human History in Jena, Germany).

Байыркы аттын кесилген тиши. W.T.T. TAYLOR ET AL/PNAS 2018
Байыркы аттын кесилген тиши. W.T.T. TAYLOR ET AL/PNAS 2018

Тейлор жетектеген изилдөөчүлөр коло дооруна таандык он аттын алдыңкы жаактарындагы эки тишин кескенде жана кесүү аракети болгондан калган издердин микроскопиялык белгилерин аныкташкан.

Болжол менен 3200 -2900 жыл мурдагы эки тиш оркоюп катардан чыгып өскөндүктөн, чайнаганга тоскоол болушу ыктымал дешет илимпоздор.

2800-1650 жыл мурдагы делген жети монгол аттын биринчи азуусунун уячасы бош болгон, алты аттын бул тиштеринин уячаларында сөөк өскөн орду сакталган. Бул деген андагы тиштер жулунганын же жаныбар өлгөнгө чейин бөлөк себептерден улам жоголгонун билдирет.

Монгол малчылары ооруган кашка тиштерди жана биринчи кылкыйма тиштерди алып салганын аттардын скелеттеринин калдыктары тастыктаган. Ветеринардык стоматология боюнча бул археологиялык ачылыш, болжол менен биздин заманга чейинки 1150 жылдары көчмөн элдерде жылкы асыроонун жаңы усулдары аттарды мингенге жана согуш үчүн пайдаланууну мурдагыдан бир кыйла жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн күбөлөйт.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, http://www.pnas.org)

Объекти жарыкта көрсөтпөй турган сыйкырдуу прибор

Жарык багытталган затты кеңири алкакта көрүнбөс кылып койчу приборду Канаданын Улуттук илимий изилдөөлөр институтунун (National Institute of Scientific Research (INRS), Montréal) окумуштуулары ойлоп табышты.

Окумуштуулар жаңы прибордун иштөө өзгөчөлүгүн өзү аркылуу өңү жашыл жарыкты өткөргөн объекттин төмөнкү мисалында түшүндүрүштү. Детектор демейдеги жагдайда жашыл өңдү өзүнө сиңирип алса, береги прибор антпейт. Жашыл жарыктын түркүн спектри приборго тийгенде, ал жарыктын түсүн өзгөртөт дагы объектти кубулдуруп, көрүнбөс кылып салат.

- Биз затты кубултуу жаатында чоң секирик жасадык: Реалдуу мейкиндикте жарык берип, бүтүндөй объектти көрүнбөс кылганга жетиштик. Жарыктын толкуну объект аркылуу эч бузулбай, объект эч болбогон тейде өттү, - дейт долбоордун авторлорунун бири, профессор Хосе Азана (Jose Azana).

​Эксперимент маалында объектке бир гана тарабынан жарык берилген. Бирок теориялык жактан алганда, мындай технология жарыктын булагы сансыз көп болгон учурда да затты жашырып, көрсөтпөй салары айтылат.

Береги илимий ачылыш байыркы грек даанышманы Платон өзүнүн айтылуу “Мамлекет” деген эмгегинде жазган мифти чындыкка айлантат. Мифте Лидиянын өкүмдарынын малын баккан Гиг аттуу койчу жердин жаракасында жаткан жасаттын манжасындагы шакекти чыгарып алат.

Койчу шакектин көзүн алаканына айлантып кийип алганда, аны айланасындагылар көрбөй калышат. Жаңы прибор көрүнбөгөн радиолокациондук толкундарды жөнөтүүнү жана маалыматты интернет желесине кошулбай керектөөчүгө берүүнү (жеткирүүнү) мүмкүн кыларын айтышат илимпоздор.

(Булагы: https://www.osapublishing.org, https://www.sciencedaily.com)

Өтө улгайган кишилерде өлүү ыктымалдыгы токтойт

Сиз ал үчүн 105 жашка чейин чыдап күтүүңүз зарыл. 105 жаштан кийин тамакты мүнөздөп жебестен туруп же кымбат баа дарыларды колдонбой эле киши карылыкты токтото аларын жаңы изилдөөлөр көрсөттү.

Бул факт - адамзат али өмүрдүн узундугун чектеген чекке жете электигин күбөлөйт.

Анткени киши картайган сайын анын өлүү ыктымалдыгы төмөндөйт. Мисалы, 50 жаштагы кишинин келерки жылы жамбашын сындырып алуу ыктымалдыгы, ал 30 жашка толгон кездегиден үч эсе жогору болот. Киши 60 жана 70 жашка киргенден кийин өлүп калуу коркунучу ар сегиз жылда эки эсеге көбөйөт. Ал эми 100 жаштын кырына минген кишиде эмки туулган күнүн майрамдоо ыктымалдыгы орточо 60% түзөт.

Бул деген кишинин жашы кайсы бир куракка жеткен соң организмдеринин өлүү же ооруп калуу ыктымалдыгы чоңойбой токтоп каларын жышааналайт.

Береги бүтүмдү Римдин Сапиенц университетинин демографы, профессор Елизабетта Барби (Elisabetta Barbi, Roma La Sapienza University) жана анын коллегалары 2009-2015-жылдар арасында жашы 105 жылдан өткөн 3886 кишинин саламаттыгына байланыштуу маалыматтарга таянып жасашты.

Италиянын муниципалдык бийликтери өз жарандары тууралуу маалыматтарды абдан так жана кылдат каттайт. Ошого окумуштуулар менен Италиянын Улуттук статистикалык институту 105 жана андан өйдө курактагы кишилер тирүү экенин гана тастыкташкан.

- Эреже боюнча, кишинин жашы чоңойгон жана ден соолугун абалы начарлаган сайын өлүп калуу шансы өсөт. Бул жолой киши 105 жашка жеткен соң токтойт: биз байкоого алган картайган италиялыктар 105 жашында деле, 110 жашында деле кайтыш болуп жатты. “Өлүм платосу” (анг. mortality plateau) жөнүндөгү бул идея мурда катуу сындалган, биз болсо алдагы идея туура экенин далилдедик”, - деп билдирди Берклидеги Калифорния университетинин демографы жана статисти Кеннет Уохтер (Kenneth Wachter, University of California, Berkeley).

Бирок “өлүм платосу” болушу мүмкүн экенин накта жумуру курттар классына кирген нематоддорду (орусча аталышы нематоды, латынча -Nematoda) жана мөмөчүл чымындар-дрозофилдерди (латын. Drosophila) лабораториялык шартта изилдөөлөр көрсөткөн. Ошентсе дагы эң кары кишилер тууралуу так маалыматтар жетерлик жок болгондон улам “киши кайсы бир куракка жеткен соң, анын организмдеринин өлүү ыктымалдыгы токтоп калабы?” деген суроо ачык болчу.

Италиялык окумуштуулардын жогоруда аталган изилдөөсү “өлүм платосу” жөнүндөгү талашка чекит коёт деп ишенет Кеннет Уохтер. Изилдөөнү нидерландиялык демограф Йооп де Беер (Joop de Beer, Netherlands Interdisciplinary Demographic Institute in The Hague) “так маалыматтарга негизделген үлгүлүү эмгек” деп баалады. Бирок Чикаго университетинин биодемографы Леонид Гаврилов (University of Chicago in Illinois, USA) илимий эмгекте суроо туудурган жагдайлар бар деп эсептейт.

"Себеби, жашы расмий документтер менен тастыкталбаган кишилер маалымат базасына кирбей, алардын ден соолугунун абалы тууралуу маалыматтар изилдөөгө кошулбай калган. Ошон үчүн бул макала “өлүм платосунун” айланасындагы дебаттарды ого бетер курчутат", - дейт америкалык илимпоз.

(Булагы: http://www.sciencemag.org, https://gigazine.net)

Дарыялар мурда айтылгандан дээрлик эки эсе чоң экен

Дарыялар менен агын суулар окумуштуулар мурда эсептегенден 44% көп аянтты ээлейт. Бул суулардын жалпы аянты АКШнын Техас штатынан да чоң. Эсептөөнү Түндүк Каролина университетинин доценти Тамлин Павлецки (Tamlin Pavelsky) жана Глобалдык гидрология лабораториясынын докторанты Жорж Аллен (George Allen, Global Hydrology Lab) АКШнын космостук агенттиги - НАСАнын жандоочуларынан (спутниктерден) тартылган сүрөттөрдү жана жердеги өлчөөлөрдү статистикалык моделдер менен айкалыштырып жүргүзүшкөн. Ал үчүн болжол менен 60 миллион дарыя менен суулардын чен-өлчөмү пайдаланылган.

Натыйжада дарыялар менен агын суулардын аянты 773 000 чарчы километрге жакын же Жердин бетинин жарымынан бир аз чоң экени аныкталган. Бул мурда кабыл алынгандан дээрлик 44% көп.

Мындай маалыматтар Жердин климатын түшүнүү жана ал кандай өзгөргөнүн билүү үчүн маанилүү. Дарыялар менен агын суулардын бетинин аянты чоң болсо, суу менен аба ортосундагы байланыш да чоң болот. Демек, алар мурда эсептелгенден чоң көлөмдөгү көмүртектин кош кычкылы менен алмашат. Бул процесс айрыкча, дарыялар таштандылар менен булганганда күчөйт. Ал эми дарыяларга ташталган жер семирткичтер ар кандай экологиялык мүшкүлдөрдү жаратат.

Америкалык аалымдардын бул изилдөөсү эл көп жашаган аймактар үчүн дарыялардын эни куушурулуп, суусунун тартыла баштаганы туруктуу мүнөзгө айланганын дагы бир мертебе айкындады жана коомчулуктун эсине салды. Себеби, бул аймактын эли ар кандай максатта сууну дарыялардан көп ала баштаган деп боолгонот.

“2006-жылга чейин дарыялар менен көлдөр мухитке көмүртек ташып турчу ноонун кызматын аткарат деп эсептелчү. Бирок дарыялар атмосферага газ да бөлөт”, - дейт америкалык лимнолог* жана биохимик Жон Даунинг (John Downing).

Ичкенге жарамдуу бардык дарыялар менен агын сууларда көмүр кычкыл газы бар. Кыртыш бузулуп, андагы минералдарды жер астындагы сууларда көмүр кычкыл газы жана башка өнөр жай ишканаларынан бөлүнгөн газдар көп болуп кетет.

Бул изилдөө учурунда даярдалган карта болочокто дарыялардын агымынын ылдамдыгы сезон маалында кандай өзгөргөнүн прогноздоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

*Лимнолог (limnologist)-суулардын экосистемасын изилдеген илимпоз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG