Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Чакмак-Суу: элеттиктер көлмө курууга каршы


Акция учуру.
Акция учуру.

Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын тургундары айылга жакын дарыянын жээгине "Кичи-Чаарат" компаниясы калдык сактоочу көлмө куруп жатканына каршы чыгышты.

Элеттиктер андай көлмө жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыян алып келерин айтып, ишти токтотуу талабын коюп жатышат. Райондун жетекчилиги болсо бардык коопсуздук чаралары көрүлгөнүн айтууда.

Кен казган кытайлык компания Чакмак-Суу айылына жакын жайгашкан дарыянын жээгине уу калдыктарын сактоочу көлмө кура баштагандан тартып айылдыктар арасында нааразычылык келип чыкты. Анын курулушуна каршылык билдирген 30дай киши айылдын борборуна чогулду.

Айылда өткөн акция учурунда жергиликтүү кеңештин депутаты Чыңгыз Абдукеримов буларды билдирди:

- Долбоор боюнча 2015-жылы аны Көк-Төбө участкасындагы тоо башына куруу пландалган. Былтыр өзгөртүү киргизилип, сай жээгине которулган. Мындан жергиликтүү тургундардын кабары болгон эмес. Азыркы көлмө кар көп көчө турган жерде жайгашып, кырсык болсо айылды каптап кете турган коркунучу бар. Мындан сырткары, айылдын таза суу кампасы да ошол тарапта жайгашкан. Былтыр кар көчкү түшүп, ошол жердеги кытайлардын коттеждерин басып калган. Эгерде ошондой кар көчкү жүрсө көлмөнү бузуп кете турган да коркунуч бар. Анан жергиликтүүлөрдөн жумушка алынганы аз болуп жатат. Кытайлар көптүк кылат.

Чакмак-Суу айылы.
Чакмак-Суу айылы.

Чакмак-Суу айылы райондун борборунан 40 чакырымдан алыс, кытайлык “Кичи-Чаарат” компаниясы кен казыш үчүн куруп жаткан фабрика жакта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, айрымдары дарыя жээгинен өз алдынча алтын чайкап алышат.

Буга чейин айылдыктар менен компаниянын ортосунда келишим түзүлүп, аткарылуучу талаптар коюлган. Бирок Чакмак-Суу айылынын башчысы Искендербек Максымбековдун айтымында, алардын көпчүлүгү орундала элек.

- Алгач Долбоорлоо институтунан келип "калдык сактоочу жай айылга зыяны тийбейт, кенге жакын жайгашкан айыл катары силерге компания компенсация иретинде жардам берет" дешкен. Бирок эл арасында "кен казуу иштерине цианид колдонулат" деген кооптонуу бар. "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилиги эл менен жолугушуп, бир топ маселелерибизди чечүүгө убада берген. Айылга мектеп салып бергенден башка убадалары али күнчө аткарыла элек. Жергиликтүү жашоочуларды жумушка алуу жана жаштарды окутуу сыяктуу маселелер турат. Айылдын айрым тургундары сезондук жумуштарга тартылат. Мындайча айтканда компания элди алдап жатат. Буга тийиштүү органдар көңүл бурушу керек.

Алтын казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Кичи-Чаарат” компаниясы фабрика куруу иштерин 2016-жылда баштаган. Ошол кезде калдык сактоочу көлмөгө Көк-Төбө участогундагы тоо башынан жер бөлүнүп, долбоору иштелип чыккан. Бирок былтыр ал планга өзгөртүү киргизилип, сай жээгиндеги токой фондунун жерине көчүрүлгөн. Анын себебин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нарбай Бексариев мындайча түшүндүрдү:

- "Кичи-Чаарат" компаниясы алгач техникалык-экономикалык долбоорун даярдаганда "алтынды гана бөлүп алабыз" деген план болгон. Ага кыргыз өкмөтү макул болбой, жезди да кошо алууну сунуш кылган. Казуу иштеринин көлөмү көбөйгөндүктөн эски ТЭО боюнча калдык сактоочу жай тардык кылып калган. Ошондуктан алар эски долбоорду кайра өзгөрткөнгө мажбур болушкан.

Бирок жергиликтүү тургундар кен казган компания тоо башына унаа менен жүктөп, калдык көмүү процесси көп чыгымды талап кылгандыктан андан баш тартып, сай жээгин тандап алганын айтып жатышат.

Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев элдин саламаттыгы дайым көзөмөлдө экендигин айтат.

- Калдык сактоочу жайдын ордунун өзгөрүшү боюнча райондо жалпы жыйын болуп, компания жана тийиштүү адистердин баары катышкан. Анда долбоорду катышкандарга көрсөтүп беришкен. Ал эми чакмаксуулуктардын айтып жатканы түшүнбөстүктөн болушу мүмкүн. Алар "техногендик кырдаал болсо көлмө жарылып, айылга зыяны тиет" деп жатат. Бирок бул иштердин баары алдын-ала тийиштүү адистердин текшерүүсүнөн өтүп, макулдук берилген. Кыргыз өкмөтү да калктын саламаттыгын жана өмүрүн башкы орунга коет.

Чаткал районунун аймагында “Кичи-Чаарат” жеке компаниясы 2012-жылдан бери кен казып жүрөт. Компанияны У Ся Ган башында турган кытайлык инвесторлор иштетет. Анда 800гө жакын жумушчунун 60% жергиликтүү адамдар түзөт. Бирок 100дөн ашык түтүн эл жашаган Чакмак-Суу айылынан кенде болгону 60тай адам иштейт.

Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу компаниянын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Район боюнча жалпысынан 157 компания кен казуу иштерине лицензия алган. Учурда алардын тогузу гана иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG