Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

37 миллион доллар санаасы: "РусГидро" сотко берет-бербейт


"РусГидро" компаниясы курган шаарча.
"РусГидро" компаниясы курган шаарча.

Бүгүн “Жаңы ордо”, “Фабула”, “Супер инфо”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Вечерний Бишкек” гезиттери чыкты.

Орусиялык “РусГидро” компаниясынын Кыргызстандагы 37 миллион долларынын чоо-жайына “Жаңы ордо” гезити токтолду. Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын эл аралык арбитраждык сотко берип, убара тартпай эле Кыргызстандан ал акчаны өндүрүп алууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү деген пикирде. Анын айтуусунда, Орусия кыргызстандык мигранттарды кысып, бул жакка мунай продукцияларын өткөрбөй экономикалык басым жасаса “биздин өкмөт айласы жок, айткан күнү акыркы тыйынын санаса дагы төлөп берет. Төлөбөйбүз, соттошобуз деген болбогон кеп”, дейт Шыкмаматов.

Ушул эле темага арналган пикирлер топтому да гезиттин жаңы санында чыкты. Парламент депутаты Азамат Арапбаев “эгер мунун баары аныгына чыкса Россия уят болот” деп, журналист Чолпон Орозобекова “Россия өзү келишимдин шарттарын бузду” деп, экономист Айылчы Сарыбаев “РусГидро” компаниясынын бизди сотко бере турган эч кандай негизи деле жок” деп, укук коргоочу Рита Карасартова “РусГидро” Кыргызстанга келип жатканда ГЭСтерди курбасын биз дароо эле билгенбиз” деген жоопторун беришкен.

Гезитте Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимовдун кандай иштеп жатканы тууралуу шаардыктардын пикирлери жарыяланган. Журналист Бейшенбек Бекешов “ишинин баары кылмыш жыттанган кишинин ишмердиги тууралуу сөз кылып зарылдыгы жок” десе, серепчи Марат Казакпаев “аракет кылып жакшы иштеп жатат” деп, коомдук ишмер Эдил Байсалов “азыр таштанды чогулткан кишиге шумдук сүйлөп койгон жетекчини эле чарбакер деп жатпайбызбы. А бирок, баш калаабыздын деңгээлине келген киши башкачараак болуш керек эле” деп, экс-депутат Кубанычбек Исабеков “Албек Ибраимов көп деле жаңылык киргизе алган жок”, деп жооп беришкен.

Парламент депутаты Дастан Жумабековдун “Бийлик бир колго топтолгон жок, башкаруу системасы туура эмес”, Өмүрбек Текебаевдин “Биздин бир эле Ата Мекенибиз бар – бул Кыргызстан”, Абдрахман Маматалиевдин “Мамлекеттин бүтүндүгүнө байланыштуу маселелер биринчи планда болуш керек” деген маектери да гезиттин жаңы санында жарыяланган.

“Фабула” гезити казак оппозиционери Мухтар Аблязов Бакиевдерди каржылап келгенби, деген суроого жооп издеген. Мухтар Аблязовго БТА банктан 2005 – 2009-жылдары 6 миллиард доллар акча чыгарып кеткен деп айып коюлуп, издөө жарыяланган. Карабашын калкалап качып жүргөн банкир ушу тапта Францияда жашайт. 2005-жылкы кыргыз революциясын каржылаганын Мухтар Аблязов өзү айтканы менен, кыргыз саясатчылары тарабынан андай билдирүү ырастала элек. “Балким ошол ыңкылаптан кийин тез эле күчтөнүп, тууган-туушкандары менен таасирдүү болуп чыга келген, президенттикке татыктуу талапкер болчу Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Феликс Куловдордун тилин таап ыкка көндүргөн Курманбек Бакиевдин негизги “спонсору” болгондур”, деп белгилейт гезит автору.

Кыргызстанда курулуп жаткан автожолдор, республиканын түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу жаңы жол курулушу тууралуу Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун маеги да ушул эле гезитте жарыяланган. Жалал-Абад – Балыкчы жолунун курулушуна токтолгон министр мурда белгиленген 4 туннел толук курулбай, ордуна узундугу 1600 метр келген эстакада көпүрө салынары, бул жол курулушуна кетчү каражатты 20% арзандатарын маалымдаган.

Бүгүнкү “Супер инфо” гезитинде белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын “Интригалардан тажап, сахнадан кеткени жатам”, деген маеги жарыяланды.”Өзүм эч нерсе, күнөөм жок болсо дагы, атымды илештирип алып, психологиялык жактан чарчатып салышкан учурлар көп. Ушундай нерселердин айынан эки жыл съёмкаларга барбай, интервью бербей жүрдүм”, дейт Иманалиева.

Москвадагы кыргыз элчилиги мигранттарга жардам бербей, улутташтарыбызга орой мамиле кылганы Айсалкын Качкынбаеванын “Москвадагы кысым, депортация... Кайрылгандарга элчилик орой мамиле кылабы?” деген макаласында козголгон. “Биз элчилик кызматкерлери менен жолугуп чыгып баратканда ОМОНдор баарыбызды кармашты. Биз бир сааттан ашык полиция бөлүмүндө отурдук. Таң калтырганы, башкаларды коё берип, элдин арасынан биздин топтун балдарын тандап кармап жатышты. Полиция кызматкерлери бизди ары-бери жулкуп, автобустарга салып кетишти. Угушубузча, элчиликте иштегендер эле полицияга шыбырап, атайын бизди салып беришиптир”,- дейт Тилек Таалайбеков.

Кыргызстандын каржы министрлиги жемкорлукка каршы кантип күрөшүп жатканына “Вечерний Бишкек” гезити токтолду. Жемкордук мамлекеттик сатып алуулар жаатында токтолбой келет. Өткөн жылы прокуратура мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын аткарылышын текшерген. Анын натыйжасында 72 кылмыш иши ачылган.

Кыргызстандагы эшек соодасы Азамат Касыбековдун “Эшек адамга дос эмес, жей турган тамагы, бизнеси” деген макаласында козголгон. Автордун ырасташынча, ушу тапта Кытайга эшектерди ташып кетүүгө уруксат берилип, жоош жаныбарлардын базар баасы көтөрүлүүдө.

“Эркин тоо” гезитинин жаны санында белгилүү саясий, коомдук ишмер Тургунбек Суванбердиевди эскерүүгө арналган материалдар жарыяланган. Кыргыз журналистикасы менен басма сөзүнүн өнүгүшүнө ири салым кошкон ишмер тууралуу белгилүү адамдардын эскерүүлөрү чыкты. Басылмада ошондой эле алп акын Турар Кожомбердиевдин поэзиясына арналган макала да басылган.

“Кыргыз туусу” гезитинде журналист Болотбек Таштаналиевдин “Жергиликтүү кеңешке шайлоо: күтүүсүздүкпү же мыйзам ченемдүүлүкпү?”, Хусанбай Курбоновдун “Улутуна карабай жаштар кыргыз тилин окушу керек”, Шабдан Абылгазы уулунун “Тартип сакчылары менен таксисттердин талашы”, Бермет Маткеримованын “Көңүлүңө турсун жаз конуп” деген макаласында белгилүү илимпоз Ишенгүл Болжурова менен академик Кулубек Бөкөнбаевдин окумуштуулук, саясий ишмердиги баяндалган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG