Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Күн нурун пайдаланган электрди үнөмдөйт


АКШнын Мохаве чөлүндөгү күндун кубатын электр энергиясына айлантчу күзгү панелдер. 13-февраль 2014
АКШнын Мохаве чөлүндөгү күндун кубатын электр энергиясына айлантчу күзгү панелдер. 13-февраль 2014

Толукталып турчу энергия булактарын пайдалануу тез өнүгүп баратат. Кыргызстан сыяктуу күнөстүү өлкөлөрдө күндүн кубатынан электр энергиясын алуу жана күн панелдерин пайдаланып, турак үйлөрдү ысытуу жаңылык болбой калды.

Табигый отун ресурстары азайган сайын күн нуру, жел, деңиз суулары сыяктуу толукталып турчу энергияны пайдалануу актуалдуу болуп баратат. Мисалы, Египет күндүн кубатын пайдаланып, электр энергиясын иштеп чыкчу станцияларды курууга камданууда. Бул долбоордун жалпы наркы 3,5 миллиард доллар. Маалымдалганга караганда, береги долбоор башталса, курулушка эле 1,5 миңден көп адам керек болот. Андан тышкары курулушту логистикалык жана инженердик-техникалык жактан туруктуу камсыздоого дагы миң адам тартылат. 200 MWh PV (Photovoltaics) модулу жана инвертери деп да аталган долбоор ишке ашса, Египет 2 гигаватт же 2 миллион киловатт электр энергиясын кошумча алат.

Ал эми АКШнын Энергиянын толукталып турчу булактары боюнча улуттук лабораториясы өлкөдөгү чакан имараттардын чатырларына күн панелдерин орнотуу мүмкүндүгүн изилдеп чыкты. Ага ылайык, чатырларга күн панелдери орнотулса, Кошмо Штаттардын электр энергиясына болгон керектөөсүнүн дээрлик 40 проценти канааттандырылат экен.

Толукталма энергия өндүрүү соңку жылдары “жашыл экономика”, “жашыл инновация” деп өзүнчө тармакка да бөлүнүп жүрөт.

Күн панелдери Кыргызстанда жеке үйлөрдө бирин-серин болсо да орнотулганы жана бул экологиялык жактан таза технологияны пайдаланууда биринчи кадамдар жасалганы тууралуу маалыматтар бар. Nursun Energy фирмасы жашыл инновациянын Кыргызстандагы пионерлеринин бири. Анын жетекчиси Айдарбек Байдөөлөтов табиятка зыяны жок технология колдонуу заман талабы деп, бирок күн нурунан электр өндүрүү кыска мөөнөттө өзүн актабайт, анткени Кыргызстанда электр энерегиясынын баасы арзан экенине токтолду.

- Кыргызстанда күнөстүү күндөр көп, болжол менен 285-300 күн болот. Күн панелдерин колдонуу учур талабы жана биз аны электр энергиясы жетпей жаткан жерлерде, жаңы конуштарда, жаңы өндүрүштө колдонсок болот. Бирок экономикалык жактан алганда, Кыргызстанда электр энергиясы коңшулаш Казакстандагыдан да арзан. Ошон үчүн күн панелдери электр энергиясын алууга колдонулса, өзүн тек актабайт.

Авертондогу фотовольтаик заводунун жумушчусу күн панелдерин текшерүүдө. Франция
Авертондогу фотовольтаик заводунун жумушчусу күн панелдерин текшерүүдө. Франция

Андыктан, Айдарбек Байдөөлөтовдун айтымында, күн панелдерин суу ысытуу үчүн пайдаланган оңдуу.

- Күн энергиясын колдонуп, суу ысытуу технологиясын геосистема деп коёт. Күндөн электр энергиясын алчу панелдер менен суу жылыткан панелдер ортосунда окшоштук бар. Кыргызстан күнөстүү өлкө болгондуктан гелиосистеманы пайдалануу биз үчүн ыңгайлуу. Анткени жылытылган суу үй тиричилигинен башка дагы үйдү ысытканга пайдаланылат. Гелиосистема күн панелдерине салыштырганда арзан дагы.

Адистин сөзүнө караганда, Кыргызстандын шартында турак жайды ысытуу үчүн күн панелдери колдонулса, электр энергиясынын чыгымын 85% чейин кыскартуу мүмкүн экен.

Бүгүн АКШда күн панелдерин жасоо же фотоэлементтер (фотовольтаик1) өнөр жайы тез өнүгүп бараткан тармак. Бул тармакта азыр 209 миң адам эмгектенет. Былтыр экономика секторунда жумушчулардын саны 1, 7% көбөйсө, күн панелдерин жасоо тармагында 20% көбөйгөн. Тармакта быйыл дагы 30 миң жумуш оруну түзүлмөкчү.

Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы дүйнөлүк базарда 82 миллиард долларга фотоэлементтер сатылган. Бул электр кубатына болгон дүйнөлүк талаптын 1% жабат.

------------------------------------

1Фотовольтаик – электр энергиясын күндүн нурунан атайын жарым өткөргүчтөрдүн же күн батареяларынын жардамы менен алуучу технологиялык жабдуулар.

XS
SM
MD
LG