Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

"Манас" аэропортунун учуу-конуу тилкесине видеобайкоо орнотулат


Прокуратура эл аралык "Манас" аэропортунун жетекчилигин учуу-конуу тилкесине видеокөзөмөл орнотууга милдеттендирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, учактардын учуп-конуусун видеого түшүрүү кокус кырсык болуп калса, иликтөөлөрдө пайдасы тиймекчи.

Бул жаатта Жарандык авиация агенттиги менен текшерүү жүргүзүлүп, видеобайкоо орнотуу чечими кабыл алынды.

"Манас" аэропорту Бишкектен 23 км түндүктө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG