Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Өкмөт эки аэропортко инвестор издей баштады


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу боюнча иштерди баштаса, аэропорттун жетекчилиги аба майданды инвесторго берүүнүн кереги жок экенин айтууда.

“Манас” жана “Ош” аба майданын инвесторго өткөрүп берүү маселеси 21-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков "TAV Airports Holding" компаниясынын директору Мустафа Сенер менен жолукканда талкууланды. Бул жолугушууда Мустафа Сенер "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун модернизациялоого даярдыгын билдирип, бул Кыргызстандын туризм тармагын, чет өлкөлөр менен соода байланышын жакшыртууга шарт түзө турганын айтты.

Буга өкмөт башчы Сапар Исаков жаңы инвестордун келишине даяр экендигин дароо билдирди. Натыйжада "TAV Airports" компаниясынын сунушун кароо үчүн жумушчу топ түзүлгөнү турганын “Азаттык” радиосуна “Манас” эл аралык аэропортунун инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Нурсултан Белеков айтты.

- Бул биз үчүн чоң долбоор болуп жатат. Бүгүнкү күндө Түркиянын компаниясынан сунуш түшүп жатат. Алар эки аэропортту иштетүү боюнча сунушун беришти. Азыр жумушчу топ түзүлүп жатат. Ал аталган компанияны кандай шартта иштетсе туура болорун карап чыгат.

"Сатуунун зарылчылыгы жок"

Өз кезегинде "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалыгынын башчысы Эмир Чукуев акыркы үч жылда аба майданынын кирешеси кескин көбөйгөнүн билдирүүдө. Алсак, былтыр “Манас” аэропорту 1 млрд. 629 млн. сом киреше алып келген. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 262 млн. сомго көп дегенди билдирет.

Чукуев жакынкы 2-3 жыл ичинде аэропорттун сырткы жана ички көрүнүшү, шарты дагы оң жакка өзгөрө турганын, аны аба майданы өз күчү менен эле ишке ашыра алаарын айтты.

- Биз инвесторго Ош менен Бишкектеги аэропортту берип салуудан мурун бир нече жагдайларды эске алсак. “Манас” ААКтын карамагында 11 аэропорт турат. Инвесторлор “Ош” менен “Манас” аба майданына эле кызыгып жатышат. Ал эми калган тогуз аэропортту биз эмне кылабыз? Ошондой эле биз “Манас” менен “Ош” аэропортторунун баасын билбейбиз. Баасын билип чыкканга эле 150-200 миң доллар кетиши мүмкүн. Биз аэропорттордун баасын билбей эле кандайча инвесторлорго өткөрүп салабыз?

"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

Кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” аба майдандарын инвесторго берүү долбоорун парламент депутаттары колдоп берээрине үмүт артууда. Бирок демилге депутаттар арасында бир топ талашка түшчүдөй.

Парламенттин транспорт, коммуникациялар комитетинин мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешов чет өлкөлүк компанияга аэропорттун башкармалыгын берсе болот, бирок акциялар мамлекеттин колунда калышы керек деген пикирде.

- Сөзсүз бардыгын инвесторго берип кереги жок. Эң негизгиси эл аралык деңгээлдеги тейлөө шарттары аэропортторго кириши керек. Ал үчүн эл аралык тажрыйбасы бар компаниялар Кыргызстанга келсе болот. Инвесторду аэропорттун акционери кылып киргизүү зарыл эмес, бирок башкармалыкты берсе кантип болбосун?

Инвестор аба майданын өнүктүрөт

Дагы бир депутат Тынчтыкбек Конушбаев - “Манас” аба майданы тез арада модернизациялоого муктаж дегендерден. Ал аэропорттун өнүгүшүнө көптөгөн жылдар керек экенин айтып, чет өлкөлүк компаниялардын инвестор катары келиши өнүгүүнү тездетерин айтат.

- “Манас” аэропортунун мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бул жерди транзиттик хаб кылып өнүктүрсө болот. Биз өз күчүбүз менен аэропортту өнүктүргөнчө жылдар өтүп кетет. Ошол үчүн чоң компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзүш керек. Премьер-министр айткандай, биз эл аралык компанияларга аэропортту коркпой эле беришибиз керек. Ал үчүн мамлекеттин деңгээлинде шарт түзүп берүү зарыл.

“Манас” эл аралык аэропорту ААКнын башкармалыгында 11 аэропорт бар болсо, алардын ичинен киреше алып келгени “Ош” жана Бишкектеги “Манас” аба майдандары. Калгандары башкармалыктын алдында дотацияда турат.

“Манас” аэропортунун инфраструктуралык өнүктүрүү боюнча дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов буга чейин да инвесторлор көп эле келгенин, бирок алардын негизги талабы башкармалыктын көзөмөл акциясына ээ болуу экенин айтууда.

- Түркиядан, Кытайдан жана башка чет өлкөлөрдөн инвесторлор келип, “Манас” менен “Ош” аэропортторуна гана кызыгып жатышат. Бирок координациялык кеңештин жыйыны болуп, ага буга чейинки чакырылыштын депутаттары катышып, "бул эки аба майданы сатылбайт” деген чечим чыккан. Биз канчалаган инвесторго Ошто жаңы аэропорт курулчу жерди да көрсөттүк, меморандум түзүп, анан эле кетип калып жатышат. Мындайча айтканда жаңы аэропортту курганга эч ким кызыкпайт, баары эле даяр бизнеске көзү түшүп турат. Биз өзүбүз жакшы иштеп жаткандан кийин, тескерисинче, мамлекет колдоого алса жакшы болмок.

Кыргызстандагы “Манас” жана “Ош” аба майданы жылына 3 млн. жүргүнчүнү тейлейт. Анын миллиондон ашыгы ички рейс аркылуу катташат. Соңку беш жылда жүргүнчүлөр 63 пайызга арбыган.

2014-жылы кыргыз бийлиги “Манас” аэропортун Орусиянын “Роснефть” компаниясына сатуу тууралуу жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көп өтпөй орус компаниясы аэропортту сатып алуудан баш тарткан.

Учурда “Манас” жана “Ош” аэропортторуна инвестиция салууга кызыкканын билдирген Түркиянын “TAV Airports Holding” компаниясы буга чейин эки жолу ушундай эле сунуш менен келип, анысы өкмөттүк деңгээлде талкууланган эле. “TAV Airports Holding” компаниясы ар кайсы өлкөдөгү 17 эл аралык аэропортту башкарып, андагы жалпы жүргүнчүлөр агымы жылына 100 млн. адамды түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG