Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Жалал-Абад: казылган алтын, бузулган жол


Ала-Букада кен казган жергиликтүүлөр
Ала-Букада кен казган жергиликтүүлөр

Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан Иштамберди кенинде өз алдынча алтын казгандар сурак берүүдө.

Алардын автоунаасы атайын жайга киргизилип, 17 адам тергөөгө чакырылган. Ал арада Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын тургундары алтын казган фирманын техникаларынын жолун эки ирет тороп, талап коюп жатканы белгилүү болду.

"Алтын казган 17 адам суракка чакырылды"

Ала-Бука районунда жайгашкан Иштамберди кенинин “Горный” деп аталган шахтасына 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүгө чамалуу тургуну келип, өз алдынча кен каза баштаган.

Мындан улам бул кенди иштеткен “Фулд Голд Майнинг” фирмасы райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде ушу тапта тергөө жүрүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков билдирди.

- Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын жергиликтүү тургундарына түшүндүрүү ишин жүргүзүп, шахтага баргандардын автоунаалары атайын жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат. 17 адам суракка чакырылды. Ал тургундар кайтарууга алынбаган фирмага тиешелүү аймактан өз алдынча алтын казган. Кенди учурда милиция кызматкерлери кайтарып турат.

"Жолдун баарын бузуп бүтүштү"

Ал эми Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Аширбаев жергиликтүү тургундар жумуш жоктугунан мыйзамсыз кен казууга мажбур болгонун белгиледи. Анткени кен казган компанияларда айыл өкмөттүн карамагында жашаган 5 миңден ашык тургундун 600ү жумушка тартылган.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Мындан тышкары жергиликтүү эл кен казган фирмага жолду ондойбуз деген убадасын аткарган жок деп нааразы болуп келишет. Буга байланыштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары ушул жылдын январь жана февраль айларында Иштамберди кенинде алтын кошулмасын (концентрат) жүктөп бараткан оор жүк ташуучу автонаанын жолун тороп, эки ирет акцияга чыгышкан.

- Мен билгенден эки жыл мурда “Фулд Голд Майнинг” компаниясынын мурдагы директору эл менен жолуккан учурда Терек-Сай-Ала-Бука унаа жолун этабы менен асфальттап берүүгө убада берген. Андан кийин жетекчи алмашкан. Ал дагы убадасын аткарган жок. Иштамберди кени Ала-Бука районунун аймагында жайгашканы менен оор жүк ташуучу техникалар биздин айылды аралап өтөт. Жолдун баарын талкалап, бузуп бүтүштү. Мамлекеттик жол тейлөө ишканасынын техникалары шагыл жолду сүрүп тегиздегени менен фирманын техникалары аны кайра бузуп жатат. Эл ошону гана талап кылып акцияга чыгууга мажбур болду, - деди жергиликтүү кеңештин депутаты Марат Каипов.

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында кытай кенчилеринен тышкары 2016-жылдан бери “”Эти Бакыр” аттуу түрк фирмасы алтын казып жатат. Айылдык кеңештин депутаты Марат Каипов жергиликтүү бийлик алар менен тил табышып, айылдарда социалдык көйгөлөр чечилип жатканын кошумчалады.

- “Эти Бакыр” Терек-Сай айылынын ички көчөлөрүн асфальттап, жарык коюп берди. Баары болуп эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде социалдык пакет аркылуу 15 млн. сомдук жумуш аткарылды. Мындан сырткары ар бир жашоочуга жылына бир жолу бир кап ун жана башка азык-түлүк таратып турат.

Чаткалдагы Бозумчак кени
Чаткалдагы Бозумчак кени

Кытайлык инвесторлор иштеткен “Фулд Голд Майнинг” компаниясынын жетекчилиги март айына чейин Кытайга кеткенине байланыштуу алардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев компания өкүлдөрү келген соң эл менен жолугушуу уюштуруларын айтты.

- Өз алдынча алтын казгандар боюнча милиция азыр иликтеп жатат. Буга чейин биз Терек-Сайга барып, жергиликтүү депутаттар жана айылдыктар арасында мыйзамсыз алтын казуу иштерин токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Алардын коюп жаткан талаптары боюнча компания жетекчилиги жакынкы күндөрү Кытайдан келген соң жолугушуу уюштурулуп, ошол жерде маселени чечкенге аракет кылабыз.

Жылдын башында "Фулд Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошоткон. Бул аймакта нааразылык жаратып, кийин өкмөттүн кийлигишүүсү менен жумушчулардын эмгек келишими узартылган. Иштамберди алтын кенинде 600гө чукул адам иштейт. Кенде болжол менен 40 тоннага жакын алтын бары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG