Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Космосто жашарып, бою өскөн адам


Астронавт Скотт Келли 340 күндүк сапардан Жерге кайтып келгенден кийин. 2 март 2016
Астронавт Скотт Келли 340 күндүк сапардан Жерге кайтып келгенден кийин. 2 март 2016

1-апрелде америкалык астронавт Скотт Келли ардактуу эс алууга кетти. 52 жаштагы астронавт эми космоско байланыштуу медициналык изилдөөлөргө катышат. Ал космосто жүргөндө бою 5 сантиметр 9 милиметр узарган. Космонавттардын бою орбиталдык мейкиндикте өсүп кетери окумуштууларды такай ойлонтуп келет.

Скотт Келли туура бир ай мурда бир жылдык космостук сапардан кайтып келген. 2-мартта ал түшкөн космостук кеме Казакстандын Жезказган облусунун аймагына конгон. Астронавт 340 күндүк сапарда жүргөн кезде бою 5,08 сантиметрге өскөн.

Business Insider басылмасынын билдиришинче, Эл аралык космостук станцияда учуп жүргөн маалда астронавттардын бою демейде 3% өсөт экен. Ал эми америкалык дарыгер, доктор Роберт Бартондун түшүндүрүшүнчө, Скотт Келлинин боюнун өскөнү биринчи кезекте космостогу салмаксыздык кубулушуна байланыштуу:

- Анын бою 5 сантиметрдей өскөн. Мунун баары анын омуртка сөөгүнө байланыштуу. Анткени омуртканын дисктери салмаксыз же басым аз мейкиндикте болгон. Дисктер түпкүлүгүндө азык жана сууну сиңирүүгө ылайыкташкан. Аларда кандын запасы болот жана алар гравитация жок учурда чын эле жооноюп кетет же узарат. Дисктердин азыктанышы жана сууну сиңирүүсү кандайдыр бир деңгээлде сиз түнкүсүн төшөккө жатып уктагандаболчу табигый жараян. Ал ошентип кийинки күнгө даяр болот. Сиз бул процесс кандай жүрүп жатканын ал токтомоюнча билбейсиз.

Forbes журналынын жазышынча, Скотт Келлинин денесинде болгон өзгөрүүлөрдү толук изилдеп чыкканга бери дегенде алты жыл кетиши ыктымал.

НАСАнын астронавты Скотт Келли (солдо) жана орус космонавты Михаил Корниенко Эл аралык орбиталдык станцияда. 21-январь 2016.
НАСАнын астронавты Скотт Келли (солдо) жана орус космонавты Михаил Корниенко Эл аралык орбиталдык станцияда. 21-январь 2016.

Доктор Роберт Бартондун айтуусунда, омуртка сөөктөрүнүн ортосундагы же аларды бириктирип турган чемирчек дисктер кандайдыр бир жүйөлөрдөн улам азыктанбай калганда адам бел ооруну сезет.

- Бели такай ооруган адамда көп учурда дисктердин азыктарды сиңирүү жараяны токтойт. Биз аны диск оорусу деп атайбыз. Ал омуртка сөөгүнүн чуркусу (грыжасы), дисктин чемирчектеринин кемтилип бузулуусу жана башка илдеттер болушу мүмкүн. Качан дисктер азык сиңирүүнү токтоткондо, алар түнкүсүн өзүн оңдобойт. Аны сиз белиңиз ооруганда билесиз.

Адис дарыгерлердин айтуусуна караганда, космонавттар узак орбиталдык сапардан Жерге кайтып келген соң акырындап алардын бою кыскарып, мурдагы калыбына келет экен. Анткени Жерде адам гравитацияга же телолор ортосундагы тартылуунун таасирине кайра кабылат. Ал эми космосто андай тартылуу жок.

- Скотт Келли Эл аралык станцияда бир жыл бою жүрдү. Адамда 24 омуртка жана алардын дисктери бар. Гравитациясыз мейкиндикте ошол дисктер шишийт. Ошол себептүү Скотт Келлинин бою 5 сантиметрге өскөн. Ал эми кичирейет. Себеби, ал Жерге кайтып келбедиби. Эми дисктер чөгүп, кадыресе абалына келет. Бул дисктердеги циркуляцияны көбөйтөт. Сиз дисктердин басымын өзүңүзгө аласыз.

Скотт Келли эгиздин пайы. Анын түгөйү Марк Келли да автронавт. Скотт мырза эл аралык орбиталдык станцияда илимий сапарда жүргөндө, окумуштуулар Марк мырзанын саламаттыгын такай изилдеп жатышты. Себеби, космонавттар орбитада жүргөндө организминде чоң өзгөрүүлөр болот. Салмаксыздыкта организмде заттардын алмашуусу (метаболизм) өзгөрөт, булчуңдар жердегидей иштебей астронавттын кыймылдоо жана көрүү жөндөмү азаят. Жүрөк кичирейет. Ошондой эле космостук радиация кан тамырларынын клеткасынын чел кабыгына зыян, жүрөк оорусун тездетиши ыктымал деген да коркунуч бар.

Инженер-астронавт Тим Копра орбиталдык станциянын сыртында. 22-декабрь, 2015.
Инженер-астронавт Тим Копра орбиталдык станциянын сыртында. 22-декабрь, 2015.

Скотт Келли космостук сапарда жүрүп, 1/100 секундага жашарган. Альберт Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясына ылайык, эки физикалык тело эки башка ылдамдык менен кыймылдаса, жай кыймылдаган объект үчүн убакыт ылдам өтөт. Эл аралык космостук станция Жер планетасына салыштырмалуу саатына 27358,848 километр кыймылдайт. Ошондо Quartz компаниясынын эсептөөсү боюнча, Скотт Келли азыр түгөйүнөн 8,6 милли секундага жаш.

Скотт Келлинин организминдеги өзгөрүүлөр АКШнын космостук агенттиги НАСА үчүн өзгөчө маанилүү. Себеби анын баары Марска узак мөөнөттүк сапарга астронавттарды даярдоого зарыл. Marc One долбоору болжогонго ылайык, Марс планетасына чейин учуп жетүүгө кеминде 210 күн керек.

Марста күн Жердегиден 40 мүнөт узун. Бирок бир жыл Кызыл планетада 687 күнгө созулат. Демек ким Марста бир жыл жашаса, Жерде жашаган адамдан эки эсе жаш болот. Ал эми гравитация Жердегиден 1/3ге аз. Ошого салмагы 100 килограмм адам Марста 38 килограмм болот. Ал жакта салмаксыздыктан улам адамдын булчуңдары жана сөөгү да бошоп, бекем болбой калат. Анүчүн Марска барып келген космонавтты Жер шартына кайра көндүрүү Жердин орбитасына учуп барып келгендерге караганда алда канча кыйын жана узак убакытты талап кыларын илимпоздор белгилешет. Ага карабай Кызыл планетага өз акчасын төлөп учуп барууну каалагандар жүздөп саналат.

XS
SM
MD
LG