Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Liglass менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылат


Liglass Trading компаниясынын ээси Михаэл Смелик (оңдо) жана компаниянын Борбор Азиядагы долбоорлорунун башчысы Йиржи Войтековски Бишкектеги маалымат жыйынында. 18-сентябрь, 2017-жыл
Liglass Trading компаниясынын ээси Михаэл Смелик (оңдо) жана компаниянын Борбор Азиядагы долбоорлорунун башчысы Йиржи Войтековски Бишкектеги маалымат жыйынында. 18-сентябрь, 2017-жыл

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Traiding компаниясы менен 28-июлда түзүлгөн келишимди жокко чыгарарын бүгүн өкмөттүн чукул жыйынында жарыялады. Ушул эле күнү Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн чехиялык компаниянын өкүлдөрү чыны менен каржылык оор абалда турушканын жана убада кылынган 37 млн долларды 19-сентябрга чейин төлөй албай калышкандыктарын мойнуна алган.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Кыргызстандагы 10 чакан ГЭСти куруу үчүн келишим түзгөн чехиялык Liglass Trading компаниясы каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин 18-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында ачык жарыялашты.

Liglass Trading компаниясынын өкүлдөрү мындай кырдаалга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сурады.

Ал эми чех ишкерлери күнөөлөгөн кыргызстандык саясатчылар болсо аталган компания башынан эле ГЭС курууга кудурети болбогонун айтып, кыргыз өкмөтүн келишимди тезинен жокко чыгарууга чакырды.

Ушул эле күнү кечке маал чукул жыйында премьер-министр Сапар Исаков чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, тиешелүү министрликтерге аны бир тараптуу жокко чыгаруу тапшырмасын берди.

Liglass: каралоодон жабыр тарттык

Чехиялык Liglass Trading компаниясынын ээси Михаэл Смеликтин 18-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында айтканына караганда, коомдук ишмер Эдил Байсалов, мурдагы премьер-министрлер Феликс Кулов жана Темир Сариев чех компаниясынан күмөн санаган маалыматтарды тараткан соң долбоорду каржылоого даяр турган өнөктөштөр андан баш тарткан:

- 2-августта Лондондогу Беркли эл аралык банкы биздин долбоордон жана биздин өнөктөштү каржылоодон баш тартты. Ал акча которууга даярданып жатты эле. Банк мындай чуулгандуу ишке байланыштуу тобокелге барбай турганын айтты. Мындан сырткары Михаэл Смеликтин Европа боюнча "Юникредит" банкта 40 эсеби бар болчу. Азыр ушул медиа чабуулдан улам алар атайын комиссиянын текшерүүсүндө турат. Мындан улам 50 евро телефонго төлөй албай жатабыз.

Михаэл Смелик.
Михаэл Смелик.

​Михаэл Смелик мындан улам компания форс-мажордук абалга тушугуп, келишимди аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын кошумчалады.

Айтылган мөөнөттө төлөнбөй калган акча

Компания өкүлдөрү 19-сентябрга чейин орусиялык "Русгидро" компаниясына төлөнүшү керек болгон 37 миллион долларды качан которорун билишпей жатканын, бул боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү өткөрөрүн бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришкен.

- Биз кырдаал жана келишимдеги пункттар боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Биз азыр конкреттүү бир нерсе айта албайбыз. Биз мурдатан айткандай, иш жүрүп жатат. Аны токтоткон жокпуз. Азыр техникалык-экономикалык негиздеменин акыркы версиясын даярдап жатабыз. Ал эми калган пункттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүшүбүз керек, - деген эле бүгүн Liglass Trading ишканасынын Борбор Азиядагы долбоорлорунун башчысы Йиржи Войтековски.

Өкмөт Liglass менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарат​

Премьер-министр Сапар Исаков чехиялык Liglass Traiding компаниясы келишимди аткарбаганын белгилеп, тиешелүү министрликтерге аны бир тараптуу жокко чыгаруу тапшырмасын берди. Бүгүн кечке маал ушул маселеге арналган өкмөттүн чукул жыйынында Исаков Кыргызстан убакыттан уттурганын кошумчалап, кайрадан тендер жарыялана турганын айтты:

- Мындай сунуш киргизилген соң мен аны колдойм. Эртең мөөнөтү бүтүп жатканына байланыштуу келишимди бир тараптуу бузуу боюнча жараянды баштоо керек. Келишимде кандай жазылса, аны сакташ керек. Кийин соттордо утулбаш үчүн нормаларды бузбоо зарыл.

Кыргыз тараптын айтымында, аталган компания күрөө катары төлөгөн 1 млн 147 миң доллар Кыргызстанда калат.

Исаков: "Лигласс" менен келишимди бузабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев чехиялык компания менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруудан Кыргызстан зыян тартпай турганын бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Зилалиев журналисттерге учурда чакан ГЭСтерди курууга дагы бир чехиялык “Энерго-про” аттуу компания жана Индия, Түштүк Кореядан ишканалар кызыгып жатканын кошумчалады.

Кыргыз саясатчыларынын жообу

Чех ишкерлери кадыр-баркына шек келтирди деп коомдук ишмер Эдил Байсаловду сотко берерин, ал эми Темир Сариев жана Феликс Кулов боюнча кеңешип туруп чечим кабыл алышаарын билдиришкен бүгүнкү маалымат жыйынында.

Күмөндүү чехиялык Liglass Trading CZ

Күмөндүү чехиялык Liglass Trading CZ

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясы тууралуу Чехиянын өзүндө чуулгандуу маалыматтар чыгып жатат.

Liglass Trading боюнча иликтөө жүргүзүп келген Эдил Байсалов буга чейин эле кыргыз өкмөтүн чехиялык компания менен кабыл алган келишимин токтотууга чакырып келе жаткан. Ал аталган компаниянын ГЭС курууга кудурети жок экени мурдатан эле белгилүү болгон деп эсептейт.​

- Булардын чөнтөгүндө бир да тыйыны жок экенин башынан эле айтып келатабыз. Биздин шалаакы өкмөтүбүздү пайдаланып, контрактка кол койдуруп алып, Кыргызстандын атын сатып, 100 миллион долларлык киреше табам дегендер башка себеп таппай калып, мени күнөөкөр кылып жатса, анда буга мен сыймыктанам. Анткени мен өзүмдүн мекенимди чоң аферадан сактап калдым деп эсептейм. Булар менен айтышканга убактым да, алым да жок. Булар ким экенин билем. Мен түздөн-түз Сапар Исаковго кайрылып, келишимдин жокко чыгарылышын талап кылам, - деген бүгүн Байсалов.

Жарандык активист чехиялык ишкерлерге ГЭСти куруу үчүн инвестор табууга АКШда финансылык мыйзам бузуу үчүн мурда соттолгон Уэйн Хайес аттуу адам жардам берип жатканын айтып чыккан. Бишкектеги маалымат жыйынында Михаэл Смелик Хайестин финансылык өнөктөшү экенин ырастап, бирок анын мыйзам бузууларга тиешеси жоктугун билдирди.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун айтымында, аталган компания келишимди аткара албай, маселени саясатка айландырууга аракет кылууда:

- Биздин чехиялык өнөктөштөр өздөрүнүн планы ишке ашпай калып, кемчиликти моюнуна албай, аларды ачык сындаган адамдарга күнөөнү оодарууга аракет кылганы күлкү келтирет. Алар эптеп эле абалдан чыгуунун айласын көргөнү байкалып турат.

Кыргызстан LiglassTrading CZ, SRO компаниясы менен келишимге быйыл июль айында кол койгон. Алар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти кура турган болгон.

"Лигласс Трейдинг" ГЭС курбай калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Бирок компаниянын каржылык абалы өтө оор жана эч кандай тажрыйбасы жок экени алгач Чехиянын өзүндө, кийин Кыргызстанда байма-бай айтылган.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов буга чейин ГЭСтер долбооруна байланышкан маселелерди өз алдынча иликтеп чыккан. Анын пикиринде, аталган компания Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди пайдаланып, америкадагы фондулук биржаларга чыгаруу аркылуу пайда көрүүнү максат кылган.

Премьер-министр Сапар Исаков 25-августта парламентте сүйлөп жатып "эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат" деп айткан.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Орусия кыргыз тарап 37 млн доллар бересе экенин айтып келатат. Чехиялык компания келишим түзүп жатканда ошол акчаны 19-сентябрга чейин төлөөнү убада кылган.

LiglassTrading компаниясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсү (21-июль, 2017)
Liglass Trading кантип курчуду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:03 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG