Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

"Көчмөндөр оюндарын көркүнө чыгарабыз"


Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл.
Көчмөндөр оюндары. 2016-жыл.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдык иштери дээрлик 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Азаттык”: Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери кандай жүрүп жатат? Коомчулукта "даярдык иштерине байланыштуу убактысы жылат экен" деген сөздөр да айтыла баштады. Мунун канчалык чындыгы бар?

Нурсултан Аденов: Бул туура эмес. Катчылык расмий түрдө мындай маалымат берген эмес. Биз 2-сентябрдагы ачылыш аземине даярдык көрүп жатабыз. 8-сентябрга чейин төрт жерде спорт оюндары өтөт жана кечки программа боюнча фестиваль да уюштурулат.

Өкмөттө чоң уюштуруу комитети түзүлгөн. Коопсуздук, бюджет, конок тосуу, протокол маселеси, ачылыш-жабылышы боюнча өзүнчө иш тобу бар. Келген коноктордун чек арадан өтүшүн жеңилдетүү боюнча өзүнчө иш топтору түзүлгөн.

Маанилүү суроолордун бири - биз 15-августка чейин канча мамлекеттен спортчу келе турганын тизме кылып түзүп беришибиз керек. Азыр ошону тактап жатабыз. Аны менен катар “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына да даярдык көрүлүүдө. Мындан сырткары, катчылыктын негизги максаттарынын бири - демөөрчүлөр менен иштешүү. Көчмөндөр оюндарынын алкагында жарнамалык сунуштарды берип, ошол жактан эки тараптуу келишимдер түзүлүп жатат.

“Азаттык”: Буга чейин ар бир компанияга, ишкер чөйрөгө Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлүк кылуу боюнча кат жөнөтүлгөнү тууралуу да маалыматтар айтылды эле. Ушул туурабы?

Нурсултан Аденов.
Нурсултан Аденов.

Нурсултан Аденов: Коомдо бир маалыматты өзү каалагандай кылып берген жагдайлар пайда болду. Кээ бир министрликтерден, биздин кесиптештерден туура эмес маалымат берилип калгандыктан, ушул сыяктуу маалыматтарга себеп болуп калып жатат. Эч кимди мажбурлоо жок. Азыркы учурда бизнес өз алдынча иштейт, "бер" дегенде эле бере калган бизнес жок. Өздөрүнө жарнама кереги жок болсо "кереги жок" деп эле айтат, керек болсо аны да ачык эле айтышат.

Уюштуруу иштери азыр 80 пайыздан ашык бүтүп калды десек болот. Калганы мамлекеттер менен акыркы документтерди каттоо иштерин августта бүтүрөбүз. 15-августка чейин Кырчын жайлоосундагы декорацияларын бүтүрөбүз. Андан сырткары ыктыярчылардын жатаканалары, аларды үйрөтүү иштери да бар.

“Азаттык”: Көчмөндөр оюндарына бюджеттен бөлүнгөн 307 миллион сом жетиштүү болуп жатабы?

Нурсултан Аденов: Ал жетиштүү. Андан сырткары ачылыш аземи да бар. Ага да чоң каражат талап кылынат. Быйыл кандай сценарий көрсөтсөк, ошого жараша каражат жумшалат. Аны биз демөөрчүлөр менен сүйлөшүп, ошондон түшкөн акча менен чечебиз. 307 миллиондон сырткары бюджеттен каражат алынбайт.

“Азаттык”: Азыр оюндарга билеттер сатыла баштадыбы? Андан мамлекетке пайда түшөбү же өлкөнү таанытуу гана негизги максат болуп жатабы?

Нурсултан Аденов: Билеттер сатылгандан кийин ал акча ат майдандын чыгымына жана аны өнүктүрүүгө жумшалат. Андан сырткары Көчмөндөр оюндарына келген туристтер короткон каражаттын баары мамлекетте калып жатат. Алар Кырчын жайлоосундагы иш-чараларды көрөт, ишкерлер жатаканасын, тамак-ашын сунуш кылат, мындан көп пайда түшөт. Билеттер сатыла баштады. Ачылыш аземине 400 сомдон 4900гө чейин, жабылыш аземине 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылууда. Азыр канча сатылганын так айта албайм, бирок кызыккандар көп эле болуп жатат.

“Азаттык”: Канча өлкөдөн өкүлдөр чакырылды, канчасы келет деп күтүп жатасыздар?

Нурсултан Аденов: 102 мамлекетке чакыруу кагазын жөнөткөнбүз. Жок дегенде 80 мамлекеттен келет деп күтүп жатабыз. Экинчи оюндарга караганда көбүрөөк келиши үчүн иштеп жатабыз.

Көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосу.
Көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосу.

“Азаттык”: Быйыл президент Көчмөндөр оюндарына катышкан өлкөлөрдүн президенттерин чакырып жатат. Кайсы өлкөлөрдүн президенттери келери белгилүү болдубу? Жооп бергендери барбы?

Нурсултан Аденов: Көчмөндөр оюндарынын алкагында түрк тилдүү элдердин саммити өткөнү жатпайбы. Ошол жерден Түркиянын, Казакстандын, Азербайжандын президенттери саммитке катышуусу керек. Аларга атайын чакыруу да жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү учурда Түркиянын президенти келе турганын айткан. Мындан сырткары кошуна мамлекеттердин президенттери да макулдугун берет болуш керек, расмий түрдө. Татарстандын президенти келе турганын расмий билдирген.

“Азаттык”: Быйылкы негизги өзгөчөлүк деп эмнени айтат элеңиз?

Нурсултан Аденов: Өткөн оюндарга салыштырмалуу программанын кеңейишин айтсак болот. Жалаң эле спорт болбостон, маданий жана илимий иш-чараларды да кошконбуз. Бул долбоор башка өлкөлөрдөгүдөй жалаң эле өңчөй спорт болбой, спорт менен маданияттын жуурулушу болсун деп жатабыз. Мындан сырткары, анда ойнотула турган оюндардын түрү 23төн 37ге көбөйдү.

“Азаттык”: Оюндарды бир-эки жылда эмес, жок дегенде төрт жылда бир өткөрүү жана башка өлкөлөргө эстафетаны тапшыруу боюнча сунуштар айтылып жатат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр болгон жокпу?

Нурсултан Аденов: Ал боюнча Тышкы иштер, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, Спорт агенттиги жумуш тобун түзүп, иштеп жатышат. Биз, катчылык уюштуруу иштерин гана жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: Буга чейинки Көчмөндөр оюндарына Стивен Сигал келгени маалым. Быйыл ушундай белгилүү адамдардын кимдер чакырылды?

Нурсултан Аденов: Биз Анжелина Жолиге, Жеки Чанга, Леонардо Ди Каприого жана Индиянын артисти Диа Мирзага чакыруу жөнөттүк. Азырынча алар макулдугун бере элек.

“Азаттык”: Алар келип калса, Кыргызстанга келип кеткени үчүн, оюндарга катышканы үчүн аларга акча төлөнөбү?

Нурсултан Аденов: Бул жактан тосуп алганыбыз гана төлөнөт. Гонарары төлөнбөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG