Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Оңдолгон жол жазга жетпей талкаланды


Бишкек (архивдик сүрөт)
Бишкек (архивдик сүрөт)

Былтыр күздө эле оңдолгон Бишкектеги көчөлөрдүн айрымдарынын асфальты бузулган учурлар бар.

Жарандык активисттер Бишкектеги жыл айланбай бузула баштаган көчөлөрдү видеого тартып, Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайылтышты. Жолдун сапатсыз оңдолушун алар бөлүнгөн акчаны өөнөп калган коррупциялык өнөкөт менен байланыштырып жатышат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы көчөлөр жол куруучу компаниянын эсебинен кайра оңдолушу мүмкүн экенин билдирди.

Жарандык көзөмөл

Жарандык активист Александр Толмачев жеке автоунаасы менен былтыр асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүн кыдырган.

Жол оңдоо иши. Бишкек. 2015-жыл.
Жол оңдоо иши. Бишкек. 2015-жыл.

Жарандык активист бул байкоонун негизинде шаардагы оңдолгон жолдордун сапаты талапка жооп бербеген айрым фактыларды таап чыкты.

Толмачев Бишкектин Күрөңкеев көчөсүндөгү асфальт талкаланып, жол бузулган көрүнүштү видео тасмага тартып алган:

- Мен азыр Үсөнбаев көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө бурулуп баратам. Бул көчө былтыр күз мезгилинин аягында оңдолуп, пайдаланууга берилген. Арадан беш эле ай өткөнүнө карабастан асфальт кар менен кошо "эрип" кетти. Мына бул тилкеде да асфальт бузулуп, чекесинен үбөлөнө баштады.

Өөнөлгөн акча, "өлбөгөн" коррупция

Бишкектин мэриясы 2016-жылдан тартып Кытай берген гранттын эсебинен шаардагы 49 көчөнү жана алты көпүрөнү ондоого киришкен.

Шаардагы ондолгон жолдун жалпы узундугу 95 чакырымды түзөт. Бишкектин ички жолдорун оңдоого Кытай өкмөтү 481 миллион юан же 4,81 миллиард сом бөлгөн.

Жол оңдоо иштеринин көпчүлүк бөлүгүн "China Road" компаниясы аткарган. Айрым жол объектилерин "Бишкек асфальтобетон" муниципалдык ишканасы жасаган.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков жолдун акчасын өөнөп калган өнөкөт анын сапатсыз курулушуна себеп болгонун айтты:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- Бир катар өнүккөн өлкөлөрдө курулган жолдор 10-20 жылга чейин кызмат кылып берсе, биздин жолдор жарым жылга жетпей жарактан чыгып жатат. Бир эле мисал: мен жашаган Исанов көчөсүн былтыр эле оңдошкон. Бирок анын айрым тилкелери талкаланып калгандыктан быйыл кайра жасалды. Ошондо бир эле көчө эки сыйра оңдолду. Мындай фактылар өтө көп. Биз ал тууралуу айтып, Бишкек шаардык мэриясына кайрыла берип, тилибиз тешилди. Бул ири коррупциялык көрүнүштөрдүн жыйынтыгы. Анда үлкөн-үлкөн кызмат адамдарынын кызыкчылыгы жатат. Ошондуктан жоопкерчилик жок. Мыйзам бузууну көзөмөлдөй тургандар өздөрү да буга аралашып алышкан.

Кайра оңдотуунун кепилдиги

Ошол эле учурда Бишкектин мэриясы жолдун бузулуп жатканын чагылдырган Интернеттеги видео тасма боюнча териштирүү болоорун билдирди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова эгерде ал көчөлөр сапатсыз курулган болсо, анын бузулган тилкелери жол куруучу компаниянын эсебинен кайрадан оңдоло турганын айтты:

- Көчөлөр пайдаланууга берилген күндө да толугу менен кабыл алына элек болсо, анда ал жол куруу компаниясынын эсебинен кайра оңдолот. Кабыл алынгандан кийин да жолдун сапатынын кепилдик мөөнөтү боюнча ченемге ылайык жолдун кайсы бир тилкелеринин сапаты начар болгону үчүн бузулган болсо, аны да компания оңдойт.

Көзөмөл менен жоопкерчиликтин жоктугу

Бишкектеги оңдолуп жаткан көчөлөрдүн сапатынын начардыгы тууралуу маселе буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде көтөрүлгөн. Бирок жолдун сапатын көзөмөлдөөдө мыйзам бузууга жол берген тарапка чара көрүү боюнча айрым депутаттардын сунуштары ишке ашпай келген.

Эгер эл аралык тажрыйбадагыдай болуп, мына ошондой көзөмөл болгондо анда жол куруу учурунда көзөмөл болуп, жоопкерчилик жагы дагы жөнгө салынмак.
Рысбай Аматов

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов жолдор оңдолуп жаткан учурда алардын сапатына көзөмөл жүргүзүп, жоопкерчилик ала турган тарап жок болуп жатканын белгиледи:

- Жол курулуп бүтө электе эле чуңкурлар пайда болгону жөнүндө шаар тургундарынан арыз-даттануулар түшкөн. Бул көйгөйдүн бирден-бир себеби эле ошол жол курулушун көзөмөлдөй турган көз каранды эмес жактардын макулдашууга киргизилбей калганы болуп жатат. Эгер эл аралык тажрыйбадагыдай болуп, ошондой көзөмөл болсо анда жол куруу учурунда көзөмөл болуп, жоопкерчилик жагы да жөнгө салынмак.

Буга чейин Жогорку Кеңеш жол куруунун сапатын көтөрүш үчүн анын кепилдик мөөнөтүн эки жылдан беш жылга көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков былтыр ноябрь айынын аягында кол коюп, ал күчүнө кирген. Ага ылайык, курулган жол беш жыл ичинде бузулса, жол куруучу компания аны өз эсебинен оңдоого милдеттендирилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG