Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

“РусГидро” кыргыз өкмөтүн сотко берерин жар салды


ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районундагы Таш-Башат айылындагы курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү. 12-июнь, 2013-жыл.
ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районундагы Таш-Башат айылындагы курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү. 12-июнь, 2013-жыл.

Орусиялык “РусГидро” компаниясы 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн кыргыз өкмөтүн сотко берери белгилүү болду.

"РусГидро" ишканасы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна байланыштуу кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берет. Бул тууралуу “РусГидронун” башчысы Николай Шульгинов РИА Новости маалымат агенттигине билдирген.

Шульгинов курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаганын айткан. Бул маалыматты “Азаттыкка” “РусГидронун” маалымат кызматынын өкүлү Иван Слива да тастыктады.

Өкмөт "Лиглассты" күтөт

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов кыргыз өкмөтү “РусГидро” менен соттошууга даяр экенин айтууда. Анын ишендиришинче, бул сумманы 18-сентябрга чейин чехиялык Liglass Trading компаниясы “РусГидрого” которушу керек.

- “РусГидро” сотко берүүгө укугу бар. Берсе соттошобуз, башка айла жок. Бирок Liglass Trading менен түзүлгөн келишим боюнча 18-сентябрга чейин убакыт бар. Алар 4-августтан баштап 30 банктык күндүн ичинде “РусГидрого” 37 миллион доллар которушу керек. Биз азыр күтүп жатабыз. Берилген мөөнөттө төлөбөсө келишимди бузабыз. Бирок “РусГидро” чындап 37 миллион доллар сарптаганын эл аралык аудит менен такташыбыз керек. Бул сумма алардын сөзү менен эле айтылып жатат.

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

Орусиялык басылмалар бул жумада "РусГидро" ишканасы расмий Бишкектен акча доолап жатканын, ал эми Душанбе мигранттарына Москвадан жеңилдик сураганын, Москва болсо Ташкентти өзүнө имергиси келип турганын жазышты.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, "РусГидро" аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсацияланган.

Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курулбаганын жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап андан баш тартып, Кыргызстан 37 миллион доллар бересе экенин айтып келет.

Жогорку Кеңеште да бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, эл өкүлдөрү курулушка кеткен каражаттар 2-3 эсе кымбат эсептелген деп бүтүм чыгарган.

Келишим бар, курулуш жок

ГЭС курулушундагы жоопсуз суроолорду өз алдынча иликтеп келаткан коомдук ишмер Эдил Байсалов долбоорду үзгүлтүккө учураткан аткаминерлерди жоопко тартуу керектигин айтып келет. Анын пикири боюнча “РусГидро”, Liglass Tradingге байланышкан чырларда Кыргызстан убакыттан уттуруп, аброюн жоготууда.

- Азыркы өкмөткө түшүнбөйм. Эмнебиз кетип жатты эле, болсо болот, болбосо жок деген позицияны карманып келет. Биз убакыттан уттуруп жатпайбызбы. Бул маанилүү эмеспи? “РусГидрого” алданып 4-5 жылыбыз кетти. Эми "Лигласс" менен дагы беш жыл сүйрөлөбүзбү? Президент экономиканын өзөгүн ГЭСтер түзөт деп айтып келет. Анда экономикабыз эмне болот? Мени кызыктырганы Кыргызстанда ГЭС качан курулат? Качанга чейин жалдырап жүрө беребиз?

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

Анткен менен парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев чехиялык компания ГЭСти курбай калса Кыргызстан эч нерсе жоготпойт деп ишендирүүдө.

- Эгер чехиялык компания 37 миллионду төлөбөсө өкмөт аларды мажбурлай албайт. Болгону айып санкцияларын колдонот. Конкурска катышканда күрөө катары койгон миллион доллары бар, ошол күйүп кетет. Анан бул маселени саясатташтыра берген туура эмес. Чехиялык компания тууралуу ар кандай маалымат таркап жатат. Бирок биздин өкмөт алар менен келишим түзөрдө депозитте акчасы барбы-жокпу текшерген. Болбой калса эч нерсе уттурбайт. Анын үстүнө инвесторлор ГЭС курабыз деп чуркап жүргөн жок да.

Ал арада мурдагы өкмөт башчысы, президенттикке талапкер Темир Сариев билдирүү таратып, ГЭС курулушун эл аралык жаңжалга айланткан чиновниктердин жоопкерчилик маселесин көтөрдү.

- Укук коргоо органдары бул маселени тыкыр илкитеп чыгышы керек. Эгерде бул компаниянын акчасы, тажрыйбасы болсо ГЭСти курушу керек. Эгер андай болбой, процедуралар бузулган болсо келишимге кол когондор жооп бериши керек. Бул маселени так ушундай болуп чечилишине кызыкдар болгон, лобби кылган адамдарды аныктап чыгышыбыз керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, бүгүн болбосо эртең күнөөкөрлөр сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат.

Liglass Trading компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча конкурсту утуп алган. Келишимге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан.

Көп өтпөй чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, ошондон бери бул компаниядан шек санаткан маалыматтар чыгып келет.

"Лигласстын" өкүлдөрү болсо ГЭС курууга акчасы жетиштүү экенин айтып келет. 4-августта “Электр станциялары” ишканасы Liglass Trading 30 банктык күн ичинде “РусГидрого” 37 миллион доллар төлөп, үч ай ичинде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштеп чыгышы керектигин айтып келет.

Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG