Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

"Кумтөр" өкмөткө дивиденд төлөбөй жатат


Кумтөр.
Кумтөр.

Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүнө эки жылдан бери дивиденддерди төлөбөй келгени белгилүү болду. Муну канадалык компания кендин айланасындагы соттошуу менен түшүндүрүп, Кумтөр боюнча келишим бир жаңсыл болгон соң төлөй тургандыгын билдирген.

Кумтөр кенин иштеткен "Центерра Голд" Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөбөй келгени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков мындай кырдаалды Кумтөр боюнча жаңы келишимдин шарттары күчүнө кирбей жатканы менен түшүндүргөн.

"Кумтөрдүн" дивидендин алууда кыйынчылык келип чыкканын Кыргызстандын атынан "Центерра Голддун" директорлор кеңешинин мүчөсү Бектур Сагынов да ырастады.

Анын айтымында, канадалык компания эки жылдан бери кендин айланасындагы соттошууну себеп кылып, кирешеден түшкөн каражатты төлөөнү токтоткон.

- Эки жыл мурда Кыргызстандын соттору "Кумтөр Голд компанинин" эсептерин камакка алган, - деди ал. - Бул компания "Центерра Голдго" карайт. Ошол учурда "Кумтөр" "Центеррага" акчаны которо албаганы үчүн бул компанияда акча жетишпей калган. Ошондон кийин "Центерра Голд" кыргыз өкмөтүнө каршы эл арбитраждык сотко кайрылган. Ошол учурда "Центерра Голд" акчанын тартыштыгын эске алып, "арбитраждык соттун жүрүшүн карайлы" деп дивидендди токтотуп койгон.

Ошентип, эки жылдан бери Кыргызстан ишенген эң ири компаниядан дивиденд ала албай жүрөт. Келишимге ылайык, "Центерра Голд" тапкан кирешесинен квартал сайын 3 миллион доллардан, жылына 12 миллион доллар которуп турушу керек. Эки жылга 24 миллион доллар же 1 миллиард 600 миллион сомдон ашык каражат - бюджетте каражат жетишпеген Кыргызстан үчүн эбегейсиз акча.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, былтыр жаңы экологиялык келишимге кол коюлган.

Келишимдин шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга кошумча экологиялык төлөмдөрдү төлөп, буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү бардык соттордогу доо арыздарын чакыртып алышы керек болчу. Бирок бул келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү жакында 2019-жылдын январь айына чейин узартылды.

Бектур Сагынов "Центерра Голд" дал ушул келишимдин узартылып жатканын шылтоо кылып дивидендди төлөөнү жандантпай жатканын маалымдады:

- Албетте, биз бир нече жолу бул маселени көтөргөнбүз. Биз эле эмес, кыргыз өкмөтү, "Кыргызалтын" ишканасы көтөрүп келет. Былтыр сентябрда жаңы келишимге кол коюлбады беле, бирок келишим күчүнө кирбей, улам узартылып жатат. Ошондуктан канадалык компания "ушул келишим күчүнө кирсин" деп түшүндүрүп жатат.

Казыла баштагандан бери эле чыр менен коштолгон Кумтөрдүн айланасындагы кезектеги талаштуу кырдаал кыргыз парламенти менен коомчулукта түшүнбөстүк жаратты.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстан ири кенден мыйзамдуу энчиси болгон дивидендди алалбай жатканына таң калды:

- Негизи дүйнө жүзүндө эмне себептен фонддук рыноктон акцияларды сатып алат? Себеби, дал ушул акциялардан "дивиденддерди алып турайын, киреше табайын" деп ар кыл компаниялардын акцияларын сатып алат. Анан "Центерра Голд" компаниясы дал ушундай негизде дивиденддерди алып жатат. Бирок "Кыргызалтындын" өкүлдөрү "бизге антип жатат, мынтип жатат" деп түшүндүрө албай келет. Мен Кумтөр долбоору боюнча кабары бар адам катары бул маселеде биздин өлкөнүн өкүлдөрү же маселени так кое албай жатат, же таламды талаша албай жатат деген ойдомун.

Ал эми Кыргызстандын Тоо-кенчилер биримдигинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков соттук териштирүү дивиденддин которулушуна эч таасирин тийгизбеши керек деген пикирде:

- Муну стратегиялык келишимге шылтоолоп, токтотуп койбошу керек эле, - деди адис. - Мурдагы келишимге ылайык "силер кайсы бир шартты аткарбай койсонор биз силерге дивиденд төлөбөй коебуз" деген мүмкүнчүлүгү жок. Дивиденд деген нерсе - бул биздин Кумтөрдөгү 77 миллионго жакын акциябыз бар дегенди билдирет. Мына ушул ар бир акцияга жылдын жыйынтыгы менен киреше эсептелип, компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен белгилүү бир сумма бөлүнүп турат. Кумтөр үчүн жыл сайын 12 миллион доллардан ашык каражат берилип келген. Аны эч бир шарт токтотуп кое албайт. Менин түшүнүгүм боюнча, мындай кырдаал директорлор кеңешиндеги биздин өкүлдөрдүн чабалдыгынан келип чыкты.

Ал ортодо кыргыз өкмөтү Кумтөр 2026-жылы жабыларын жарыялады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага чейин өкмөт Кумтөрдөн экономикалык көз карандылыкты толугу менен жоюунун үстүнөн иштеп жатканын билдирди.

“Кумтөр” - өлкөдөгү эң ири ишкана. Ал Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10 пайызга жакынын жана өнөр жайынын 20 пайыздан ашык бөлүгүн түзөт. Компаниянын маалыматы боюнча, долбоор иштей баштагандан бери 2017-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 3 миллиард 472 миң долларга жакын пайда тапкан.

Ал эми "Центерра Голддун" жалпысынан тогуз активи же учурда иштетип жаткан тогуз кени бар. Алардын ичинен эң ириси - Кумтөр. Маселен, былтыр компания 1,2 миллиард доллар киреше тапкан. Анын ичинен 928 миллион долларга алтын сатып ээ болсо, 685 миллиону "Кумтөрдүн" алтынынын эсебинен келген.

Быйыл Кумтөрдө 16 тонна алтын өндүрүлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырганда 1,5 тоннага аз.

Кыргызстандын 666 тонна алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG