Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бозумчактагы жезге айланган алтын


Бозумчак кени.
Бозумчак кени.

Кыргызстандагы Бозумчак кенин иштеткен казакстандык "КАЗ Минералс Бозымчак" компаниясынын директору Ильяс Тулекеев үй камагына чыгарылды.

Тулекеевге "салыкты жаап-жашырган" деген айып тагылып, Казакстанга кетер алдында кармалган. Тергөө органдары казакстандык компанияны "50 миллион сомдон ашык салыкты жашырган" деп күнөөлөп жатат.

Ала-Бука районунда Бозумчак алтын жана жезин кенин иштеткен казакстандык "КАЗ Минералс" компаниясынын директору Ильяс Тулекеевдин кармалганы тууралуу кабар өткөн жуманын аягында тараса да, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы маалыматты 28-майда ырастады.

Сөз болуп жаткан кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" билдиришинче, Тулекеевге Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, 26-майда кармалган:

- Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, салык төлөөдөн качып, 2015-жылы 9760 тоннадан ашык алтын концентратын чыгарып кеткен "Казминералс Бозымчак" ишканасынын жооптуу адамдарына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү материал топтошкон. Анын негизинде 2017-жылы декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренеси менен иш козгогон. 2018-жылдын 26-майында болсо "Казминералс Бозымчак" компаниясынын башкы директору И. Т. "Манас" өткөрмө бекети аркылуу чек арадан чыгарда кармалган. Ошол эле күнү ага айып тагылган. Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук соту айыпталуучунун бөгөт чарасын кароодо аны камакта калтыруу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Ильяс Тулекеев ушундай жол менен сот залынан бошотулган. Учурда анын Кыргызстанда экени кабарланды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлү кошумчалагандай, "Казминералстын" жетекчиси өлкө бюджетине миллиондогон салыкты төлөбөй койгон деп шек саналууда.

Ильяс Тулекеев.
Ильяс Тулекеев.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган компания "Бозумчак кенинде казылган рудада жез концентраты көп" деп жезге эсептелген салыкты төлөп жүргөн. Бирок текшерүүдө рудада алтын концентраты көп экени аныкталган.

Буга байланыштуу бюджетке 55 миллион сомдон ашык салык төлөнбөй калганын салык жана укук коргоо органдары билдирип жатышат.

Ошондой эле сөз болуп жаткан кызмат Тулекеев кармалган соң "Казминералс" буга чейин төлөбөй келген 55 миллион сомду мамлекеттик кызматтын эсебине которгонун да маалымдады.

Ал ортодо Ильяс Тулекеевдин кармалышы боюнча "Казминералс" компаниясы билдирүү таратты. Казакстандык маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүдө Кыргызстандын укук коргоо органдары Ильяс Тулекеевге тактала элек маселе боюнча айып тагып жатканы айтылат:

"Өткөн жылы Кыргызстандын салык органдары компаниядан кошумча салыгын төлөөнү талап кылышкан. Компания бул талапты четке каккан. Себеби, бул соттук териштирүүнүн негизи болуп саналат жана компания бул боюнча арыз берген. Мындан тышкары бир нече жылдан бери компания Кыргызстандын салык тармактарынан кошумча нарк салыгын кайра ала албай келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле казакстандык компания бул боюнча Кыргызстандын президентине чейин кайрылганын, эгер маселе укуктук жол менен чечилбесе, Биржа фондуна маалымат берилерин эскерткен.

Ильяс Тулекеев " Казминералс Бозымчак " ишканасын түзүлгөндөн бери жетектеп келет. Компания Ала-Букадагы Бозумчак кенин иштетет. Алгач Кыргызстанда "Казахмыс Голд" деген аталыш менен иш жүргүзүп, 2015-жылы аталышын өзгөрткөн.

"Казминералс" өлкөдө кен иштетүү тармагында инвестиция жумшаган ири ишканалардын бири болуп саналат. Ошондуктан ири инвестор компаниянын жетекчиси кармалганы өлкөдө бир катар талкууларды жаратты.

Айрымдар "мыйзам бузгандар ким экенине карабай жоопко тартылышы керек" дешсе, башкалары "камакка алуу сыяктуу кескин чаралар инвесторлорду чочутуп, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизерин" белгилешет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, кандай гана болбосун мыйзамдын талабы башкы орунда турушу керек:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Инвесторду эптеп алып келип, киргизип жиберип, кийин азабын тарткан учурлар көп болуп жатпайбы.

Бирок инвесторлор мыйзамды бузуп, экологиянын талаптарын сактабай, каалаганын кылып кетип калган учурлар деле болуп жатат. Ошондуктан биринчи иретте мыйзамды карап, анын негизинде иштегенге көндүрүшүбүз керек. Мыйзамдын талабын талап кылсак, инвесторлор деле өздөрү деле туура экенин сезишет.

Ал эми Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкармалыгынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов мындай кармоо инвесторлордун чочутат деген пикирде:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- “Казахмыс” абдан ири ишкана. Бул сыяктуу ишканалар атайын барып, "салыктан качалы" деген ниетте болот деген ойдон алысмын. Ката кетиши мүмкүн. Салык кызматы же башка текшерүүчү орган барганда туура эмес текшерип, туура эмес жыйынтык болушу мүмкүн. Муну жакшылап териштирүү керек. Бирок дароо эле иш ачып, камай калуу менен инвесторлорду чочутушубуз мүмкүн.

Кыргызстанда бир нече кенде чет өлкөлүк компаниялар иш алып барат. Акыркы жылдары тоо-кен компаниялары 7 миллиард сомдон ашык салык төлөгөн. 2014-2016-жылдагы эсеп боюнча бул тармакта жалпысынан 17 миң адам иштеген. Бирок чет өлкөлүк компаниялар менен жергиликтүү эл менен чатакташкан учурлар арбын.

Акыркы айларда эле Кадамжайда Шамбесай кенине, Тогуз-Тородо Макмал кенине жана Чаткалда Иштамберди кенине байланыштуу нааразылыктар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG