Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

Инвестиция: Өкмөттүн үмүтү жана дымагы


Инвестициялык форум.
Инвестициялык форум.

21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эл аралык инвестициялык форум өттү. Форумда Кыргызстандагы инвестициялык климат талкууланып, өлкөнүн продукцияларын башка мамлекеттерге экспорттоо боюнча онго жакын келишимге кол коюлду.

Инвестициялык форум быйыл бешинчи ирет уюштурулду. Буга чейин андан кандайдыр бир жыйынтык чыгып, канча инвестор тартылганы тууралуу маалымат жок. Өкмөт бул ирет инвестор тартуу ыкмасы өзгөргөнүн билдирип жатат.

Эл аралык инвестициялык форумда кытайлык "Кыргыз-Кытай Жибек жолу" соода компаниясы менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги келишим түздү. Ага ылайык, кытайлык компания Чүйдүн Ивановка айылында өндүрүш жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен индустриалдык парк курат.

Аталган агенттиктин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу “Азаттыкка” билдиргендей, чет элдик компания бул үчүн 20 миллион доллар жумшап, 200дөн ашык кишини ишке орноштурууну убада кылып жатат:

- Бул форум натыйжалуу болду десек болот. Мурда мындай жыйынтыктар болгон эмес. Бүгүн экспорттук келишимдерге кол коюлду. Инвестиция тартуу боюнча келишимдер болду. Мурдагы жылдардан айырмаланып быйыл долбоорлорду, бизнес демилгелерди тааныштырууга басым жасадык. Форумга келген чет элдик коноктордун да географиясы кеңейди.

Эл аралык форумга Кытай, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмирлигинен жана кыргызстандык ишкерлер катышты. Чет элдиктер менен кол коюлган макулдашуулардын арасында кытайлык “Тутар инвест” компаниясы менен кыргыз балын, Өзбекстандын “Кирбиуз” компаниясы менен картөшкө экспорттоо, Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз мрамор заводу" жоопкерчилиги чектелген коомун Өзбекстан менен чогуу иштетүү тууралуу документтер бар.

Форумга катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов заводду иштетүү жана бал экспорттоо боюнча “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Завод өз продукциясын экспортко чыгарат. Кыргызстанда сары таш, травертин деп атпайбы, ошонун запасы бизде өтө көп. Токтогулда, Ала-Букада, Өзгөндө, Баткенде, Таласта бар. Ошолорду иштетип жаткан компания Өзбекстан менен экспорт тууралуу келишимге кол койду. Бал боюнча көптөн бери иштер жүрүп жаткан. Бүгүн аны Кытайга чыгаруу боюнча келишимге кол коюлду.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Ошондой эле кытайлык “Куньшень Горнопром” ЖЧКсы менен Инвестицияларды илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттигинин ортосунда Баткендеги “Кан” коргошун кенин өздөштүрүү тууралуу келишимге кол коюлду. Долбоорго ылайык, кытайлык компания андан ары тоо-кен байытуу заводун куруп, ага жалпы 13 миллион доллар инвестиция салат. Мындан тышкары орусиялык "Продмассив Сибирь" ишканасы менен диллерлик кызмат көрсөтүү боюнча эки келишим түзүлдү. Бириккен Араб Эмирлигинен келген ишкерлер Кыргызстандын туризм тармагына кызыкдарлыгын билдиришти.

Инвестиция тартууну көздөгөн форум ушуну менен бешинчи жолу өттү. Былтыркы форумда ошол кездеги өкмөт Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен кошо “Таза коом” долбоорун тааныштырууга, ага каражат тартууга басым жасаган. Мурдагы форумдардан канча инвестиция тартылып, алардын канчасы ишке ашырылганы тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин өкмөт алдыдагы беш жылда инвестиция тартууну кескин көбөйтөөрүн жана "ар бир облуска жыл сайын кеминде 20 млрд. сомдук чет элдик салым киргизилээрин" убада берген. Азыркы инвестициялык форумда да Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жер-жерлерге инвесторлор тартыла баштаары кабарланды. Ишкерлер чөйрөсүндө инвесторлорго мамлекеттик органдардагы бюрократия менен коррупция тоскоол болоорун айткандар, андыктан мындай дымактуу план аягына чыгаарынан күмөн санагандар да жок эмес.

Ош базары.
Ош базары.

Кыргызстанда даярдалган продукцияларды чет жактарга экспорттоо жана башка мамлекеттерден жашылча-жемиш, үрөн ташуу менен алектенген “Ысык-Көл АГРО” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Аскар Сулайманов “Азаттыкка” ишкерлер кабылган көйгөйлөрдү атады:

- Бизнестин өнүгүшү, инвестицияларды тартуу жана ал инвестициялар натыйжалуу болушу үчүн мыйзамдарыбыз иштеши керек. Биринчи кезекте керектүү мыйзамдарды туура, убагында кабыл алып, ошону иштеткен механизмдерди камсыздоо керек. Бизде көп мыйзамдар иштебегендиктен, өнүгүү начар болуп атат деген ой бар. Бизде болгон механизмдер түзүлгөн. Мисалы, үрөн инспекциясы деген бар. Ошол инспекция эгерде өздөрүнүн укуктарын пайдаланып, иш жүргүзсө, талаачылык, өсүмдүк өстүрүү боюнча жасап жаткан жумуштарыбыздын натыйжалуулугу абдан жогору болот эле. Биз эми экспортко чыгалы деп атканда ЕАЭБдин алкагында түзүлгөн лабораторияларыбыз толук жабдылбай турат. Ошол жердеги кадрлардын жетишсиздиги экспортко терс таасир этеби деп кооптонуп отурабыз. Бажы союзуна продукцияларыбызды алып чыгуу үчүн сертификацияга даяр эмеспиз. Мисалы, Түптө уюшулган лабораторияда вирусолог адис жок. Лаборатория бар, бирок вирусолог жок. Ошол себептүү учурда картошканын вирусун текшерте албай, Москвага барып убара тартып жатабыз.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ишкерлерди көйгө салган себептер жана аны чечүү аракеттери тууралуу айтып берди:

- Биринчиден, бюрократия бут тосууда. Дагы эки-үч себеби бар. Келген инвесторду татыктуу тосуп, коопсуздукту да камсыздай албай атабыз. Буга биринчиден, бийлик, экинчиден, жергиликтүү эл күнөөлүү. Тоо-кен тармагында абдан жаман көрүнүштөр болуп кетти. Макмалда, Ала-Букада, Чаткалда ар кандай чыр чыкты. Эл кичине эле бирдеме болсо былтыркы алар берген жардамды унутуп калып, жол тосуп же болбосо ошол жакка чейин кирип барып, завод-фабрикаларды талкалап, өрттөп ийген учурлар кездешүүдө. Ушундайды эл туура түшүнүп, Кыргызстанга же ошол айылына, жерине келип аткан пайда катары мамиле кылса климат жакшы жакка өзгөрөт эле. Туристтерди үйүбүзгө кандай конок келсе ошондой тосуп, ошондой мамиле кылышыбыз керек, эл да, бийлик да. Бюрократияны жок кылышыбыз керек, аны жок кылыш үчүн инвестицияны жолго коюшубуз зарыл. Ошол жолго салынса бюрократия жоюлат. Инвестор мындан кийин ар бир кабинетке жүгүрбөйт.

Форумдун алкагында Кыргызстанда чыгарылган азык-түлүктөрдүн жармаңкеси, "Евразиялык санариптик платформалар" деп аталган долбоорлорго жарыяланган сынактын жарым финалы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактан өткөн долбоорлор мамлекеттик тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарын санарипке өткөрүү ишинде колдонулат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанга инвестиция салгандардын сап башында Кытай турат. Андан кийин Казакстан, Орусиядан каражат келет. Акыркы жылдарда Британиядан тартылган инвестициянын көбөйгөнү да байкалууда.

Ысык-Көлдө инвестициялык форум өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:17 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG