Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Багы ачылбаган ГЭСтер...


“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кыргыз өкмөтү келишимди үзгөн чехиялык Liglass Trading компаниясы жана тийиштүү аткаминерлердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылат.

Кыргыз өкмөтү 4 ГЭСтен турган Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык Liglass Trading компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. Мындай батыл чечимге Liglass Trading компаниясы 37 миллион долларды белгиленген мөөнөттө төлөбөгөнү себеп болду. Буга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков чукул кеңешме өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кабыл алынган келишимди 8 мүнөттө жокко чыгарды.

Мунун алдында Liglass Trading компаниясынын кожоюндары Михаэл Смелик жана Йиржи Войтековски Бишкекте маалымат жыйын куруп, ГЭС курууга дармандары калбаганын ачык айтышкан.

Чех ишкерлери компания форс-мажор абалга туш болгонун моюндап, бирок буга өздөрү эмес, Темир Сариев, Феликс Кулов жана Эдил Байсалов күнөөлүү экенин айтышты. Алардын жүйөсүндө аты аталган саясатчылардын Liglass Trading компаниясынан күмөн санап, эл аралык медиага берген маектери алардын өнөктөштөрүн үркүткөн. Анан калса Михаэл Смелик компаниянын акчасы жок экенин ашкерелеген Эдил Байсаловду сотко берерин да кыйытты.

Ал арада “Азаттыктын” колуна Liglass Trading компаниясынын расмий билдирүүсү келип түштү. Анда кыргыз өкмөтү Liglass Trading компаниясы тендерге катышуу үчүн төлөгөн 1 млн 147 миң долларды 11-августка чейин эле кайтарып берүүсү керектиги жазылган. Алар акчаны кайтарбай жатканы үчүн кыргыз өкмөтүн айыптап, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган.

Мындан сырткары Liglass Trading кыргыз өкмөтү “РусГидро” компаниясынын эл аралык арбитражга кайрылып жатканы тууралуу маалыматты жашырган деп күнөөлөгөн. Ошондой эле билдирүүдө вице-премьер-министр Дүйшөн Зилалиев Liglass Trading компаниясынын кожоюндарын Чехиядан чакыртып алып, жолукпай койгону да жазылган. Бул жагдай боюнча өкмөт комментарий бере элек.

"Ыңгайсыз суроолор": Багы ачылбаган ГЭСтер...
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG