Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:12

Кыргызстанда туристтик сезон 6-майда ачылганы менен, адистердин айтымында туристтер эми гана келе баштады. Туристтердин көбү тоого жана кумдуу жээктерге кызыгат.

Амстердамдык Кристин Кыргызстандын тоо-ташын кыдырып жүрүп, эми гана Бишкекке келгенин айтты. Ал шаарда бир күн болуп, мекенине кайтканы жатат:

- Бишкекте бир гана күн болобуз. Бүгүн Кыргызстандагы акыркы күнүбүз. Азыр тамактануучу жай издеп жүргөнбүз. Кечээ кечинде Соң-Көлдөн келдик, ага чейин Сары-Челекте болгонбуз. Керемет жерлер экен. Жергиликтүүлөр Ысык-Көлдү эле сунуш кылып жатышты. Бирок ал жакка барганда сууга түшкөндөн башка кызыгы жок деп ойлодук. Биз Кыргызстанды бийик аска-зоолоруна кызыгып тандаган элек.

Жети-Өгүз
Жети-Өгүз

Гид болуп иштеген Махабат Максатбекова быйыл апрель айынан тартып Кристин өңдүү 200дөй чет өлкөлүк конокту тосту. Жакында эле ал достору менен алар үчүн атайын хостел ачып, иштете баштаган экен. Ал быйыл Европадан туристтердин агымы көбөйгөнүн байкаган:

- Көбүнчө Батыш өлкөлөрүнөн келишти. Белгиядан, Нидерланддан, Америкадан келгендер болду. Алар келип эле "тоого чыгабыз" деп суранышат. Шаар кыдырашабы, билбейм. Көбүнчө эле "тоо кайда" деп, Ала-Арчага кетишет. Кечээ эле жыйырма экиге чыккан француз жигиттер келишти. Алар бизден "Бишкектен тоо аркылуу ашып, Соң-Көлгө жетсек болобу?" деп сурашты. Балдардын бири "тоодо бир ай жашасам да тажамак эмесмин" деп айтып жатты.

Бишкекте тамактануучу жай иштеткен Сумсарбек Мамыралиевдин кардарларынын басымдуу бөлүгүн чет өлкөлүктөр түзөт. Ишкердин айтымында, туристердин арасында шаар аралап кыдыргандар сейрек. Анткени Бишкекте аларды кызыктыра турган кызыктуу музейлер, маданий мекемелер жокко эсе:

Сумсарбек Оббо.
Сумсарбек Оббо.

- Көбүнчө Батыш өлкөлөрүнөн жана Жапониядан келген коноктор басымдуу болот. Жапониядан бизге ыктыярчылар көп келет экен. Быйыл Гонконгдон келген туристтер көп болду. Менин байкашымча, көбүнчөсү Европадан келген аз бюджеттүү туристтер. Алар келип эле тоолорго, жаратылышка суктанып, аймактарга чыгып кетишет. Бишкекти кыдыргандары дээрлик аз. Анткени бизде туристти кызыктырган музейлер, маданий мекемелер жок.

Быйыл туристтик сезон 6-майда Ысык-Көлдө расмий ачылган. Ысык-Көл облусуна былтыр жайкы туристтик сезон мезгилинде өлкө ичинен жана сырттан келген туристтердин саны 783 миңден ашык адамды түзгөн.

Ысык-Көлгө туристтер негизинен Орусиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кытайдан жана Европа өлкөлөрүнөн келишет.

Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов акыркы күндөрү аба ырайынын кескин ысып жатышы өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүп жатканына токтолду:

- Ушул убакка чейин сезон жакшы кызыбай жаткан. Бул эми аба ырайына көз каранды. Тоо туризми, маданий туризм да жакшы бир жолго түшүп калды. Азырынча статистикалык маалыматтарды айтуу эрте.

Жамангуловдун айтымында, быйыл Араб Эмираттарынан келген туристтер көбөйгөн:

Азамат Жамангулов.
Азамат Жамангулов.

- Быйыл Араб Эмираттарынан көп келишкенин көрүп жатабыз. Мисалы, мен бүгүн чет өлкөлүк конокторду тоскону аэропортко барсам, отуз пайыздан ашыгы эле ушул өлкөдөн келгендер экен. Менимче, алар экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келгенде Кыргызстанды жактырып

калышкан.

Расмий маалымат боюнча 2017-жылы Кыргызстанга чет өлкөлүк 2,7 миллиондой турист келген.

Кыргызстанга негизинен Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан туристтер көп келет. Алардын 70 пайызы Ысык-Көл облусуна келсе, 20 пайызы Ош облусуна барат. Калган 10 пайызы өлкөнүн башка аймактарын кыдырат.

Адистердин баамында, Кыргызстан чет өлкөлөрдө эскиден сакталып калган маданияты, асман тиреген тоолору, жаратылышы менен белгилүү. Жайкы сезондон тышкары, күзүндө өтүүчү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн туристтердин келиши күтүлүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG