Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Белеков: Аэропортторду кеңейтебиз


"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун модернизациялоо жана ага инвестиция салуу боюнча эл аралык «TAV Airports Holding» компаниясынын сунушун кароо үчүн жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Манас” эл аралык аэропортунун инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Нурсултан Белеков айтып бермекчи.

“Азаттык”: Кыргызстандагы ири жана аймактык аэропорттордун инфраструктурасын оңдоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Бул Кыргызстандын босогосу, жүзү эмеспи?

Нурсултан Белеков: Бүгүнкү күндү “Манас” аэропортунун инфраструктурасын оңдоо боюнча 24 долбоор бар. 1-2-кабаттарын, Күн батыш, күн чыгыш жагын кеңейтип, экинчиден жүк алуу секторунда дагы бир тасма кошуу керек.

Бул долбоорлор бүткөндө жүргүнчүлөр күткөн секторго жалпысынан 4,5 миң чарчы метрден ашуун аянт кошулат. Мындан сырткары Оштун эл аралык аэропортунда дагы бир топ иштер жасалды. Азыр авиабекетти кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жаңы кичи терминал курулуп жатат. Авиабекеттин ичинде кандай иштер жасалса, сыртында да ошондой иштер жүрүп жатат. Ошол эле учак учуучу тилкени оңдотуу сыяктуу иштер жасалууда.

"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

“Азаттык”: Бул долбоорлорду ишке ашырууга каражат жетиштүүбү же сырттан инвестор тартылып жатабы?

Нурсултан Белеков: Эл аралык “Манас” аэропорту өз күчү менен бүт долбоорлорду ишке ашырып жатат. Ошондой эле узак мөөнөттүү жана арзан насыя тартып келдик. Ошондуктан бул иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

“Азаттык”: Канча каражат кетет экен?

Нурсултан Белеков: Мунун баары бир чоң долбоор эмес. Ал 24 долбоорго бөлүнгөн, ар биринин өз сметасы, өз баасы бар.

“Азаттык”: Аймактагы аэропорттордун абалын оңдоо боюнча эмне иштер болот? Мисалы Исфанадагы аэропортко эл аралык макам берип, кеңейтүү мүмкүнчүлүгү барбы? Тажикстан аркылуу каттагандар арбын экени айтылып жүрөт.

Авиакомпаниялар аэропортторго техникалык жактан да ылайыктуу учактарды алса, кошумча каттамдардын ачылышына шарт түзүлмөк. Аэропорт тарабынан биз аны колдогонго даярбыз.

Нурсултан Белеков: Абдан туура. Бизде тогуз аймактык аэропорт бар. Быйыл Баткен эл аралык аэропортунун авиабекетин кеңейттик, жүк алуучу тасманы койдук. Учак учуучу тилкени бир нече стандарттарга туураладык.

Ушундай иштер Жалал-Абадда жүрүп жатат. Азыр тилекке каршы аймактык аэропорттордун чоң учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Авиакомпанияларга сунуш катары да айтат элек, аэропортторго техникалык жактан да ылайыктуу учактарды алса, дагы кошумча каттамдардын ачылышына шарт түзүлмөк. Аэропорт тарабынан биз аны колдогонго даярбыз.

“Азаттык”: Түркиялык “TAV Airports Holding” компаниясынын аткаруучу директору премьер-министр Сапар Исаков менен жолукканда Кыргызстандын аэропортторуна инвестиция жумшаганга кызыкчылыгы бар экенин айткан эле. Алардын сунушу эмне болду?

Нурсултан Белеков: Бул биз үчүн чоң долбоор болуп жатат. Бүгүнкү күндө алар “Манас” менен Ош аэропортун иштетебиз деген сунушун айтып жатышат. Азыр жумушчу топ түзүлүүдө. Ошонун алкагында аталган компания кандай шартта иштетсе туура болору ийне-жибине чейин изилденип чыгышы керек. Буга чейин Кытайдын, Орусиянын төрт компаниясы ушундай сунуштарын айткан. Ошонун ичинде "TAV Airports Holdingдин” сунушу бар болчу. Эми алар аны расмий айтып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG