Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

​Саманчынын жолунда сегиз жаңы планета табылды


Cаманчынын жолу
Cаманчынын жолу

Саркындыны таза сууга айландырган аппарат чыкты, Саманчынын жолунда дагы сегиз планета табылды. Алаканга баткыдай адамдын органдары жасала баштады.

Жыл башында технология жаатында миллиардер Билл Гейтс түптөгөн “Билл жана Мелинде Гейтс” фондунун жаңы долбоору жөнүндө жаңылык көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Атактуу филантроп өзүнүн вебсайтына “Омнипроцессор” деп аталган, дааратканадан чыккан саркынды сууну таза сууга айландырган аппарат тууралуу маалымат жарыялады.

Гейтстин айтканына караганда, дүйнөдө эки миллиардан ашык адамдын жөнөкөй санитардык жашоо шарты жок. Саркынды суулар табиятты булгап, дарыяларга кошулуп, айлана-чөйрөгө ченемсиз зыян алып келет. «Омнипроцессор” мына ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган. Бул аппаратты АКШнын Сиетл шаарындагы “Жаники Биоэнержи» инженердик фирмасы иштеп чыккан.

Мындай жаңы технология аркылуу кайра тазаланган сууну ичип жаткан Гейтстин видеосу медиа каражаттарында кеңири тарап, кызуу талкууланды.

«Омнипроцессор» сууну тазалоодон тышкары, электр кубатын да бөлүп чыккандыктан, бул аппаратка өнүгүп келе жаткан дүйнө өтө кызыктар деп жазат «Бизнес Инсайдер» агенттиги.

Сөз болуп жаткан аппараттын азырынча Сиетлда прототиби гана жасалаган. Ушул жылы пилоттук долбоор Африканын Синегал өлкөсүндө ишке ашырылат. Ал ийгиликтүү болсо, андан ары дүйнөгө тарайт деген үмүт чоң.

Гейтс "даараткананы кайра иштетүүгө" ынтызарлыгын билдирип, 2012-жылы санитардык маселелерди инновациялык жол менен чечүү усулун тапкан адамга 400 миң доллар сыйлык берээрин жарыялаган. Миллиардер санитардык абалдын начардыгынан жылына жок дегенде 700 миң наристе чарчап, андан көп балдардын ден соолугу жабыркарын айтып коңгуроо каккан. "Омнипроцессор" тазалыкты гана эмес, таза ичүүчү суу менен дагы камсыздайт”, - деп Бил Гейтс өзүнүн блогуна кубануу менен жазды.

Саманчынын жолунда дагы сегиз планета табылды

Өткөн шейшемби күнү Гарвард-Смитсониан Астрофизика борборунун астрономдору Саманчынын жолунан дагы сегиз планета табылганын билдиришти. Ал планеталар өз жылдыздарынан эң узак жайгашкандыктан, аларда суу жана жашоо болушу мүмкүн деп боолголонууда. Бул сегиз планетанын экөө мурда табылган планеталардан Жерге эң окшош экенин «Ал-Жазира» агенттиги кабарлады.

Көпчүлүк окумуштуулар мындай планеталарды “Голдилокс зонасынагы” планеталар деп аташат. Алар өз жылдыздарынан өтө алыс жайгашкандыктан, андагы температура Жердегидей болушу мүмкүн.

“Биз тапкан планеталарда жашоо барбы же жокпу - али билбейбиз. Бирок алар жашоонун белгилерин издөө үчүн мыкты талапкерлер экендигин айта алабыз” деди аталган борбордун астроному Дэвид Киппинг.

Жаңы планеталар НАСАнын Саманчынын жолундагы миллиардаган жылдыздар менен планеталарды байкоо үчүн 2009-жылы Кеплэр миссиясы учурган кубаттуу телескоп менен жабдылган космос кемесинин жардамы аркылуу табылды. Кеплердин негизги максаты - Жерге окшош планетасы бар Күнгө окшош жылдыздарды таап, андагы жашоого боло тургандыгын аныктоо.

Буга чейин Кеплер жүздөгөн планеталарды тапты, бирок алардын арасында Жердин көлөмүндөй жана суюк суусу бар делген планеталар өтө аз.

Алаканга баткыдай адамдын органдары жасала баштады

Илимде адамдын организмин түшүнүү, ар кандай изилдөө жүргүзүү үчүн чычканга эксперимент жасалып келген болсо, эми окумуштуулар алаканга баткыдай адамдын ар кандай органдарынын макеттерин жасай башташты деп жарыялады АКШнын Коомдук радиосу. Бул электрондук органдар жаңы дары-дармектерди текшерүү үчүн, ошондой эле адамдардын организми дени сак абалда жана илдетке чалдыкканда кандайча иштээрин изилдөөдө колдонулат.

Висс институнун жетекчиси Доналд Инбер бул жаңы технология жакынкы убакта экспериментке колдонулган чычканды толугу менен алмаштыра албайт, бирок ошол эле маалда дары-дармектин өнүгүшүнө, алардын баасынын төмөндөшүнө түрткү болот деп үмүттөнөт.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG