Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:57

Чакан ГЭСтердин чоң чатагы


Кыргызстандын энергетиктери. Иллюстрациялык сүрөт.

Чакан ГЭСтердин консорциуму "өкмөт Ысык-Көл облусундагы "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" чакан ГЭСтерин ишке киргизүүгө тоскоолдук кылып жатат" деп даттанды. Анын айынан бул чакан ГЭСтерди куруш үчүн банктардан алынган насыялардын үстөк пайызы көбөйүп, инвестор чоң зыянга учурап жатканын билдирди.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт "чакан ГЭСтер курула турган жер тилкеси трансформациялоодон өтпөй эле сынаксыз курулган" деген дооматты коюп келсе, учурдагы өкмөт маселени чечүүгө убада берип, бирок аны төрт айдан бери кечеңдетип жатканы белгилүү болду.

"Ички инвесторлорду колдоо саясаты иш жүзүндө башкача жүрүп жатат" деп эсептеген ишкер бюрократиялык тоскоолдуктан улам, бул энергетикалык долбоорлордун тагдыры туңгуюк абалга кептелгенин белгиледи. Өкмөттүн аппаратынан ага жолтоо болгонго негиз жок экенин, документтер атайын тартипте каралып, текшерилип жатканын айтып, жооп кайтарышты.

Курулуштун таржымалы

Жеке ишкер, мурдагы парламент депутаты Рахатбек Ирсалиев жетектеген консорциум 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" деген чакан ГЭСтерди куруп бүтүп, ишке киргизүүгө уруксат сураган. Муну негиздеген кат менен ал өкмөткө 2017-жылдын 30-ноябрында, 8-декабрда, 26-февралда жана 23-апрелде кайрылган. Бирок "Чыгыш электр" ачык акционердик коому чакан ГЭСтерди курууга техникалык шарттарды берип, алар өндүрө турган электр энергиясын сатып алуу жөнүндө келишимге кол коюлса да аларды ишке киргизүүгө уруксат берилбей келген. Ишкер чакан ГЭСтерди куруш үчүн алынган насыянын үстөк пайыздарын төлөө маселеси келип чыкканына кабатыр.

Чакан ГЭСтер консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев ГЭСтерди ишке киргизүүгө башында Сапар Исаковдун өкмөтү каршы чыкса, азыркы өкмөт тымызын бюрократиялык тоскоолдукту улантып жатканын айтып даттанды:

Рахатбек Ирсалиев
Рахатбек Ирсалиев

- Бул иштин башында "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев, азыркы өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы болуп иштеп жаткан Азамат Оморов жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков турган. Баары биригип алып, маселенин келечегин карабай, анын канчалык керектүү же керексиз экенин изилдеп отурбай эле бул долбоорлорго тескери мамиле кылып туруп алышты. Азыр деле төрт айдын жүзү болуп калды. Премьер-министр өкмөттүн курамын тааныштырып жатканда бул маселе боюнча суроо болгон. Ошондо ал "Ички инвесторлорду колдой албасак, тыштан инвесторлор кантип келмек эле? Бул долбоорлорду сөзсүз колдойбуз" деген сөзү бар. Бирок ошол сөзү менен иши дал келбей жатат. Мен эми ал чакан ГЭСтерди көчүрүп кете албайм. Ал жерге мен 515 миллион сомду сарптагам. Алынган насыялардын үстөк пайызы күндөн күнгө өсүп жатат. Маселе дагы эле чечиле элек. Эгерде убагында өкмөт "Чыгыш электр" ишканасына, мага "чакан ГЭСтердин техникалык шарттарын бербей тургула, мүмкүнчүлүк жок" десе, мен ал чакан ГЭСтерди курбайт элем да. Бирок башында макулдук берип алып, анан тиешелүү мамлекеттик органдын кызматкерлери биз курган чакан ГЭСтердин ишке киришине кыянатчылык менен тоскоолдук кылып жатышат. Анан "ГЭСтер салынган жер тилкелери райондук акимчиликтен эле өтүп, өкмөттөн трансформациядан өткөрүлгөн эмес, курулуш иштерине сынак жарыяланган эмес" деген сыяктуу шылтоолорду таап чыгышты.

Электр баасы: тарифтин мыйзамдуулугу

Рахатбек Ирсалиевдин айтымында, башында өкмөт ал чакан ГЭСтердин электр энергиясынын баасы кымбат экенин жүйө келтирген. Ошондуктан мурдагы өкмөттө андан баш тартуу жөнүндө маселе коюлганы айтылган. Бирок инвестор чакан ГЭСтер өндүргөн 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 4 сом 70 тыйын өлчөмүндө "Энергиянын жаңылануучу булактары" жөнүндө мыйзамдын негизинде аныкталганын белгилеген.

Кеминде чакан ГЭС ишке кирди

Кеминде чакан ГЭС ишке кирди

Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Долбоор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ГЭСке 215 миллион сом сарпталды.

Ишкер Башкы прокуратурага арызданып, башкы көзөмөл органы бул жерде "Ишкерлердин укугун коргоо" тууралуу мыйзам бузулуп жатканын белгилеген. Ошол кездеги өкмөткө макулдашуунун шарттарын бузууга байланыштуу кеткен кемчиликтерди оңдоо боюнча эскертүү берген. Эгерде "Чыгыш электр" ачык акционердик коому менен электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим бузула турган болсо, анда чакан ГЭСтерди курган инвестор мамлекетти сотко берип, утуп алганга мүмкүнчүлүк ала турганы Башкы прокуратуранын 2017-жылдын 21-декабрындагы көрсөтмөсүндө берилген.

Анткени "Энергиянын жаңылануучу булактары тууралуу" мыйзамдын 12-беренеси электр бөлүштүрүүчү компанияны чакан ГЭС өндүргөн электр кубатын сатып алууга милдеттендирет.

Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев эки эселенген баадагы тариф инвестор чакан ГЭСтерди салууга жумшаган чыгымын актап алганга чейин гана жеңилдик катары берилгенин айтты:

Таалайбек Нурбашев.
Таалайбек Нурбашев.

- Бул жерде тариф боюнча маселе жок. Чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн 1 кВт саат электр энергиясынын баасы мыйзамда бекитилген. Биз болсо "инвесторлор келсин, чакан ГЭСтер салынсын" деп эле жатабыз. Бизге баары бир электр кубаттуулугу керек. Анткени CASA-1000 программасы боюнча "келечекте Ооганстанга, Пакистанга электр кубаттуулугун беребиз" деген Кыргызстандын милдеттенмеси бар. Анан эми жанагы максималдуу 2,1 деген коэффицент мыйзам менен бекитилип, инвестор чакан ГЭСтерди курууга кеткен чыгымдарын актап алган мөөнөткө чейин жеңилдик катары берилген.

Инвестор келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгымын актаса, аны эки жылда актайбы же андан көбүрөөк болобу, ошондон соң жалпы тариф боюнча эле өндүргөн электр энергиясын сата баштайт. Бул өнөр жайы үчүн 2 сом 24 тыйындан жана калк үчүн 77 тыйындан сатыла баштайт деген сөз. Бул мыйзамда ушундай каралган.

Насыя төлөөнүн машакаты

Эгерде мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, инвестор "Чыгыш электр" акционердик коому сатып ала турган электр энергиясынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген. Бирок өкмөт ага да макул болбостон, андан кийин чакан ГЭСтер курулган жер тилкелери Тоң райондук акимчилигинин гана уруксаты менен бөлүнгөнүн, ага мыйзам боюнча өкмөттүн трансформациялоо уруксаты керек экенин билдирген.

Ошондон кийин жер тилкелерин трансформациялоого уруксат берүүнү сураган документтер өкмөткө жөнөтүлгөн. Кийин келген өкмөт бул маселени чечүүгө убада берип, бирок андан кийин да бул чакан ГЭСтерди ишке киргизүүгө уруксат берилбей келе жатканы белгилүү болду.

Ишкер Рахатбек Ирсалиев ички инвесторлорду колдоо, макулдашуулардын шарттарын сактоо жана аймактарды өнүктүрүү чакырыгы курулай убада бойдон калып жатканын билдирди:

Бул маселе боюнча ушул кезге чейин чечим кабыл алынбай жатканы мага түшүнүксүз.

- Азыркы премьер-министр "аймактарды өнүктүрөбүз, инвестиция тартабыз" деп көп айтат. Бирок айтылган сөздөр жасалып жаткан иштерге дал келбей жатпайбы. Азыркы учурда чакан ГЭСтерди салыш үчүн алган насыяларыбыз үчүн эле ай сайын 7 миллион сомдон ашуун каражат үстөк пайыз төлөгөнгө мажбур болуп жатабыз. Бул эми насыянын үстөк пайызы эле. Ал эми ГЭСтер курулган жер тилкелерин трансформациялоо боюнча токтомдун долбоору өкмөттө 24-майдан бери жатат. Азыр болсо август болуп калды. Арадан канча бир убакыт өтүп кетти. Анын ичинде бул документ премьер-министрдин үстөлүндө жатат. Бул маселе боюнча ушул кезге чейин чечим кабыл алынбай жатканы мага түшүнүксүз. 3-май күнү мамлекет башчысы Сооронбай Шарипович Тоңдогу эл менен жолугушуу учурунда бул боюнча суроо бердим. Ал "бул жерде сиздин күнөөңүз жок, мында мамлекеттик бийлик органдары менен энергетиктердин күнөөсү бар. Сиздин арыз менен таанышып чыктым, тиешелүү тапшырмаларды бердим" деп айткан. 2015-жылы Кыргызстан Казакстандан 600 миллион кВт/саат электр энергиясын 5 сом 60 тыйындан 3,5 миллиард сомго сатып алган. Ошол учурда акча табылып, Казакстандын экономикасын көтөрүүгө даяр экенбиз дагы, биздин өзүбүздүн чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясынын акчасын төлөп бергенге мүмкүнчүлүк таба албайт экенбиз...

"Чыгыш электр" ачык акционердик коому 2017-жылы 25-январда Тоң районунда жайгашкан "Көк-Сай" жана "Коңур-Өлөң" чакан ГЭСтерин тиешелүү көмөк чордондорго кошулууга уруксат берүүнү караган техникалык шарттарды берген. Инвестор тарап техникалык шарттарда каралган бардык талаптарды аткарып, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун "Темир-Канат" жана "Тогуз-Булак" көмөк чордондоруна техникалык кошуу чараларын камсыз кылган.

Себепсиз "себеп" же өкмөттү ойлонткон оорчулук

Бул чакан ГЭСтерди ишке киргизип, буга чейин келишимде көрсөтүлгөн график боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуу маселеси гана калган. Ал кезде башында мыйзамда бекитилген тариф боюнча, андан соң өкмөттө жер тилкелерин трансформациялоо жагынан маселе көтөрүлгөн.

Өкмөттүн Өнөр жайы, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Азамат Оморов инвесторго эч кандай атайылап кечеңдетүү же кандайдыр бир тымызын тоскоолдук жок экенин айтып, бул маселе боюнча документтер тиешелүү макулдашуулардан өтүп жатканын жүйө келтирди:

Азамат Оморов.
Азамат Оморов.

- Эч ким деле ага тоскоолдук кылган жок. Ал эмнеге антип айтып жатканына түшүнгөн жокмун. Себеби эмне экенин да билбей турам. Бул жерде бөлүмдөрдүн кандай тиешеси бар? Мен ал адамдын айтканына түшүнгөн жокмун. Ал киши ошентип айтып койсо эле силер аны чыгара бересиңерби? Бул жерде эч кандай башка себептер жок. Болгону бизде маселени кароонун тиешелүү эрежелери бар. Документ азыркы учурда ошол жол-жободон өткөрүлүп жатат. Ар бир мекемеде өзүнүн эрежелери бар да. Бул жерде ага эч ким тоскоолдук жасайын деген жери жок.

Анткен менен өкмөттөгү ишенимдүү булак учурда "Чыгыш электр" ишканасы чакан ГЭСтер өндүрө турган кошумча электр кубаттуулугуна муктаж эмес экенин, электр энергиясына жакын арада таңсыктык жогун жана мындай жагдайда мамлекет жеке менчик чакан ГЭСтен 1 кВт электр энергиясын 4 сом 70 тыйындан сатып алууну туура эмес деп эсептей турганын билдирди. Андай болсо эмне себептен былтыр анда бул чакан ГЭСтерге техникалык шарттар берилип, жылына 19 миллион кВт саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлуп калганы түшүнүксүз бойдон калды.

Жергиликтүү бийликтин позициясы

2017-жылы 23-ноябрда "Чыгыш электр" ачык акционердик коому электр энергиясын сатып алуу боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Бирок Башкы прокуратура аны мыйзамсыздык катары баалап, эскертүү бергени жогоруда көрсөтүлдү. Тоң районундагы Болот Мамбетов атындагы айыл аймагынын башчысы Ильич Көөкөров бул энергетикалык долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгына токтолду:

Биз бул долбоорду башынан баштап колдоого алып, кызматташа баштаганбыз. Анткени ал ишке кирсе, биздин жергиликтүү бюджетке да салыктар түшөт эле.

- Биз бул долбоорду башынан баштап колдоого алып, кызматташа баштаганбыз. Анткени ал ишке кирсе, биздин жергиликтүү бюджетке да салык түшөт эле. Инвестор тарабынан бир катар социалдык пакетти аткаруу жагы каралган. Чакан ГЭСтер ишке бериле электе эле ошондой социалдык долбоорлор аткарылып келди. Мисалы, биздин Жер-Үй, Көк-Сай айылдарындагы жалпы узундугу 10 чакырымга жакын көчөлөргө кум-шагыл төгүлүп, оңдолду. Ошондон эле биздин эл инвестор жигердүү демилгелерди колдоп бере турганына көзү жетип калды. ГЭСтер иштей баштаса элибиз жумуш менен камсыз болот деген ишенимде элек. Ишкер эгерде чакан ГЭСтер ишке кирсе, биздин айылдардагы мектептерге акысыз Интернет тармагын киргизип берүүгө дагы убада берген.

Ошол эле учурда Тоң районундагы Күн Чыгыш айыл аймагынын башчысы Уланбек Турганбаев өкмөт уруксат берүүнү кечеңдеткендиктен андагы беш айыл аймагынын малчылары бул чакан ГЭСтерди курган ички инвестордун алыскы жайлоолорго кетчү жолду кыскарта турган долбоору токтоп калганын билдирди. Андыктан ички инвестор ишке ашыра турган долбоорлорго эмнеге тоскоолдук болуп жатканы түшүнүксүз болуп жатканын айткан Уланбек Турганбаев өкмөттү жергиликтүү элдин талабын да эске алууга чакырды:

Уланбек Турганбаев.
Уланбек Турганбаев.

- Биздеги беш айыл аймагынын малчылары, чабандары жайлоого чыга турган Сырт зонасында Арчалуу деген өрөөн бар. Ал жайлоого барыш үчүн биздин жарандар 300 чакырым жерди басып өтүп, Кочкор району аркылуу ошол жакка жетишет. Инвестор ал жолду кыскартып, жайлоого кетчү жолду өзүнүн техникасы менен оңдоп бере турган болду эле. Бул жол салынса, анда алл жолдун жалпы узундугу 67 чакырымды гана түзүп калып, биздин чабандар малын жайлоого жеткирүүдө убактысын жана каражатын үнөмдөп калат эле. Ошондой эле чакан ГЭС иштей баштаса, айыл чарба азыктарын чыгара турган ишканалар да ачылып, кошумча электр кубаттуулугу болмок. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле.

Бардык жер тилкелерин трансформациялоого уруксаттан сырткары бардык документтер берилип, бирок өкмөт чакан ГЭСтер өндүрүп чыгара турган электр энергиясын сатып алуудан баш тарткан жагдайды көз каранды эмес юристтер соттук териштирүүнүн предмети катары баалашты. Бирок чакан ГЭСтердин консорциуму өкмөт менен соттошууга барбай, маселени сүйлөшүү аркылуу чечүүнү оң көрүп жатканын билдирди. Ишкер Ирсалиев өкмөт аппаратынын тиешелүү бөлүмүнөн ага маселе үч-төрт күн аралыгында чечиле турганы тууралуу оозеки жооп берилгенин белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG