Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 09:47

Хорст Махгут: Мөңгүлөр жыл сайын жарым метрге жукарып жатат


Абрамов мөңгүсү. Мөңгүлөрдүн абалына байкоо салуу боюнча Цюрих университетиндеги борбор (World Glacier Monitoring Service) тарабынан тартылган сүрөттү "Азаттыкка" Хорст Махгут сунуш кылды.

Кыргызстандын Суу кодексине жакында киргизилген өзгөртүүлөр өлкө аймагындагы мөңгүлөрдүн келечегине дагы бир жолу көңүл бурдурду. Кыргызстандын мөңгүлөрүн иликтеген адис, Швейцариядагы Цюрих университетинин кызматкери Хорст Махгут (Horst Machguth) биз менен маектешти.

“Азаттык”: Сиз мына дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн абалына байкоо салуу боюнча Цюрих университетиндеги борбор (World Glacier Monitoring Service) менен да кызматташат экенсиз. Адис катары сиздин колуңуздагы маалыматтар: изилдөөлөр, жандоочтон тартылган сүрөттөр эмнелерди ишара кылып жатат? Мисалы, Теңир-Тоо тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн учурдагы абалы боюнча эмне айта аласыз?

Махгут: Мен Кыргызстанды көп кыдырдым, мөңгүлөрдү изилдөө багытында бир топ иштедим, анын ичинде Теңир-Тоо (Тянь-Шань) тоо кыркаларында да болдум. Мисалы, ошол эле Кумтөр алтын кенине жакын жайгашкан 354-мөңгүдө андагы өзгөрүүлөрдү иликтеш үчүн бир нече ирет болдум. Мындан сырткары Сөөк ашуусуна жакын Сөөк мөңгүсүнө да баргам, ошондой эле Кыргызстандын түштүк- батышында, Памир-Алай тоолорундагы Абрамов мөңгүсүндө ченөө иштерин бир топ эле жүргүздүм.

Эми сиздин сурооңузга келсек. Теңир-Тоо тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн абалы боюнча биздин колубуздагы маалыматтар, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы эмнелерди ишара кылууда? Жалпысынан кырдаал мындай: мөңгүлөр тартылып, тездик менен эрип жатат.

Алар муз массасын жоготуп, муздун калыңдыгы жукарып жатат. Ошол маалыматтарга караганда, Теңир-Тоо тоолорундагы мөңгүлөрдө муздун жукаруусунун учурдагы көрсөткүчү жылына 0,25-0,5 метрди (25-50 санитиметрди) түзүүдө. Бул глобалдык орточо көрсөткүчтөн кичине азыраак. Глобалдык орточо көрсөткүч болсо акыркы жылдары бир метрден ашып кетти.

Бирок бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтү Кыргызстандыкы менен салыштырууда да бир маселе бар. Биз айткан 0,25-0,5 метр деген ченемдер 1975-жылдан азыркыга чейинки мезгилди эске алган көрсөткүч. Муну мисалы былтыркы жукаруу менен салыштырууга болбойт. Теңир-Тоо тоолорунда да ал былтыр узак мөөнөттүү орточо көрсөткүчтөн жогору болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Мөңгүлөрдүн жукарып жатышынын негизги себеби катары дүйнөдө глобалдык жылуулук, башкача айтканда дүйнөлүк орточо температуранын жогорулаганы, атмосферада көмүр кычкыл газынын курамы көбөйгөнү айтылып жатат, туурабы? Кыргызстан боюнча маалыматтарыңызды өзүңүз изилдөө жүргүзүп кеткен мөңгүлөрдүн мисалында дагы бир аз конкреттештире аласызбы?

Махгут: Мен сизге 354-мөңгүнүн абалын мисал кылып айта алам. Ал Ак-Шыйрак тоо кыркасында, Кумтөр алтын кенинен түштүк тарапта, эки мөңгү ары жайгашкан. Мына ушул мөңгүдөгү муздун калыңдыгы 2003-2012-жылдар аралыгында жылына 04,-0,5 метрге (40-50 сантиметрге) жукарып турду. Ошондой эле бул мөңгүнүн узундугу да кыскарды. Бирок дал бүгүн мен анын узундугунун кыскарышынын так эсебин айта албайм. Бул мөңгүгө 354 деген номер советтик доордо жүргүзүлгөн каттоодо берилген экен. Кумтөргө жакын Сары-Төр мөңгүсүнүн түштүгүндө Бордо мөңгүсү, Бордонун түштүгүндө мына ушул 354-мөңгү жайгашкан.

Жылына орточо жарым метрге жукаруу, Кыргызстандын буга чейин ченөөгө алынган мөңгүлөрү үчүн нормалдуу көрсөткүч.

“Азаттык”: Сиз мына Абрамов мөңгүсүндө да көп изилдөө жүргүздүм деп жатасыз. Ал боюнча кандай конкреттүү маалыматтарды бере аласыз?

Махгут: Памир-Алай тоолорундагы Абрамов мөңгүсү -абдан көрктүү жана дүйнөдө эң жакшы изилденген мөңгүлөрдүн бири. Ал совет доорунда 1967-жылдан 1990-жылга чейин ченелип турган. Ошол кезде түрдүү, кызыктуу жана мыкты изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Биз болсо бул мөңгүдөгү иликтөөлөрүбүздү, ченөөлөрүбүздү Бишкекте жайгашкан, Жерди колдонмо изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институту менен чогуу жүргүзүп жатабыз. Биздин баамыбызда, бул мөңгүнүн эриши Теңир-Тоо тоолорундагыдан кичине азыраак. Бирок талаш-тартыштар бар. Мисалы, ушул мөңгүнү жандоочтон тартылган сүрөттөрдүн негизинде ченеген изилдөөчүлөр ал өзгөргөн жок деп эсептешет. Биз болсо мөңгүнү кыдырып, жеринен барып, советтик илимпоздор колдонгондой эле ыкма менен ченеп жатабыз.

Биздин эсепте, бул мөңгү да кичирейүүдө. Абрамов мөңгүсүнүн калыңдыгы да Теңир-Тоо тоолорундагы мөңгүлөрдөй эле жылына жарым метрге жукарып жатат. Бул 1970-жылдардан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки мезгилди эске алганда.

Абрамов мөңгүсүндө 2011-жылкы ченөө иштери. Сүрөттү Хорст Махгут тарткан.
Абрамов мөңгүсүндө 2011-жылкы ченөө иштери. Сүрөттү Хорст Махгут тарткан.

Хорст: Мөңгүлөр жылына жарым метрге жукарууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:48 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Сиз мына "Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөр жылына орто эсеп менен жарым метрге чейин жукарып жатат" деп айттыңыз. Бул бир уккан адамды чочутпай койбойт. Ал эми кыргыз мөңгүлөрүнүн калыңдыгы кандай?

Махгут: Мисалы, Абрамов сыяктуу мөңгүлөрдө муздун калыңдыгы 200-300 метрдин ортосунда. Бирок Абрамов абдан чоң мөңгү да. Ал эми Кумтөр кенинин айланасындагы кичинекей мөңгүлөрдүн калыңдыгы 100, эң көп дегенде 150 эле метр болушу мүмкүн. Менимче, биз изилдөө жүргүзгөн 354-мөңгү сыяктуулардын баарында муздун калыңдыгы ушундай эле. Орточо жүз метр, ал эми эң максималдуу калың жери 200 метрдин тегерегинде.

“Азаттык”: Демек, чоң мөңгүлөр кыйла эле калың тура. Советтик доордо жүргүзүлгөн каттоо боюнча Кыргызстандын аймагында 6800дөй мөңгү бар экен. Бирок алдыдагы 10- 20-30 жылда глобалдык жылуулуктан биз мөңгүлөр үчүн эмнени күтө алабыз? Анын үстүнө Кыргызстан көмүр кычкыл газын абага эң көп бөлгөн Кытайдын коңшусу болуп жатпайбы?

Махгут: Мен, мисалы, жеке өзүм алдыдагы он-жыйырма жылда мөңгүлөрдүн тартылуусу жок дегенде азыркы ыргакта кетет деп күтөм. Бирок учурдагы сценарийлер боюнча глобалдык жылуулук уланат, анын көрсөткүчтөрү өсөт деп жатабыз. Анда мөңгүлөрдүн эриш ыргагы дагы күчөшүн күтсөк болот. Бул жерде Кыргызстан көмүр кычкыл газын абага эң көп бөлгөн өлкөнүн жанында жайгашканы маселе эмес. Глобалдык жылуулуктун таасири Кыргызстанга башка мамлекеттердей эле тиет.

“Азаттык”: Жакында кыргызстандык белгилүү географтардын бири “Азаттык” радиосундагы талкууда геофизикалык тарыхый циклдерди эске алганда 2030-жылдан тарта Теңир-Тоо тоолорун кайра муз капташы мүмкүн экенин айтты. Сиз мына ушундай илимий теорияларга ишенесизби?

Махгут: Мен буга макул эмесмин. Биринчиден, ошол геофизикалык циклдер эмне экенин так билбейм. Экинчиден, мен билген изилдөөлөрдүн биринде да дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын азыркы эмиссиясы жараткан кырдаалды өзгөрткүдөй кандайдыр бир цикл бар дегидей эч бир ишарат жок. Эгер ошондой геофизикалык цикл болгон күндө да көмүр кычкыл газынын эмиссиясы жараткан күчтүү жылуулукка анчалык чоң таасир бере албайт.

354-мөңгүдөгү ченөө иштери. Сүрөттү Хорст Махгут тарткан.
354-мөңгүдөгү ченөө иштери. Сүрөттү Хорст Махгут тарткан.

“Азаттык”: Кыргызстанда көптөн бери эле "алтын керекпи же мөңгү керекпи" деген диллема бар. Бирок бул талаш азырынча акча керек болгондуктан алтындын пайдасына чечилип жатат. Мөңгүнүн түбүнөн алтын казуу аларга кандай таасирин тийгизип жатат деп ойлойсуз?

Махгут: Бул кызыктуу суроо, менден да көп жолу сурашкан. Демек, алтын казуунун мөңгүгө тийгизген тикелей таасири кайсы? Кумтөр алтын кени бир мөңгүнү - Давыдов мөңгүсүн (аянты 11, 6 км2) талкалаганы анык. Бул мөңгү иш жүзүндө омкорулду. Ал эми мен буга чейин айткандай, биз бир нече ирет ченеген 354-мөңгү Кумтөр алтын кенинен түштүктө, 10 чакырымга жетпеген алыстыкта турат. Биз ушул мөңгүдө өзгөрүүлөр бар экенин, ал тартылып, кыскарып жатканын көрдүк. Бирок кыскаруусу, жукаруусу өзгөчө эмес, Кыргызстандын башка аймактарындагы мөңгүлөрдүкүндөй эле өлчөмдө.

“Азаттык”: Демек, алтын казууда бөлүнгөн чаңдын, ал жерде колдонулган химиялык уулуу заттардын деле мөңгүлөргө эч таасири жокпу?

Махгут: Жооп бериш кыйын. Алтын кен өндүрүшүнөн бөлүнгөн жана мөңгүнүн бетин карайтып салуучу чаң жөнүндө биз ойлондук. Үстүңкү бети карайган мөңгү Күндүн радиациясын да өзүнө көбүрөөк сиңирип, бул өз кезегинде анын эришине салым кошот. Бирок азырынча биз мунун олутуу жана өтө чоң таасирин көрө элекпиз. Мен кайра эле бир нерсени айта алам. Жылына орточо жарым метрге жукаруу - Кыргызстандын буга чейин ченөөгө алынган мөңгүлөрү үчүн нормалдуу көрсөткүч.

Калыңдыгы 100 метрлик мөңгүдөн 10 чарчы чакырымдын жоголушу Токтогул суу сактагычында бата ала турган суунун болжол менен жыйырмадан бир бөлүгү дегендик.

“Азаттык”: Мөңгүнү кертип, сындырып, омкоруп бир орундан экинчисине которуу мүмкүнбү? Кыргызстанда Кумтөрдөн алтын казууну улантыш үчүн Суу кодексине өзгөртүү киргизилип, талаш-тартыш чыкканда расмий өкүлдөр "мөңгүнү жылдырабыз" деген кептерди айтышты да. Чын эле мөңгүнү жылдырууга болобу?

Махгут: Менимче, мөңгүнү көчүрүү эч мүмкүн эмес. Балким алдыда күтүлгөн нерсе - Давыдов мөңгүсү сыяктуу эле Лысый (аянты 5,4 чарчы чакырым) жана Сары-Төр (аянты 3,3 чарчы чакырым) мөңгүлөрү да талкаланат. Эбегейсиз көлөмдөгү музду бир жерден экинчи жерге көчүрүү мүмкүн эмес. Музду омкоруп, унаага салып, бөлөк мөңгүнүн, мисалы Бордонун жанына же башка жерге алып барган күндө деле музду булгайсыз да. Кирдеген муз бат эрийт. Мөңгүнүн музун автоунаа менен ташып жатканда канча көмүр кычкыл газы бөлүнөт. Бул дагы оор маселе.

354-мөңгүнүн көрүнүшү. Сүрөттү 2016-жылы Хорст Махгут тарткан.
354-мөңгүнүн көрүнүшү. Сүрөттү 2016-жылы Хорст Махгут тарткан.

“Азаттык”: Эми дагы бир нерсени мисал менен түшүндүрүп бере аласызбы? Жергиликтүү жагдайларды эске албаганда да глобалдык температура азыркы ыргакта ысый берсе мөңгүлөрдүн эриши тездейт деп жатабыз, туурабы? Бир чарчы чакырым же он чарчы чакырым мөңгүнүн эрип кетиши суу менен эсептегенде канча болот?

Махгут: Мен буга чейин айткандай биз иштеп, изилдөө жүргүзгөн мөңгүлөрдүн орточо калыңдыгы балким 100 метр. Эгер биз 100 метр калыңдыктагы мөңгүдөн бир чарчы чакырымды жоготсок, бул 10 куб чакырым муз деген сз. Эгер 10 чарчы чакырымды жоготсок, 100 куб чакырым муз эрип кетти дегендик.

Муну сууга айлантсак, калыңдыгы 100 метр мөңгүнүн бир чарчы чакырымынын эриши 100 миллион куб метр, 10 чарчы чакырым мөңгүнүн эриши бир миллиард куб метр суу дегендик. Салыштырып көрөлү, Кыргызстандын эң ири ГЭСи - Токтогулдагы суу сактагычтын максималдуу көлөмү 19 миллиард куб метр сууга ылайык да. Демек, калыңдыгы 100 метрлик мөңгүдөн 10 чарчы чакырымдын жоголушу Токтогул суу сактагычына бата турган суунун болжол менен жыйырмадан бир бөлүгү деген сөз.

Дания жана Гренландиядагы илимий геологиялык борбордун ага изилдөөчүсү Уиллям Колген “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстандагы мөңгүлөр боюнча иликтөөлөрүнүн корутундусу менен бөлүштү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG