Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

"Көчмөндөр" оюндары: Этнофестивалга катышуучуларды тандоо туру башталат


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 9-сентябрь, 2016-жыл.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 9-сентябрь, 2016-жыл.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядагы иш-чара бүгүн башталып, эртең аяктайт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууну каалаган кыргызстандыктар "этнохит", "этнобий", "этномода" жана "айтуучулук чеберчилиги" боюнча сынактан өтүшөт.

Жеңүүчүлөр "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалына катышууга жолдомо алышат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтмөкчү. (NT)

XS
SM
MD
LG