Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

"Көчмөндөр ааламы" этнофестивалына катышуучулар тандалат


II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу. Ысык-Көл облусу. 6-сентябрь, 2016-жыл.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу. Ысык-Көл облусу. 6-сентябрь, 2016-жыл.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, этнофестивалга тандоо туру 10-11- июлда Бишкекте, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.

"Көчмөндөр ааламы" этнофестивалы быйыл сентябрда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулмакчы. Ага катышууну каалаган кыргызстандыктар тандоодон өтүшү керек.

Тандоо туру "этнохит", "этнобий", "этномода" жана "айтуучулук чеберчилиги " жанрлары боюнча жүргүзүлөт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG