Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Жоопсуз кеткен жолдун акчасы


Жол чарба департаментинин жетекчиси Ак-Талаа районундагы көпүрөнүн курулушунда мыйзам бузууга жол берген деп, эки айга камакка алынды.

Эксперттер Кыргызстанда көпүрө, жол куруп, оңдоп-түзөө жаатындагы жемкорлук чоң мүшкүлгө айланганын, ошондон улам жолго деген ири суммадагы каражаттарга дыкат көз салуу зарыл экенин белгилеп жатышат.

Көпүрөдөн "кымырылган" акча

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Биринчи май райондук соту Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Арстанбек Ибраевди эки айга камоо тууралуу чечим чыгарганын 8-мартта кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал кызматкер Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дайрасындагы көпүрөнү оңдош үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн деп шек саналууда.

Арстанбек Ибраевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306-беренеси ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу"), 189-беренеси ("Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Сөз болуп жаткан келишимдин негизинде эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сом которулган. Мамлекеттен акча которулганы менен ал көпүрө пайдаланууга бериле элек. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов көпүрөнүн тагдыры тууралуу буларды билдирди:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

- Кандайдыр акча кымырып алуу боюнча азыркы текшерүүнүн жыйынтыгында юридикалык баа берилет. Бирок биз мойнубузга алабыз - былтыр бүтпөй жатканда "ишкана акчаны кайрып берсин" деген тапшырма бергем. Бирок, акча кайтарылып бериле элек. Ал эми көпүрөнү ишке киргизүү боюнча тапшырма берилди.

Жергиликтүү тургундар сапатсыз оңдолгон көпүрөнүн азабын ушул тапта айылдын эли тартып жатканын айтып жүрүшөт.

Бул тармакты сындап келген эксперттер жол куруу системасында илгертеден калыптанып калган коррупциялык схема бар экенин эске салышат. Маселен, тендерди өткөрүүдө курулуштун баасын эсепсиз көтөрүү, жолдун энинен же калыңдыгынан документте көрсөтүлгөнгө салыштырмалуу кемитип жасоо сыяктуу көрүнүштөр бар.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Жол куруу тармагы боюнча адис Абдылда Туланбаев жол курулуштарында аткаминерлерге тиешелүү фирмалар гана тендерден утуп чыккан учурлар көп болоорун, бул көрүнүштүн өзү шек жаратаарын белгилейт.

- Азыр каалаган киши барып эле жолчу болуп жатат. Коррупционерлер ошол жол тармагын билбегендердин үстүнөн акча "жеп жатышат". Жол тармагы акча "жеп алыш" үчүн ыңгайлуу. Жол төшөп жатканда 7 см деп жазып, 6 см кылып койсоң эч байкалбайт. Ошондой эле атайын техника жолду таптоодо беш жолу өтсүн десе, ал эки эле жолу кылып коёт.

Өлкөдөгү стратегиялык мааниси бар жолдордун салынышынан баштап, аймактарда курулуп, оңдолуп жаткан жолдорго байланыштуу да коомчулукта сын пикирлер көп. Акыркы учурда жолдор колдонуп-колдоно электе эле бузула баштады. Аймактардын ички жолдорунун дээрлик баары жамаачыланган.

Мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиевдин пикиринде жол тармагын түп-тамырынан өзгөртүүгө убакыт келди. Маматалиев жолду салып жаткан маалда эл аралык уюмдар этап-этабы менен текшерип, курулуш бүткүчө жакшылап көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берген системаны сунуш кылгысы келет.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Күздө бүтүргөн жол жазда кар менен кошо эрип кетип жатат. Бул эмне деген шермендечилик? Буга жазаны абдан күчөтүш керек. Министрден баштап, жооптуу кызматкерлерди тандап жатканда абдан текшерүү зарыл. Алардын басып өткөн жолу, шектүү иштерге аралашпаганы каралышы керек. Кыскасы, системаны алмаштырмайын бул тармакта мындай нерсе болуп келген, боло берет. Анткени чоң акча айланган тармак.

Акыркы 4-5 жылдын ичинде жол курулушунда ири суммадагы акча кымырылып кеткени ачыкка чыгып, жогорку кызматтагылар иштен алынганы гана болбосо, жазага тартылган учурлар дээрлик жок. Жарандык коом өкүлдөрү Транспорт жана жол министрлигин коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири деп эсептешет.

2016-жылы Бишкектен “Манас” аэропортуна чейинки 23 чакырым жол салынып бүткөндөн жарым жылдан кийин кайрадан асфальтталган. Ал эми Оштун Навои көчөсүндөгү узундугу 265 метр эстакада көпүрөнүн ачылышынан көп өтпөй плиталары туташкан жерлер оңдолуп, кайрадан асфальт төшөлгөн. Ошондой эле буга чейин Бишкек - Кара-Балта, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош - Сары-Таш - Эркечтам, Балыкчы-Корумду өңдүү жолдорду курууда ири өлчөмдө каржылык мыйзам бузуу фактылары аныкталганы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG