Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Сапар Исаков: Liglass менен келишим аткарылбаса Кыргызстан зыян тартпайт


Эгерде чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат.

Бул тууралуу бүгүн премьер-министрликке сунушталып жаткан Сапар Исаков Жогорку Кеңеште билдирди:

- Liglass компаниясын атайын комиссия тандаган. Аларга берилген мөөнөт бүтө элек. Келишим аткарылбай калып, мамлекетке зыян келтирилсе, жоопкерчилик каралат, бирок мамлекет зыян тартпайт.

Ал эми өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы​ Дүйшөнбек Зилалиев, эгерде келишим ишке ашпай калса, анда жоопкерчиликти толугу менен өзүнө аларын айтты.​

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

Liglass Trading CZ Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасынын 4-августтагы чечиминен кийинки бир ай аралыгында Орусияга 37 миллион доллар төлөшү керек, ал эми үч ай ичинде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгышы зарыл экенин "Азаттык" радиосуна буга чейин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаев билдирген.

Сапар Исаков жакында "Новые лица" басылмасына интервью берип, бир айлык мөөнөт 15-сентябрда аяктарын айткан.

Компания ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG