Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:01

Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлиги 2016-жылы 235 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузууга жол бергенин аныктап чыкты.

Андан сырткары бюджеттеги жоготуу 175,5 миллион сомду түзгөнүн, дагы 11 миллион сом ысырап болгонун, ошондон улам мекеме президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана Башкы прокуратурага кайрылганын маалымдады.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул дооматтарды четке кагып, соттошорун эскертип жатат. Башкы көзөмөлдөөчү орган Эсеп палатасынын материалдары дале каралып жатканын билдирди.

Былтыр Транспорт жана жолдор министрлиги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы менен да коррупция тууралуу дооматтын айынан кайым айтышкан.

Кийинки убакта Транспорт жана жолдор министрлигинин дарегине сын көбөйдү.

Министрлик Эсеп палатасы менен соттошот

Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдагы эсеп-кысабы тууралуу көлөмдүү отчет даярдады. Аудитор Ишенбек Медетовдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, анда аныкталган каржылык мыйзам бузуунун басымдуу бөлүгү жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашыра көрсөтүүгө байланыштуу.

- Курулуш-кураштыруу иштеринин көлөмүн ашыруу 225,6 миллион сомду, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги же болбосо кем чыгышы 7,7 миллион сомду, ошондой эле эмгек акыны негизсиз төлөө 1,9 миллион сомду түзгөн. Эң негизги каржылык мыйзам бузуу Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолун, Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортуна кетчү жолду оңдоо долбоорлоруна байланыштуу болгон. Мисалы, Балыкчы-Корумду унаа жолунда долбоор боюнча сульфатка туруктуу цемент колдонулушу керек болчу. Иш жүзүндө Кант цемент заводунан чыккан кадимки эле цементти колдонулуп коюшкан жана айырма 118 миллион сомду түзгөн. Андан сырткары жумуш ашыкча көрсөтүлүп, 762 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн.

Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, бул министрликке караштуу Жол чарба департаменти 2016-жылы жалпысынан эки миллион сомго жакын оңдоп-кураштыруу иштерин жүргүзгөн.

Ушул жерден Бишкектен "Манас" аба майданына кетчү унаа жолду оңдоо долбооруна кеңири токтололу. Жолду оңдоо үчүн 2015-жылы үч жолу тендер өткөн. Натыйжада "Технотоп" компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок Эсеп палатасынын маалыматына ылайык бул компания эң төмөн баа сунуш кылган "Империя Групп" компаниясынан көбүрөөк акча сунуш кылган, мунун айынан мамлекеттик бюджеттен 27 миң сомдой акча ашыкча сарпталган.

Жалпысынан бул долбоордун баасы бир миллион сомдон ашкан, анын ичине маселен ишти өз убагында, сапаттуу баштаганы үчүн сыйлык деп 115 миң сомдой акча кошулган. Эсеп палатасы муну да мыйзамсыз деп тапкан жана "Манас" аба майданына кетчү жол "900 миңдей сомго эле оңдолмок" деп эсептеп чыккан. Андан сырткары жол сапатсыз курулганы, иштин баасы ашыкча көрсөтүлгөнү айтылган.

Кыргызстандагы жол куруу иштери.
Кыргызстандагы жол куруу иштери.

Дагы бир жагдай - жолдун ортосунда каз-катар тизилип, дүркүрөп өсүп турган 1866 түп арчаны башка жакка көчүргөнү үчүн деп "Гүл арча" аттуу жашылдандыруу борборуна 31 миң сом төлөнүп берилген. Бирок бул арчанын көбү куурап калганы менен эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Андан сырткары, жолду оңдогон "Технотоп" компаниясынын кепилдик мөөнөтү былтыр сентябрда аягына чыккан. "Эми сапатсыз салынган, жарака кеткен, тешилген жолду министрликтин алдындагы Жол чарба департаменти мамлекеттик акчанын эсебинен оңдошу керек болот" деген бүтүм чыгарылган.

Өкмөт Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун куруу боюнча тендерди 2015-жылы күзүндө өткөргөн. Сынакка катышкан төрт компаниянын ичинен кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган. Бул компаниянын дарегине "тиешелүү лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок, тендер мыйзамсыз өткөн" деген дооматтар айтылган. Мындан улам ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев менен транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев кайым айтышкан.

Чыр Жогорку Кеңешке жетип, депутаттык комиссия түзүлгөн. Малабаев Сариевди “жеке кызыкчылыгын көздөгөн, тендер өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берген жана көздөгөн ишин орун басары Улан Уезбаевдин колу менен жасаган" деп айыптаган. Сариев болсо дооматтардын баарын четке кагып, бул чырдын саясий өңүтү бар экенин билдирген. Ал "жол куруу боюнча негизги жоопкерчилик транспорт министри Аргынбек Малабаевде болгон" деген жүйө келтирген. Бул жаңжал Сариев менен Малабаевдин кызматтан кетиши менен аяктаган.

Депутаттык комиссия "тендер мыйзам бузуу менен өткөн" деген корутунду чыгарган жана башкы көзөмөлдөөчү органга Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев баштаган мурунку мамлекеттик жетекчилердин иш-аракетине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Эсеп палатасы бул жолду курууда да сапатсыз курулуш материалдары, иштин, материалдардын баасын ашыра көрсөтүү сыяктуу бир катар каржылык мыйзам бузуу фактылары болгонун билдирген.

Үч министр, эки өкмөт башчы

2016-жылы транспорт жана жол министри үч ирет, өкмөт башчы эки жолу алмашкан. Министрликти жыл башынан апрель айына чейин Аргынбек Малабаев башкарган, Замирбек Айдаров апрель-ноябрь айлары башкарган. Андан кийин азыркы министр Жамшитбек Калилов келген. Темир Сариев жол чырына байланыштуу кызматтан кеткенде, ордуна азыркы президент Сооронбай Жээнбеков барган.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Эсеп палатасынын отчету тууралуу "Азаттык" радиосуна учкай гана комментарий берди. Министр андагы дооматтар негизсиз экенин айтып, Эсеп палатасы менен соттошорун эскертти:

- Дооматка макул эмеспиз. Азыр эми прокуратура текшерет, анан сотко өткөрөт, ошол жерден биз өзүбүздү коргойбуз. Эсеп палатасы биздин жүйөлөрүбүздү кабыл албай коюптур. Дооматтар бизге эмес, жалдануучу компанияларга айтылыптыр. Албетте, министрлик жоопкер. Бирок ал жерде туура эмес жазылып калса, министрлик ага жооптуу эмес да. Сотто укугубузду коргойбуз. Биз эми прокуратура, сот менен иштейбиз.

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

Эсеп палатасы отчетун Жогорку Кеңешке, президенттин аппаратына, өкмөткө жана Башкы прокуратурага жөнөткөн. Президенттин, өкмөттүн аппараты миллиондогон сомдук каржылык мыйзам бузуу тууралуу азырынча үн ката элек.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалымат кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов фактылар текшерилип жатканын, укуктук баа бериле электигин маалымдады:

- Аталган материалдарды Башкы прокуратура азыркы учурда карап жатат. Материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Эсеп палатасынын отчету Жогорку Кеңеште да карала элек. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратов материалдар комитетке келе электигин айтты.

- Мен деле сиздерге окшоп "ошондой болду" деп уктум. Ал маселелерди биз комитетте карай элекпиз, башка маселелерди карап жатабыз. Комитеттин кийинки жыйынынын күн тартибинде кандай маселелер бар экенин билбейм. Балким ошондо карайбызбы, билбейм. Бирок бул маселени сөзсүз караш керек. Бизге, маселен, мага материалдар келген жок. "Ушундай болуптур" деп гана угуп жатабыз.

Мурунку премьер-министр Темир Сариев каржылык мыйзам бузууга министрликтин жетекчилиги толугу менен жооп берерин белгиледи:

- Бюджеттен берилген акчаны алар туура эмес колдонуп койсо - анда министрлик, анын алдындагы мекемелер жооп берет. "Кайсы тармакта бузулду, кандай болду" деп караш керек. Негизи акчаны алып, аны бөлүштүргөн министрлик. Бюджет бекигенден кийин, Каржы министрлиги алардын берген арызы менен бюджеттин чегинде бөлүп берип турат, алар натыйжалуу колдонушу керек. Бул тикелей министрдин жоопкерчилиги. Бул жерде шалаакылык болушу мүмкүн, туура эмес көзөмөл кылгандан болушу да ыктымал, себептери көп болот да.

Мурунку жолдор жана транспорт министри Аргынбек Малабаев каржылык мыйзам бузуу анын тушунда болбогонун белгиледи.

- Ал каржылык мыйзам бузуу менден кийин болсо керек. 2016-жылы мен министр болуп 3,5 ай гана иштедим. Кыш мезгили болгондуктан чоң жумуштар деле аткарылган эмес. Мен иштеп турганда каржылык мыйзам бузууга көңүл бурулган, бир топ кылмыш иштери бар болчу, тиешелүү органдар текшерип жаткан. Менин окуганым боюнча ал жерде "Манас" аэропортуна кеткен жол, Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу деп жүргөн. Анын баарын Жол чарба департаменти жасаган да. Тендердин баарын ошолор өткөргөн. Негизи 235 миллион деген чоң акча. Буга байланыштуу мени прокуратура деле чакыра элек. Балыкчы-Корумду жолу боюнча мен кагаздарды алдым. Тергөө башкармалыгы "сиз бул иште күбө катары гана өттүңүз" деп кагаздарды берген. Бул иш боюнча материалдар прокуратурага берилсе чакырат эле да. Азырынча чакырган жок, чакырса барып көрсөтмө беребиз.

Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

"Жолдон акча жеген мусулманчылыкта да күнөө..."

Ал арада Жогорку Кеңеште Транспорт жана жолдор министрлигинин ишине доомат менен кошо мекемени текшерип чыгуу талабы көп айтыла баштады. Маселен, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов жол кызматкерлери бузулган техниканы "иштеди" деп күйүүчү май алып жатканын айтып чыккан.

- Жакында кар жааганда, Төө-Ашууда, Суусамырда жолдо бир топ түйшүк жаралды. Анын себеби - жолду тазалаган эки техника бар экен, ошолор жараксыз абалга келип калган имиш. Эми негизги, стратегиялык жолдо ушундай кыйынчылык жаралып жатса, Чаткал, Чоң-Алай, Казарман, Ак-Талаа жана башка тоолуу аймактарда абал кандай? Менимче, Транспорт министрлигинин иши кечээки окуялардан кийин күмөн санатат. Мен Башкы прокуратурага расмий кайрылып, министрликтин жолдорду караган бөлүмдөрүнүн ишин текшерип чыгууну сунуш кылат элем. Анткени бизге жеткен маалыматтарга караганда, кар толук сүрүлбөйт, отчетторунда бир топ кошуп жазылган жерлери бар. Керек болсо бузук техникага да күйүүчү май алышат экен. Мусулманчылыкта да жолдон акча жеген, жолдон кыянаттык кылган чоң күнөө болот экен.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов иштеген-иштебеген техникалык каражаттардын эсеп-кысабы маал-маалы менен такталып турарын, ошондуктан алардын эсебинен дагы каражат алуу мүмкүн эмес экенин билдирген.

- Бизде "кайсы техника иштейт, кайсы техника иштебейт" деп былтыр инвентаризация кылып, иштебей турган техниканын баарын Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу пайдалануудан чыгарабыз. "Мыйзамсыз иштер болуп жатат" дегенге кошула албайм. Бизде эми чарба чоң да, мүмкүн кемчиликтер бардыр. Ошол кемчиликтерди жоюш үчүн такай иштеп жатабыз. Департамент бар, департаментти караган министрдин орун басары бар, алардын алдында бөлүмдөрдүн жетекчилери бар. Иштебеген техникага бир нерсе алган же иштеп жатат деген дээрлик мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен жолдогу паракорчулук боюнча кайым айтышкан да жайы бар.

- Кыш айы жолчулар менен МАИ кызматкерлери акча таба турган сезон. Эки чиркеме менен бараткан жүк ташуучу унаа бурулуштан бурулушу керек. Ошол жерлерди жол тазалагычтар кичине эле тазалап коюп, машиналардын чогулганын күтүп отурат. Ошол эле унаалар чогулуп, одур-бодур болгондон кийин, "мен сүйрөп коеюн, баланча миң сом бер" дегендер келет. Анан ошол акчаны МАИ менен Минтранс бөлүшөт. Бул экөөнүн ортосундагы бизнес. Азыр факты деп атасыңар. Факты деп эле фактыга таяна бергенде болбойт да. Жамшитбек Калилович, эгер мен ушундай арызданган бир адамды таап сизге жөнөтсөм сиз кызматыңыздан кетесизби? Эгер мен калп айтсам анда мен депутаттык мандатты тапшырам.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай фактыларды териштирүүгө убада берген.

Эсеп палатасы былтыр парламентте отчет берген. Анда жалпысынан 2016-жылы үч миңден ашуун мамлекеттик мекеме-ишкананы текшерген жана жалпы суммасы 2,6 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталып, каражаттын теңине жакыны кайтарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG