Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Смартфон мителерди табууга жардам берет


Африкада америкалык доктурлар смартфондун жардамы менен адам канындагы паразиттерди таап чыкканы кабарланууда. Ал эми Данияда күн нуру менен жүргөн велосипед жасалып чыкса, Майкрософт компаниясы адамдын жашын сүрөтүнөн эле билип алгысы келет.

Маалыматтарга ылайык, атайын даярдалган смартфондогу тиркеменин жардамы менен адамдын канындагы паразиттерди аныктап алса болот.

"Селлскоп" (CellScope) деп аталган мындай жаңы ыкма калифорниялык медиктер тарабынан Камерунда биринчи жолу колдонулуп, текшерүүдөн ийгиликтүү өттү.

Бул текшерүүдө доктурлар камерундуктарда "лоа-лоа" аттуу көз оорусуна алып келген глисттердин канда бар же жок экенин аныктаган.

"Селлскоп" системасы боюнча атайын кутучага бейтаптын канын тамчылатып, смартфон менен аны видеого тартуу керек. Анан смартфондогу атайын даярдалган тиркеме кандагы кыймылдар аркылуу паразиттерди аныктап берет.

Адистердин айтымында, бул система өзгөчө инфраструктурасы начар атайын медициналык клиникалары жок региондорго абдан ыңгайлуу. Анткени, бул жаңы ыкма өтө жөнөкөй жана көп техникалык аппараттарды талап кылбайт.

Калифорниялык медиктер Африкада "Селлскопе" ыкмасы менен 40 000дей кишини текшерүүнү пландаштырууда.

"Жашыңыз канчада, айтып берели"

"Майкрософт" компаниясы сүрөт аркылуу адамдын жашын аныктап берчү тиркеме программа иштеп чыкканы кабарланууда.

How-Old.net деп аталган бул программа аз күн мурун текшерүү иретинде колдонуучуларга жиберилген. Компаниянын кызматкерлеринин айтымында, бир канча күндүн ичинде эле бул тиркеменин дүйнөнүн ар кайсы бурчуна тарап кетиши алар үчүн күтүүсүз болгон.

Алгач элүүдөй кишиге жиберилген бул программаны кыска убакытта 35 000дей киши колдонгонго жетишкен.

Деген менен маалыматтарга ылайык, көптөгөн колдонуучулар бул тиркеме алардын жашын туура эмес аныктап жатканын айтып чыкты.

Учурда компаниянын адистери бул программанын сапатын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатканы белгилүү болду.

Күн энегриясы менен жүргөн велосипед

Даниялык инженер Жеспер Фраузиг кадимки велосипедди күндүн энергиясы менен жүрө турган кылып жасап чыкканы маалым болду.

Фраузиг мырза жасаган "солар-байк" деп аталган велосипеддин дөңгөлөктөрүнүн ортосу күндүн энергиясын топтоочу жалпак жеңил батареялар менен жабдылган, андыктан бул "солар-байктын" формасы кадимки шайтан арабадан эч айырмасы жок.

Буга чейинки күндөн энергия алчу велосипеддер көбүнчө формасы өзгөртүлүп, жалпак батареялар аны тепкен адамдын үстү жагына жайгаштырылып келген.

Андан сыткары бул шайтан араба башка электрондук велосипеддерден бир канча жеңил, андыктан саатына 50 кмге чейин ылдамыкта жүрө алат.

Инженердин айтымында, велосипедди көп колдонгон даниялыктардын арасында "солар-байк" популярдуу болушу толук ыктымал, анткени ал бир канча көрсөткүч боюнча башка велосипеддерден озуп турат.

Маалыматтарга ылайык, даниялыктардын 90% өздүк велосипеди бар жана алардын 36% күн сайын жумушка эки дөңгөлөктүү шайтан араба менен барат.

XS
SM
MD
LG