Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Жылдызбектин өмүрүн алган кендеги кырсык


Жылдызбек Сейитбеков аялы менен.
Жылдызбек Сейитбеков аялы менен.

Токтогулда "Талбек" аттуу казакстандык алтын казуучу компанияда иштеп жатып каза тапкан айдоочунун өлүмүнүн себептерин милиция иликтеп жатат.

Токтогул шаарчасынын 34 жаштагы тургуну Жылдызбек Сейитбеков өткөн жылдын 8-декабрында райондун Кара-Күңгөй айылында алтын казуу иштери жүрүп жаткан "Кореец" участкасында автокырсыктын айынан каза болгон. Кырсык болордон бир жума мурда ал алтын казган "Талбек" компаниясына убактылуу айдоочу болуп иштегени келишим түзүп, жумушка чыккан.

Маркумдун жубайы Таттыбүбү Жаннат кызы 3-декабрда жумушка кеткен күйөөсүнөн ажыраганы тууралуу суук кабарды 8-декабрда укканын айтты:

- 3-10-декабрь күндөрү убактылуу иштетүү үчүн келишим менен алып кетишкен. Ошол учурда алтын казган компаниянын техникасы бузулуп жаткан. Токой чарбасынын унаасын келишим менен алып, ага жолдошумду "нөөмөтчү айдоочу болосуң" деп бирөөгө шерик кылып алып кетишкен. Күнүнө 1500 сомдон төлөп беребиз дешкен экен. Бизге жолдошумдун каза болгонун 8-декабрда кечки саат жетилерде угузушту. Ал айдаган автоунаа кулаганда эки саат бою ошол жерде жатып калыптыр. Жанындагы эки шериги башын кармап гана тим болушкан, жардамга эки сааттан кийин келип, анан ооруканага жеткиришкен. Ага чейин мен телефонуна чалсам, айтпай, жашырып жатышкан экен. Анан жолдошумдун сөөгүн өлүкканадан көрдүк.

Жылдызбек Сейитбеков оодарылып кеткен техника каражаты.
Жылдызбек Сейитбеков оодарылып кеткен техника каражаты.

Маалыматтарга караганда, маркум Жылдызбек Сейитбеков айдап бараткан топурак жүктөөчү унаа тоого чыгып баратканда тайгаланып, артка оодарылып кеткен. Мээси чайкалып, ички органдары жабыркаган айдоочу ооруканага жетпей жолдо үзүлгөн.

Таттыбүбүнүн айтымында, маркумду жерге берип жатканда компаниянын бир да кызматкери алардын абалын сурап келген эмес.

- Жолдошум каза болгондон кийин эч бири үйгө басып келишкен жок. Анын өлүмүнө эч ким жооп бербей жатат. Баарын өзүбүз жасап, жолдошумду жерге бердик. Прокуратурага жана милицияга арыз менен кайрылганбыз. Ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына да кайрылуу жазганбыз. Милиция ишти жакшы териштирбей жатат. Аларга барсак эле "тергөөчү алмашып кетти" деп беш жолу которушуптур. Тергөө болуп жатса милиция да келип кабар албай жатат. Жолдошумдун үйдөн алып кеткен төшөк-жууркандарын да кайтарып беришкен жок. Башка адамдардыкын эле таштап кетишиптир. Жолдошумду үйдөн алып кеткен Чыңгыз Керезов аттуу балага чалсак, ал "билгениңерди кылгыла" деп догурунуп жатат.

Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Окуя Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш каттоо китебине 2017-жылдын 9-декабрында катталган. Ал эми адам өмүрүн алган бул факты боюнча кылмыш иши жаңы жылдык майрамдан кийин гана, 13-январда козголгон.

- Бүгүнкү күндө аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренеси (”Эмгек келишимин бузуу”) жана 284-беренеси (“Транспорт каражаттарын укугу жок адамга башкарууга берүү”) боюнча кылмыш иши козголду. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш ишинин кеч козголушу ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүнө жана беренелерди туура келтирүүгө байланыштуу болду. Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп кеткен. Алар жыйынтыгын берсе, тийиштүү адамдарды жоопко тартабыз. Эгерде алар "техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес" деген тыянак чыгарса, фирманын үстүнөн, "өлгөн адамдын транспортко тиешеси жок, туура эмес башкарган" десе - токой чарбасына айып коюлат. Жакындары токой чарбасынан же компаниядан да бир адам келип сурап койбогонуна нааразы болуп жатат. Тажиясына да жардам беришкен эмес, - деди райондук милициянын башчысы Замир Ормонов.

Токтогул районунун Кара-Күңгөй айылында алтын казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Талбек” жоопкерчилиги чектелген коому Токтогул токой чарбасы менен келишим түзүп, кыска мөөнөттө бир даана тракторун айдоочусу менен бирге иштетүүгө макулдашкан. Жылдызбек Сейитбековду болсо ага нөөмөтчү кылып жумушка алышкан. Компаниянын өкүлү Чыңгыз Керезов айдоочунун өлүмүнө фирманын тиешеси жок экенин айтып, “Азаттык” радиосуна интервью берүүнү каалаган жок.

Ал эми токой чарбасынын жетекчиси Каныбек Токтоназаров буларга токтолду:

- Учурда компания бизди күнөөлөп жатат. Келишим боюнча мен бир трактор менен айдоочусун гана 3-10-декабрь күндөргө жөнөткөм. Ал азыр эсен-аман келип иштеп жатат. Каза болгон айдоочуну алар өздөрү келишим менен жумушка алышкан экен. Эми кимдин канчалык деңгээлде күнөөлүү экенин тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Азырынча бир жыйынтык чыгаруу кыйын.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инпекциясынын өкүлдөрү жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп, ушул жуманын акырында өз корутундусун беришет. Маркумдун артында үч баласы жетим калды.

Токтогулдагы Узун-Акмат-1 алтын кениндеги 600 гектар жерге “Кассана Минералс" компаниясы 2006-жылы лицензия алып, жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам ишин баштай алган эмес. Ал компания 2017-жылы лицензиясын казакстандык "Талбек" фирмасына саткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG