Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 03:40

Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү дарыялардын жээктеринде кен казууга лицензия берүүгө тыюу салууну тапшырды. Мындай тапшырма экологияны сактоо жана табигый кырсыктардын алдын алуу максатын көздөйт. Буга чейин дарыя жээктеринде кум, шагыл алып, кендерди казуу кеңири жайылган эле. Бирок мындай чечим ишке ашарынан күмөн санагандар да арбын.

Премьер-министр​ Сапар Исаков 28-декабрда дарыя боюндагы кендерди казууга лицензия берүүгө тыюу салуу боюнча тапшырма берди. Премьердин айтымында, дарыя бойлорунан кум-шагыл казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан шартта мындай иштерди токтотуу керек. Эми буга чейин берилген лицензиялар кайра кайтарылып алынат.

Өкмөт башчынын тапшырмасынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция дарыя жээктериндеги жана көлмөлөрдөгү коркунучтуу жерлерди аныктап, анын жыйынтыгын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине сунуш кылат.

Бул комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, бул тапшырманы аткаруу боюнча иштер башталды:

Уланбек Рыскулов.
Уланбек Рыскулов.

- Негизи мыйзам боюнча чек аралаш дарыялардын жээгиндеги кендерди казууга тыюу салынган. Маселен, Чу дарыясынын боюнда кен казууга болбойт. Ал эми калган дарыялардын жээгинде кен казууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Суу чарба департаментинин уруксаты талап кылынат. Эми премьер-министр аталган органдарга "кайрадан карап чыгып, кайсы дарыялардын боюндагы кендерди казуу коркунучтуу экенин аныктагыла" деди. Ошонун негизинде иш жүргүзүлөт. "Толугу менен лицензия берилбей калат" деген туура эмес.

Рыскулов дарыялардын жээктериндеги канча кендердин лицензия кайтарылып алынарын азырынча болжоп билүү кыйын экенин, бирок экологияга коркунуч келтирилсе чечкиндүү чара көрүлөрүн айтты.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Кыргызстанда дарыялардын жээгинен кендер менен катар курулуш үчүн көбүнесе кум-шагыл казылып алынат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, суу жээктеринен шагыл алуу өзгөчө кырдаалдарга себеп болуп жатат. Мындан тышкары суу жээктеринде алтын казуудан улам бир катар аймактарда дарыялар булганганы боюнча элде нааразылык чыккан эле.

Маселен, Чаткал районунда дарыя жээгинде бир нече кен иштетилип келет. Райондун тургуну Мирлан Нурбаевдин айтымында, кен казылган соң орду калыбына келтирилбей, экологияга зыян тийгизген учурлар арбын. Ал буга байланыштуу премьердин тапшырмасы өз учурунда болгон деп эсептейт.

- Дарыялардын боюнда кумдан алтын чайкоочу "россыпь" деп коебуз го, ошол кендер башынан башаламан иштеп келген. Азыр эми мурдагыга караганда кичине тартипке келип, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бирок канааттандыраарлык эмес. Экологиялык жагынан алганда, казылгандан кийин суунун жээктерин бекемдебей эле таштап салышат. Ошол бойдон лицензияны биринен экинчисине сатып, жоопкерчилик тарткандар жокко эсе.

Ошол эле учурда премьер-министрдин берген тапшырмасы турмушка ашарынан күмөн санагандар да бар. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын баамында, мурда кендерге берилген лицензияларды кайра артка кайтаруу оңойго турбайт.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Демилге абдан жакшы. Кен-байлыктарды иштетүүгө берилген лицензиялар, аларды иштетүү шарттары, кирешелери ачык-айкын болуш керек. Бирок мындай иштердин түпкү максаты пиар болуп калабы деген чочулоо бар. Себеби, өлкөдөгү кендердин көпчүлүгүнө иштетүү боюнча лицензия берилген. Берилбей калган аз гана кен бар. Анан мыйзамдын артка иштөө күчү жок болгондуктан анын лицензиясын кайтарып алуу канчалык ишке ашарын айтыш кыйын.

Кыргызстанда азыр кендерди иштетүүгө 1600дөн ашык лицензия берилген. Алардын ичинен алгачкы орунду шагыл, кум, акиташ сыяктуу кендер ээлесе, андан соң көмүр, баалуу металлдарды казууга уруксат берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG