Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Аялдар үчүн "акылдуу" белдемчи


Ушул жылдын башында израилдик “Нуво Групп” (Nuvo Group) компаниясы кош бойлуу аялдар үчүн медициналык “акылдуу” белдемчи жасап чыкканы белгилүү болду.
Ушул жылдын башында израилдик “Нуво Групп” (Nuvo Group) компаниясы кош бойлуу аялдар үчүн медициналык “акылдуу” белдемчи жасап чыкканы белгилүү болду.

Израилде жатындагы баланы үйдө отуруп көзөмөлдөй турган атайын кур жасалып чыкса, Италияда кыймылдаганга жөндөмдүү протез буттар пайда болгону белгилүү болду. Ал эми Испанияда көзү азиздер үчүн жаңы технология менен басылып чыккан сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүүдө.

Ушул жылдын башында израилдик “Нуво Групп” (Nuvo Group) компаниясы кош бойлуу аялдар үчүн медициналык “акылдуу” белдемчи жасап чыкканы белгилүү болду.

“Ритмо” деп аталган бул белбоону тагынып, анын сенсорлору аркылуу эне жатындагы өсүп келаткан баланын жүрөгүнүн согушун жана кыймылын үйдө отуруп эле көзөмөлдөп турса болот.

Бул аппараттын он үч сенсордук кабылдамалары бар жана алар жатындагы түйүлдүк менен болгон бардык процесстерди көчүрүп, смартфонго атайын тиркеме аркылуу маалымат берип турат. Анан ал маалыматтарга таянып, өсүп келаткан бөбөктүн абалын аныктап алса болот.

Буга кошумча “Ритмо” белдемчиси аркылуу эненин ден соолугу, психологиялык жана эмоционалдык абалы түйүлдүккө кандай таасир берээрин да курсактагы баланын реакциясына карап аныктаса болору белгилүү.

Адистердин айтымында, күнү-түнү жатындагы баланын абалын көзөмөлдөп туруу, өзгөчө ден соолугунда көйгөйү бар аялдарга абдан керек. Деген менен үзгүлтүксүз түйүлдүк менен “байланышта” болуу кээ бир сезимтал болочок энелерди стресске алып келиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө “Ритмо” курлары акылуу жатындан алынган маалыматты түз эле аялды көзөмөлдөгөн доктурга жиберүүчү программа иштелип чыгууда.

Азиздер үчүн сүрөт көргөзмө

Испаниянын “Прадо” аттуу музейде көзү азиздер үчүн жаңы технология менен атайын даярдалган сүрөт көргөзмө ачылганы кабарланууда. Бул көргөзмөнүн өзгөчөлүгү сүрөттөр жаңы муундагы принтерден быдыр болуп басылып чыгарылган жана адам аларды манжалары менен кармалап, эмне тартылган болсо, ошону кадимкидей көзү менен көргөндөй элестете алат.

“Дидус” деп аталган быдырлуу сүрөттөрдү басып чыгарган принтер “Эстудиос Дуреро” фирмасы тарабынан жасалып чыккан. Бул ишкананын адистеринин айтымында, “Дидус” принтерде быдыр сүрөттөрдү чыгаруу үчүн атайын боёк колдонулат жана кол менен кармаганда элестетүү сезимин күчтөндүрүү үчүн сүрөттөгү предмет өзгөчө формада басылып чыгат.

Мындай жогорку сапаттагы быдыр сүрөттөрдүн көргөзмөсү биринчи жолу уюштурулуп жатат. Идеянын авторлорунун айтуусунда, эми мындай көргөзмөлөр башка өлкөлөрдө да өткөрүлмөкчү.

Робот буттар

Жакында Италияда бионикалык жасалма буттардын жаңы түрү чыгарылганы кабарланууда. Бул ичинде мотору бар “робот” буттар Европа аймагында жүрүп жаткан “Сайберлегc” (Cyberlegs) деген долбоордун алкагында жасалып чыкты. Аталган долбоор жаңы технологияны пайдаланып, бутунан ажырап калгандарга ыңгайлуу, жеңил жана кыймылдаганга жөндөмдүү киймелерди жана жасалма буттарды иштеп чыккан.

Долбоордун жыйынтыгында эки түрдүү: ортопедикалык кийме жана протез буттар колдонууга берилип, анын иштеши текшерүүдөн өтүүдө.

Бул жасалма буттар атайын сенсорлор аркылуу адамдын нерв системасына кошулат жана ошонун негизинде ичиндеги мотордун жардамы менен жеңил жана оңой кыймылдаганга жөндөмдүү болот.

Бүгүнкү күндө онго жакын киши бул жаңы жасалма буттарды жана киймелерди колдонуп жатканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG