Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Сынга кабылган тапшырма


Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаты Мыктыбек Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүү үчүн "Мегаком" ишине байланыштуу сот бөгөт койгон 1 миллиард сомду бошотуу тапшырмасын сынга алды.

Абдылдаев президент муну менен аткаруу жана сот бийлигинин ыйгарым укугун өзүнө алганын көрсөтүп жатат деп кине койду. Бирок президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү президенттин бул маселени сотко берип чечүүнү тездетүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма бергени толук мыйзамдуу деп жооп кайтарды.

Ыйгарым укуктардын ылайыгы

Жогорку Кеңештин өткөн жалпы жыйында "Бир бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев курулуш токтоп калган Балыкчы-Корумду жолун оңдоого президент каражат издеп тапты деген маалыматтын таржымалына кызыкты.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев каржы министринен мамлекет башчысы жолго кандайча каражат тапканын сурап, президент муну менен Баш мыйзамдагы көрсөтүлгөн аткаруу жана сот бийликтеринин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алган жокпу деген маселени көтөрдү:

- Премьер-министр өткөндө президент 1 миллиард сом тапты эле, мына ошону жолго пайдаланабыз деп айтты эле. Бул кандай фраза? Президент 1 миллиард сомду каяктан табат? Мына ошону азыр парламенттин бюджет комитетинин төрагасы кайталап сурады. "Аны "Мегакомдон" алды" деген жооп болуп жатат. Акчаны президент кантип "Мегакомдон" ала алат? Президент мыйзам боюнча сот аркылуу бөгөт коюлган акчанын маселесин чечкенге кандайча кийлигише алат? Президенттин мына ошондой укугу барбы?

Балыкчы - Корумду жолу
Балыкчы - Корумду жолу

Ошол эле кезде парламентте каржы министри Адылбек Касымалиев Балыкчы-Корумду жолун толугу менен куруп бүтүрүү үчүн бюджеттен каражат бөлүү өткөн жылдан бери чоң машакат жаратып келгенин айтып, ага сырткы булактардан акча табуу маселеси дагы чечилбей келгенин белгиледи.

Ошол эле учурда "Мегаком" компаниясына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында бөгөт коюлуп, соттун чечиминен кийин гана мамлекеттин казынасына чегериле турган 1 миллиард сом өлчөмүндө акчаны пайдалануу маселеси келип чыккан.

Каржы министри Адылбек Касымалиев президенттин көрсөтмөсү менен мурда сот тарабынан бөгөт коюлган акчаны бошотуу тапшырмасы берилгенин айтты:

- Бул жерде ошол иш боюнча сот иштери жүрүп жаткан болчу. Мына ошол акча каражатын алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Бирок президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура ошол ишти тездетип, мына ошол акчага коюлган бөгөт алынды. Ошол каражатты бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизип жатабыз. Жолдун курулушу мына ошонун эсебинен каржыланат. Жакында бул боюнча долбоорду комитетке алып келебиз. Бул жерде сот ишине эч ким кийлигишкен жок. Башкы прокуратура ошол акчаны бөгөттөн чыгаруу боюнча сотко берип, анын чечими менен ал каражат бошотулду.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев анда эмне себептен өкмөт башчысы бул маселенин чечилишин президентке ыйгарып жатканын белгилеп, мында бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары чаташып калганын белгиледи. Баш мыйзамда бийлик бутактарына карата бөлүштүрүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык, мындай иштерди жөнгө салуу аткаруу бийлиги жана сот бийлиги аркылуу аткарыла турганы айтылды.

Президенттин ыйгарым укугу

Анткен менен президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов президент өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында мамлекет үчүн маанилүү кайсы бир маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүү үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бере ала турганын эске салып, аны аткаруу жана сот бийлигинин ишине кийлигишти деген маанидеги дооматты четке какты:

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунун абалын текшерүүдө, 28-июль, 2016-жыл
Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунун абалын текшерүүдө, 28-июль, 2016-жыл

- Президенттин Башкы прокуратурага кайрылганга мыйзамдуу укугу бар. Мына ошол мыйзамдын чегинде эле президент ага берилген ыйгарым укуктарын аткарып жатат. Бул маселеде мамлекет башчысы өз ыйгарым укугунун чегинен чыккан жок. Бардыгы мыйзам алкагында жүргүзүлдү. Анан эми жол салынып жатса, курулуш иштери токтоп калбашы үчүн ага өбөлгө түзүү керек да. Анткени ошол стратегиялык жолдун курулушунун бүтүшүн бүткүл өлкө былтыртан бери күтүп жатпайбы. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.

Кыргызстандын Баш мыйзамында мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин ыйгарым укуктары тең салмактуулук принцибинин негизинде бөлүштүрүлгөн. Кайсы бир бийлик бутагынын ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алуу же ага үстөмдүк кылуу Конституцияга каршы аракет катары бааланат. "Мегаком" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде бөгөт коюлган акчанын кайсыл кылмыш эпизодуна байланыштуу экени белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG