Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Марска жетүүнүн жаңы жолу сунушталды


Окумуштуулар акыркы жылдары Марстагы жашоону терең изилдей баштады
Окумуштуулар акыркы жылдары Марстагы жашоону терең изилдей баштады

Массачусетс университетинин студенти жерден Марска учуп жетүүнүн жаңы, эффективдүү жолун сунуштады. Өткөн жумада күндө кара тешиктер пайда болгону айтылууда.

Акыркы жылдары Марс планетасын изилдөө маанилүү этапка өтүп, анын кээ бир аймактары муз менен капталганы да аныкталган. Ал эле эмес Марста жашоо болушу мүмкүн деген илимий божомолдор да байма-бай айтылып келет.

Андыктан, “Марс-2020” миссиясынын алкагында дүйнө окумуштуулары жерден кызыл планетага учуп баруунун эффективдүү ыкмасын изилдөө үстүндө жигердүү иштөөдө. Буга чейин жерден Марска түз учуп баруунун эки жолу каралып келгени менен, мындай алыс аралыкты кезип өтүү эбегейсиз көп каражатты талап кылып келет. Мисалы, Марс планетасына учуучу машинанын 450 грамм салмагы эле 10 миң АКШ доллар турат. Анткени жер менен кызыл планетанын аралыгы алыс болгондуктан, өтө оор жүк менен учууга көп энергия сарпталат.

Жакында эле аталган окуу жайда доктордук илимий даражасын ушул темада жазган Такуто Ишуматсу Марска конуунун дагы бир жолун сунуштады. Бул ыкманын өзгөчөлүгү - жерден Марска түз эмес, Ай аркылуу учуп баруу. Ишуматсу мырзанын айтымында, айды өтмө пункт катары пайдаланса болот.

"Жерден учкан космос кайыгы айдын үстүндө бир азга токтоп, от майын толтуруп алып, андан ары Марска сапар тартса, кеткен чыгым бир кыйла азаймак",- дейт Ишуматсу.

Алдын ала эсептөө боюнча, бул жаңы сунушталган ыкма түз учуп барууга кеткен чыгымдан 68% аз каражат талап кылат.

Маалыматтарга ылайык, бул жаңы илимий иш жакынкы келечекте илимий журналдарга басылып чыгып, илимпоздордун аталган маселе боюнча кезектеги жыйынында талкууланат.

Күндөгү куюн кооптуу эмес

Өткөн жумада күндүн бетинде кара тактан куюн пайда болгон. Бул тууралуу НАСА кабарлады.

Октябрь айында НАСАнын күн алкагын изилдөө борбору анын бетинде чоң кара так пайда болгонун байкаган.

Аталган борбордун адистеринин белгилешинче, кара тешиктин көлөмү жер шарынан элүү эсе чоң жана андан чыккан жарык чачырандылар салют сыяктуу болуп бир канча жолу атылганы байкалган. Ал чачырандылар илимий тилде, геомагнетикалык куюндар деп аталат жана алардын ылдамдыгы секундасына 800 чакырымды түзөт.

Бирок алар жерге эч кандай коркунуч туудурбасын адистер айтышууда. Эгер куюн жерге жакын келсе, орбитадагы спутник станцияларын жабыркатып, радио-коммуникациялык байланышты үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Белгилүү болгондой, буга чейин күн катмарында мындай геомагнетикалык куюндар бир нече жолу катталган жана алар жерден бир кыйла алыс аралыкта учуп өткөн.

Узак жашаган айымдын сыры

Нью-Йорк шаарында жашаган, Сузанна Жоунс күн сайын эртең менен туздалган чочко эти менен куурулган жумуртка жейт. Июнь айында 116га чыккан бул байбиче дүйнөдөгү эң кары адам катары Гиннес китебине кирген. Ал узак жашоонун сырын жетиштүү уктап, спирт ичимдиги менен тамекиден оолак жашаганы менен түшүндүрөт.

Адистердин айтымында, адам 80-90 жашка чейин дени соо, таза жашайм десе, спорт менен машыгып, Жоунс сыяктуу арак менен тамекиден алыс болуп, капаланбай жашоо керек. Андан сырткары, туура тамактануу да узак жашаганга өбөлгө.

Адистер 90 жаштан өткөндөн кийин кылым карытып жашаганга адамдын гени да чоң роль ойнорун айтат. Гендин мындай өзгөчөлүгү илимде азыркыга чейин толук изилденип бүтө элек.

XS
SM
MD
LG