Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Балыкчы-Корумду жолу боюнча иш козголду


Балыкчы-Корумду трассасы.
Балыкчы-Корумду трассасы.

Башкы прокуратура Балыкчы–Корумду жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органы Жол чарба департаментин "консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы түзүлгөн" деп күнөөлөп жатат. Бирок департамент өкүлдөрү эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтууда.

Башкы прокуратура "Балыкчы-Корумду жолун курууда мамлекетке ири суммада зыян келтирилген" деп, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 жана 306-беренелеринин ("Алдамчылык", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген сатып алуу") негизинде иш козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиеванын айтымында, кеп консультанттарды тартууга кеткен чыгымдар жөнүндө болуп жатат:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- 2015-жылдын 17-декабрында Жол чарба департаменти консалтинг компаниясы менен аталган жол тилкесин реконструкциялоодо консультациялык кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзгөнү аныкталды. Бирок бул келишим "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндөгү" мыйзамды бузуу жана жалпы сумманы 16 миллион 284 миң сомго көбөйтүп жазуу менен кабыл алынган.

Жол чарба департаменти Транспорт жана жолдор министрлигине карайт. Мекеменин Көзөмөлдү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мукамбаевдин айтымында, келишим "Kyrgyz Trec International" компаниясы менен түзүлгөн жана анын 16 кызматкери кеңеш берип дагы эле иштеп жатат. Мукамбаев Башкы прокуратура козгогон иш негизсиз деп эсептейт:

- Буга биз макул эмеспиз. Эсеп палатасы келгенде ушуну айткан. Азыр териштирүү жүрүп жатат. Ошонун жыйынтыгы көрсөтөт. Көз каранды эмес консультанттар болушу керек да? Биз ошондуктан жалдаганбыз. Консультант болбосо жумуш жүрбөй калат . Иштеп жатышат. Баары мыйзамдуу. Көз каранды эмес консультанттардын кызматы эл аралык тажрыйбада да колдонулат. Алар эски асфальтты сыйрыгандан баштап кайра жаңысы кандай салынып жатканын, калыңдыгы кандай экенин - баарын көзөмөлгө алып, ар бирин лабораториядан өткөрүп, материалдарын текшерет. Алар дайыма ошол жерде.

Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

"Kyrgyz Trec International" компаниясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Кеңсесиндеги аты-жөнүн атагысы келбеген кызматкер телефон аркылуу төмөнкүчө жооп берди:

- Кимге кайрылуу керек экенин билбейм. Башка кимге чалмак элеңер?

Бул компаниянын аты 2016-жылдын март айында парламентте талкуу жүрүп жатканда да аталган. 1998-жылдан бери курулуш тармагында иштеп келаткан "Kyrgyz Trec International" ишканасын түптөгөн беш адамдын экөө Алмаз Тургунбаев менен Руслан Сатыбалдиев мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары экени айтылган.

Сатыбалдиев мунун чын-төгүнү тууралуу комментарий берген эмес. Ал азыр Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш ишине байланыштуу тергөө абагында камакта отурат.

Балыкчы – Корумду жолунун курулушу – өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат. Маселени мурдараак парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеген.

Жолду куруу укугу 2015-жылы төрт компания катышкан тендерден кийин кытайлык “Лонг Хай” ишканасына тийген. Бирок анын дарегине “лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок, тендер мыйзамсыз өттү” деген сындар айтылып, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев менен транспорт министри Аргынбек Малабаевдин бири-бирин айыптаган тирешине алып келген. Бул окуя экөөнүн тең кызматтан кетишине себеп болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Темир Сариевди “бюджетте акча жок болсо деле курулушту баштап салышкан. Бул өлкөгө каршы диверсия” деп айыптаган. Сариев болсо дооматтарды четке кагып, министрликти айыптаган.

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Рыскелди Момбеков - жолдун курулушу менен жеринен таанышып келгендердин бири.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Көлдүктөр бекеринен “Балыкчы менен Корумду, кайнатты менин шорумду” деп ыр чыгарган жок да. Башынан ээрге кыйшык отурган болчу. Тендери да мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн. Комиссия деле карады... Бирок Көчмөндөр оюндары маанилүүрөөк болгон. Чын-чынына келгенде мында чоң кылмыштар көп. Бишкек ЖЭБде деле бери жагынан кирип, аягынан тешип чыкпады беле. Андыктан бул козголгон кылмыш ишинин алкагында аралап бара берсе чоң афералар чыгат болуш керек. Транспорт министрлигинде ошол кезде иштегендердин, өкмөт башчылардын жоопкерчилиги каралышы керек. Деги эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда салынып жаткан жолдордун бардыгында “откат” деген балекет бар экени белгилүү. 10-20 млн. долларга чейин дешет. Эртеби-кечпи жол бүтөт, бирок жолдун чыры, жомогу бүтпөйт, - деди Момбеков.

Жолдун жалпы узундугу 104 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 71 чакырымы (33-чакырымдан 104-чакырымга чейинки аралык) толук бүткөрүү алдында турат. Ал эми 0-33-чакырымдарда жол куруу иши баштала элек, көпүрө салуу, суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери гана жүрүп жатат.

Кыргызстандын өз акчасына каржыланып жаткан бул долбоор 6 миллиард 800 миллион сомго бааланган. Расмий маалымат боюнча бүгүнкү күнгө карата анын 3 миллиард 200 миң сому каржыланды, быйылкыга 700 миллион каралып, бул акча бөлүнүп берилди.

Кызматкер, жумушчулардын саны 658 адам, алардын ичинен 560 киши жергиликтүү тургундар, калганы Кытайдын жарандары.

"Азаттыктын" архиви: Жолдон жонулган жашылдар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG