Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

"Чаарат" Кумтөрдү сатып алуу аракетин улантат"


"Чаарат Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Артем Волынец.
"Чаарат Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Артем Волынец.

Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (Chaarat Gold Holdings Limited) Кумтөр алтын кенин сатып алуу аракетин уланта берет. Бул тууралуу компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү Артем Волынец “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.

“Азаттык”: “Чаарат Голд” компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин сатып алуу сунушун билдиргени белгилүү болду. Алгач сунуштун өзүн түшүндүрүп бересизби? Бул кандай сунуш жана анда кандай шарттар бар?

Артем Волынец: Биз чындап эле “Центеррадан” Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү менен өнөктөштүктө сатып алууну сунуш кылдык. Учурда “Центерранын” акцияларынын 26,6 пайызы кыргыз өкмөтүнүн колунда. Биз кыргыз өкмөтү өз акцияларынын басымдуу бөлүгүн кендеги түз экономикалык кызыкчылыгына алмашуусун жана кендеги бардык экономикалык пайданын, дивиденддердин 50 пайызын алышын сунуш кылып жатабыз.

Азыркы шартта кыргыз өкмөтү “Центеррадагы” акциялардын ээси катары компания дивиденд төлөсө гана экономикалык пайдага ээ болуп жатат. Биз биринчи күндөн тартып эле "кыргыз өкмөтү кенден түшкөн бардык дивиденддердин 50 пайызын алсын" деп жатабыз.

Биз Кыргызстандагы башкы адамдар менен сүйлөшкөнбүз жана биз кыргыз өкмөтүнүн, парламентинин же тиешелүү мекемелердин колдоосуна толук ишенип турабыз. Себеби биздин сунуш башка чечимдер камсыз кыла албагандай деңгээлде өлкөгө чоң киреше алып келет...

Кыргыз өкмөтү артыкчылыктуу акциялардын (preferred shares) бардыгына ээ болгудай транзакцияны сунуш кылып жатабыз. Бул кыргыз өкмөтүнө кирешенин 50 пайызын алууга укук берет. Биз “Центеррадан” [артыкчылыктуу акционерлерден башка] жөнөкөй акционерлердин акцияларынын (common equity) баарын накталай акчага сатып алабыз. Бул бизге кенди иштетүүгө жана кирешенин калган 50 пайызын алууга укук берет.

Биз бул кирешени Кыргызстандагы жаңы эки долбоорго жумшоого – Түлкүбаш жана Кызылташ долбоорлоруна инвестиция катары салууну каалайбыз. Ага алдыдагы 5-7 жылда 600 миллион доллар инвестиция салынат.

Жыйынтыгына келсек, биринчиден, өлкөдөгү негизги кенден түшкөн накталай акчанын жүз пайызы Кыргызстандын өзүндө калат. Бул Кыргызстанга абдан пайдалуу. Ири инвестиция болот. Кыргыз өкмөтү менен элине түз пайда гана алып келбестен, башка индустрияларга да жагымдуу таасир берет.

Экинчиден, бул “Центерранын” акционерлери үчүн да абдан кирешелүү транзакция болот деп ишенебиз. Себеби аларга кен үчүн толук жана татыктуу баа сунушталып жатат. Алардын кендеги тарыхы кандай болбосун, анын жыйынтыктоочу чекитин коюуга, аларга жаңы барактан баштоого мүмкүнчүлүк берет. "Бул кенге байланыштуу кооптуу жагдайлар бар" деген пикирлерге карабай, алар толук жана чыныгы баага татыктуу болушат.

Акырында, бул биздин инвесторлор менен акционерлерибиз үчүн да пайдалуу. Себеби бул мурдагы советтик өлкөлөрдөгү алтын казуу долбоорлорун бириктирүү стратегиясын өнүктүрүүгө багытталган алгачкы кадам.

Биз бул гана эмес, бир нече маанилүү транзакцияларды жасап, чөлкөмдөгү алтын казуучу башкы компаниялардын бирине айланууну көздөп жатабыз.

"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

“Азаттык”: Сиздердин сунушта Кумтөр алтын кенинин баасы белгиленгенби? Ал үчүн “Центеррага” канча акча төлөйсүздөр?

Артем Волынец: Биз бул сунушту “Центеррага” март айында, 3-4 жума мурда жөнөткөнбүз. Анда сөзсүз түрдө баасы да бар. Аны бизге финансылык колдоо көрсөткөн тараптардын тиешелүү каттары менен да негиздегенбиз. Биз сунуштаган баага жана акчаны төлөө мүмкүнчүлүгүбүзгө байланыштуу күмөн болбойт. Акча “Центеррага” жүз пайыз төлөнөт. Анын жарымы кыргыз өкмөтүнүн колундагы акцияларды артка кайтаруу менен, жарымы биздин накталай акчабыз менен төлөнөт.

Албетте, мен бааны маалымат каражаттарына ачык айта албайм. Баа “Центерранын” жетекчилиги менен конструктивдүү диалогго келгенде ачыкка чыгат деп ишенем. Себеби бул сунуш бардык “Центерранын” акционерлери, Кыргызстан жана биздин акционерлерибиз үчүн пайдалуу.

“Азаттык”: Буга чейин “Центерра” тараптан же кыргыз тараптан “Кумтөрдү” сатуу демилгелерин уккан эмеспиз. Эмне үчүн “Чаарат Голд” бул сунушту азыр берип жатат?

Бизде бул транзакцияга жетиштүү каржылоо бар. Биз Кыргызстанда эле эмес, региондогу башка өлкөлөрдө да газ кууру сыяктуу башка долбоорлордун үстүнөн да иштеп жатабыз. Биздин стратегиябызды колдогон глобалдык финансылык институттар бар...

Артем Волынец: Биз бул сунушту белгилүү бир убакыттан бери даярдап жатканбыз. Сунуш бардык акционерлерге пайдалуу болот жана алардан оң жооп алабыз деп ишенебиз. Биз сунушту бир нече жума мурда кыргыз өкмөтү менен “Центеррага” бир учурда жөнөткөнбүз. Болгону азыр ачыкка чыгып кетип жатат.

“Азаттык”: Сунуш берилгенге чейин кыргыз тарап же “Центерра” менен алдын-ала сүйлөшүүлөр болгонбу?

Артем Волынец: Кыскача жооп бергенде, ооба. Биз өз ниетибизди эки тарапка тең так билдиргенбиз. Биз Кыргызстандын истеблишментинин жогорку мүчөлөрү менен сүйлөшүп келгенбиз. Биз кыргыз өкмөтү бул сунушту колдойт деп толук ишенип турабыз. Себеби бул Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу. Бул сунуш татаал жана узак убакыттан бери келе жаткан маселелерди натыйжалуу чечет.

“Азаттык”: Жогорку мүчөлөр дегенде кимдер? Премьер-министрби же “Кыргызалтындын” жетекчилигиби?

Артем Волынец: Биз Кыргызстандагы башкы адамдар менен сүйлөшкөнбүз жана биз кыргыз өкмөтүнүн, парламентинин же тиешелүү мекемелердин колдоосуна толук ишенип турабыз. Себеби биздин сунуш башка чечимдер камсыз кыла албагандай деңгээлде өлкөгө чоң киреше алып келет.

“Азаттык”: “Центерра Голд” сиздерден ушундай сунуш келип түшкөнүн тастыктады. Бирок компания бул сунуш аларды кызыктырбай турганын билдирди. Буга кошумча алардын пресс-релизинде кыргыз тарап да мындай сунушка кызыкпай турганы белгиленген экен. Буга сиз кандай жооп кайтарасыз?

Артем Волынец: Биздин сунуш бардык акционерлер үчүн, анын ичинде “Центерранын” акционерлери, кыргыз эли үчүн пайдалуу деп ишенебиз. Мындан улам биз иштиктүү диалог болот деп үмүттөнөбүз.

“Азаттык”: “Центерра” өз жообун бергенден кийин сиздин компаниянын Кумтөрдү сатып алуу аракети соңуна чыкты десе болобу?

Артем Волынец: Албетте, жок. Биз “Центерранын” акционерлерине жана кыргыз өкмөтүнө кирешелүү сунуш бердик. Бул транзакцияны болушунча кыска убакыт ичинде жыйынтыктоо үчүн “Центерранын” жетекчилиги менен конструктивдүү диалог башталат деп ишенебиз.

“Азаттык”: “Чаарат Голд” Лондондо катталганы, Кыргызстандагы алтын кендерине байланыштуу айрым долбоорлорго катышып жатканы айтылды. Компаниянын таржымалын түшүндүрүп бересизби? “Чаарат Голд” Кыргызстанда эмне иш кылат?

Артем Волынец: “Чаарат Голд” узак убакыттан бери Кыргызстанга инвестиция салып келет. Ушул убакытка чейин 150 миллион доллардык инвестиция салууга жетишти. Компания Кыргызстанда эки алтын кен долбоорун иштетип жатат. Биринчиси - 2020-жылдан тарта 100 миң унций алтын өндүрөт деп күтүлгөн Түлкүбаш кени. Быйыл биз курулуш иштерин баштайбыз.

Мурдагы премьер-министрдин "Кумтөр" алтын кениндеги сапары. 2017-жылдын сентябрь айы.
Мурдагы премьер-министрдин "Кумтөр" алтын кениндеги сапары. 2017-жылдын сентябрь айы.

Экинчиси - Кызылташ. Кенде 6 миллион унций алтын бар. Ага көбүрөөк инвестиция керектелет. Ошол эле учурда биз жылына бул кенден кыйла көп алтын же 200-300 миң унций алтын өндүрө алабыз. Жылына 150-200 миллион доллар киреше табылат.

План боюнча, алгач биринчи долбоорду баштайбыз. Андан соң чоңураак долбоордун курулушу башталат. Кумтөрдөн алынган дивиденддерибизди ушул долбоорлорго салгыбыз келет.

“Азаттык”: Сиздин компания Кумтөрдү сатып алууну сунуш кылганы белгилүү болгондон тартып коомчулук арасында “Бул эмне деген компания?”, “Кимдин кызыкчылыгын көздөп жатат?”, “Артында ким турат?” деген суроолор берилип жатат. Мындай суроолорго кандай жооп бересиз? Компаниянын артында ким турат?

Артем Волынец: Бул [Лондондогу] Альтернативдүү инвестициялык рынокто катталган компания. Негизги акционер – бул компаниянын башчысы Мартин Андерсон. Акциялардын 30 пайыздайы ага таандык. Теги боюнча швед. Акциялардын калган бөлүгү юридикалык жана коомдук инвесторлордун колунда. Бул - Альтернативдүү инвестициялык рынокто катталган кадыресе коомдук компания. Биз эч кандай үчүнчү тараптын өкүлдөрү эмеспиз.

Учурда кыргыз өкмөтү “Центеррадагы” акциялардын ээси катары компания дивиденд төлөсө гана экономикалык пайдага ээ болуп жатат. Биз биринчи күндөн тартып эле кыргыз өкмөтү кенден түшкөн бардык дивиденддердин 50 пайызын алсын деп жатабыз...

Бизде бул транзакцияга жетиштүү каржылоо бар. Биз Кыргызстанда эле эмес, региондогу башка өлкөлөрдө да башка долбоорлордун үстүнөн да иштеп жатабыз. Биздин стратегиябызды колдогон глобалдык финансылык институттар бар.

Биздин стратегиябыз – мурдагы советтик өлкөлөрдөгү алтын казуу тармагынын башын бириктирүү. Биздин максат – алдыңкы эки-үч жылда 1 миллион унций өндүрүм чыгаруу.

“Азаттык”: Сиздердин акционерлердин арасында кыргызстандыктар барбы?

Артем Волынец: “Чааратта” кыргызстандык акционер бар экени тууралуу маалыматым жок. Бул коомго ачык компания. Андыктан кимдир-бирөө акция сатып алган болушу мүмкүн. Бирок соңку ирет биздин акционерлердин реестрин караганыбызда негизги акционерлердин арасынан кыргыз акционерин көргөн эмеспиз.

“Азаттык”: Сиз “Центерра” менен сүйлөшкөнбүз дедиңиз. Анда канадалык компаниядан кандай жооп алдыңыздар эле?

Артем Волынец: Албетте, бул жабык талкуу болгон. Биз алдыда да “Центерра” менен мындай купуя талкууларга катышабыз деп ишенебиз. Биз бул транзакцияны бардык акционерлерге пайдалуу болгондой кылып, болушунча кыска убакта жыйынтыктоону көздөйбүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG