Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Айдоочулар: жүргүнчүнүн убалын унутпайлы


Бишкектеги жол кырсыгы, 16-ноябрь, 2017-жыл
Бишкектеги жол кырсыгы, 16-ноябрь, 2017-жыл

17-ноябрда эл ташыган айдоочулар Бишкекте жыйын өткөрдү. Алар алгач жол кырсыгынан каза болгондорду эскеришти. Андан кийин кырсыктардын себептерин жоюуну талкуулашты.

Жүздөй киши катышкан жыйында адам өмүрүн алган кырсыктын себептери катары катуу ылдамдык, эреже сактабагандык, жолдун абалы сыяктуу себептер айтылды.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкек-Ош жолун кырсык эң көп катталган аймактардын бири деп атаган.

Айдоочулардын чогулушу алгач жол кырсыгынан курман болгондорго куран окутуу менен башталды.

Уюштуруучулар жүргүнчү өмүрүнө айдоочулар жоопкер экенин эске салышып, чогулгандарды көйгөйдү ачык талкуулоого чакырды.

Баатырбек Алыбеков көп жылдан бери Бишкек-Ош жолунда каттайт. Ал кырсыктын көбөйүшүн жаш айдоочулардын кайдыгерлигинен көрөт :

- Эптеп айдоочулук күбөлүк сатып алып, эртең эле ишке чыгышат. Уйкуну келтирбеген немени ичип барышат да, эс албай эле кайра жолго чыгышат. Ошондуктан ушундай нерселер болуп жатат. Бир чети жүргүнчү дагы тобокелге барбашы керек, айдоочунун тажрыйбасы барбы же жокпу деп сурашы керек да.

Жыйынга катышкан жаш айдоочулардын айрымдары кээде тынымсыз жол жүрүп калышарын моюнга алышты. Үй-бүлө багуу үчүн тынбай иштөөгө аргасыз экенин жүйө келтиришти. ​

Максат аттуу айдоочу болсо кесиптештерин ишине олуттуу кароого чакырды:

- Биздин жолдор талапка жооп бербейт, айдаган машиналарыбыз техникалык кароодон өткөн эмес, дөңгөлөктөр кышкыга жараксыз. Акча эле керек сыяктуу. Жолдон ойноп жарышкан учурларды көрүп жүрөм. Муну моюнга алышыбыз керек. Биз азыр бирдей жүрсөк канчалаган туугандарды аман сактап калат элек. Жол эрежелерин толук сактап, билсек жакшы болмок. Каза болгон адамдар сенин же менин тууганым болуп калышы мүмкүн да.

Бишкекте өткөн жыйынды “Трасса-такси” айдоочулар коому уюштурду. Аларга мүчө болуп миңге жакын айдоочу катталган. Көбү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына каттайт.

Айдоочулар жакынкы күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча өз сунуштарын тиешелүү тармактарга сунуштарын маалымдашты.

Буга чейин өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев жол кырсыктарынын негизги себеби айдоочулардын айынан болуп жатканын айткан:

- Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, катталган жол кырсыктарынын 87 пайызы айдоочулардын кайдыгер мамилесинен улам болгон. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча маселелер Сапар Жумакадыровичтин жеке көзөмөлүндө турат. Өкмөт бүгүнкү күндө тынымсыз иш алып барууда.

Өкмөт быйыл 30-августта да жол кыймылынын коопсуздугун оңдоо максатында аткара турган иштердин планын атайын токтом менен бекиткен. Анда жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүү иштери алты багытта аткарылмак. Бул иш-чаралардын биринчи баскычы өткөн эки айда эле аткарылышы керек болчу.

Ушул жуманын башында, 14-ноябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков жол кыймылы боюнча аткарылчу иш-чаралардын планына жетишүү үчүн тиешелүү жетекчилерге бир жума убакыт берди.

Жай айларында жол кырсыгын азайтуу максатында Ош-Бишкек жолуна патрулдук милициянын макети орнотулган. 2017-жыл
Жай айларында жол кырсыгын азайтуу максатында Ош-Бишкек жолуна патрулдук милициянын макети орнотулган. 2017-жыл

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин айтымында, азыркы өкмөттөгү жаш жетекчилердин жол коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында жоопкерчилиги жана тажрыйбасы жетишсиз:

- Жол коопсуздугун чыңдап, кырсыктардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгып, анын аркасынан түшкөн эч ким жок болуп жатпайбы. Жол кыймылындагы тартиптин жоктугу, көзөмөлдүн начардыгы жана жоопкерчиликтин жоктугу жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келип, бул азыр улуттук трагедияга айланып жатат. Ошондуктан өкмөткө көп сын айтылып жатат. Жаштык энергия жакшы. Бирок тажрыйбадан өткөн эч нерсе жок. Жаштыгына карап эле жетекчи кызматтарга тажрыйбасы жок адамдарды алып келип, иштете бергидей мамлекет эксперимент өткөрө турган жер эмес да.

Ушул күндөрү Кыргызстанда жол кырсыгын алдын алуу боюнча ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Акыркы бир айдын ичинде өлкөдө кыркка жакын адам авто кырсыктан көз жумду.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда төрт жарым миңге чукул жол кырсыгы катталып, 695 адам кайтыш болгон. Өкмөттүн маалыматы боюнча катталган жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга көбөйгөн. Өткөн он айдын жыйынтыгы боюнча жараат алгандардын саны 5,8 пайызга жогорулаган.​

"Азаттыктын" архиви: Кан жолдогу майдан. 4-май, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG