Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Челдей жука жылыткычтын кудурети


32 гектер жерди ээлеген солярдык электростанция. Португалия. 27-март 2007
32 гектер жерди ээлеген солярдык электростанция. Португалия. 27-март 2007

Күн энергиясын химиялык энергияга айлантып, керек болгондо жылуулук бөлчү материал пайда болду. Жаңы химиялык затты Кошмо Штаттардагы белгилүү Массачусетс технологиялык институтунун илимпоздор тобу иштеп чыккан.

АКШдагы атактуу Массачусетс технологиялык университетинин окумуштуулары Күн энергиясын топтоп, жылуулукка айлантчу жаңы материалды эксперименталдык жол менен алышты. Жаңы полимердин өңү суунун тамчысындай тунук, өзү челдей жука.

Аптапта же жарыкта пленка сыяктуу бул полимерде химиялык реакция жүрөт дагы күндүн кубатын химиялык энергияга айланат. Ал ошол абалында каалаган убакытка чейин сакталат жана эч кандай кошумча чыгымы жок жылуулукка айланат. Жаңыдан синтезделип алынчу заттын касиети жөнүндө изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси, Массачусетс технологиялык университетинин профессору Жеффи Гроссман мындан беш жыл мурда жарыяланган билдирүүдө мындай деген эле:

- Биз молекулярдык деңгээлде иштечү жаңы солярдык отундун үстүнөн иштеп жатабыз. Ал күн энергиясын өзүндө сактап, талап болгондо аны жылуулукка айлантып берет. Улам заряддалып, кубаты толукталып турчу батарея сыңары иштейт жана кайра-кайра заряддалып, иштетиле берет. Ал күндүн жарыгынан заряддалат. Күн тийгенде молекулада реакция жүрүп, күндүн кубатын жылуулукка айлантат, заряддалат. Бул молекула реакцияны кайра-кайра жүргүзүп, өзүн өзү толуктап турат, азайбайт. Бул деген молекула күндүн энергиясын өзгөрткөндөн кийин аны туруктуу сактаганга жана ташыганга жарамдуу кылат деген кеп. Андан соң молекула жөнөкөй катализатордун жардамы менен баштапкы абалына келет. Ал жылуулук булагы катары пайдаланышы мүмкүн.

Илимий табылганы теориядан чындыкка айлантуу үчүн беш жылдан ашык убакыт кетти. Айрым илимий чөйрөлөрдө шарттуу түрдө “Күндүн жылуулук аккумулятору же күндүн термалдык жылуулугу” деп аталган жасалма заттын же жаңы табылганын эң маанилүү элементи - азобензолдун молекуласы. Мындай молекулалар демейде эки абалда: заряддалган жана заряды жок болот. Жарыктын фотондорунун энергиясы азобензолдун молекулаларын козголтуп, “кызыган” же заряддалган абалга өткөрөт. Андай абалда узак мезгилге чейин сактала берет жана температуранын таасири астында же башка жолдор менен сууйт же топтогон энергиясын жылуулук түрүндө берет.

Шарттуу түрдө “Күндүн жылуулук аккумулятору” деп аталган челдей жука полимердин өңү суудай тунук болгондуктан, аны автомобилдин, самолет жана башка учуучу аппараттардын маңдайкы айнегине музду тоңдурбоо үчүн колдонсо болот деп айтылат Массачусетс технологиялык университетинин сайтына (news.mit.edu) чыккан макалада. Эки айнектин ортосуна вакуумга кысып жайгаштырылган полимер өзүндө топтолгон энергияны көчөдө 20 градус суук болуп турганда автомобилдин айнегин 10 градуска чейине жылытканга жетет. Айнектин бети 10 градуска чейин ысыганда айнек менен анын бетинде тоңгон муздун же топтолуп калган кардын ортосунда чел кабыктай суу пайда болот жана муз айнектен опоңой тазаланат. Жаңы материалды колдонууга илимий изилдөөнү каржылаган немистердин автомобиль жасоочу атактуу Volkswagen концерни жана башка компаниялар ынтызар экенин билдиришкен.

Жаңы табылга электромобилдер үчүн да пайдалуу. Себеби, кызытылган (заряддалган) аккумулятор менен иштечү электромобилдер айнегин ысытканга аккумулятор батареяларын колдонушат. Суукта электроавтомобилдин ичин жылытканга батареянын кубатынын 30 пайызы жумшалат. Береги полимерди сырт кийимге пайдаланса, пальто-куртканы жылуу кылып, салмагы да жеңил болот.

XS
SM
MD
LG