Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Күндүн катуу ысышынын кесепети оор болот


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыркы изилдөөлөргө ылайык, күндүн өтө ысып кетиши жана аба температурасынын тез алмашып туруусу улгайган адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат.

Соңку жылдары аба ырайы адаттан сырт тез өзгөрүүгө дуушар болуп жатканы маалым. Адистердин айтымында, бул көрүнүш глобалдык жылуулук менен түздөн түз байланышта.

Гарвард окуу жайынын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, жай мезгилиндеги күндүн өтө ысып кетиши адамдын ден соолугуна зыян келтирип, кайсы бир учурларда өлүмгө да себепкер болууда.

Өзгөчө жашы 60тан жогору улгайган адамдар ысыкка чыдай албай көп учурда өлүмгө дуушар болууда.

Аталган окуу жайдын адистери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Нью-Ингланд штатындагы жашы 65тен өйдө дүйнө салган жарандардын өлүмүн изилдегенде жай мезгилинде ысыктан каза болгондордун саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30% жогору болуп чыккан.

Статистикага караганда, кышкысын сууктан өлгөндөргө караганда жайкысын ысыктан каза болгондордун саны кыйла жогору экен.

Изилдөөнү жүргүзгөн илимпоздордун айтымында, жайында аба ырайы бат-бат алмашып өтө ысып кетип жаткандыктан, адамдын организми ал өзгөрүүлөргө тез эле көнө албайт. Ошол себептен жашы улгайган же ден соолугу начар адамдар туруштук бере албай жатат.

Балыктардын ыктымал миграциясы

Дагы бир изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, акыркы жылдардагы аба температурасынын көтөрүлүшү океанда жашаган жандыктарга да терс таасирин тийгизүүдө.

Science журналындагы макалада эл аралык окумуштуулардын тобу глобалдык жылуулуктун балыктарга болгон келечектеги таасирин изилдегени жарыяланган.

Журналдагы маалыматка ылайык, эгер абанын жылып баратышы ушул ыргак менен кете берсе, 2100-жылы абанын температурасы азыркыдан орточо беш градуска ысыйт. Мындай өзгөрүү океандагы балыктарга жана жалпы эле экосистемага эбегейсиз чоң зыян алып келиши мүмкүн.

Анткени күн өтө ысып кеткенде көпчүлүк балыктар океандын муздагыраак жагына ооп кетиши мүмкүн. Бул өз кезегинде балык уулоо менен алектенген өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизет.

Изилдөөчү топтун билдирүүсү боюнча, абага ташталган көмүр кычкыл газдын санын кескин кыскартуу аркылуу аба ырайынын уламдан улам ысып кетүүсүн алдын алса болот.

Дал ушул маселе эл аралык деңгээлде ушул жылдын декабрь айында Париж шаарында Бириккен улуттар уюмунун климаттык өзгөрүү боюнча конференциясында талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG