Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

"Центерра" Кумтөр кенин "Chaarat" компаниясына сатпайт


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Бул тууралуу "Центерра Голд" бүгүн расмий сайтында билдирүү жарыялады. Кечээ Лондондун биржа фондунун сайтына "Chaarat Gold Holdings Ltd." кен казуучу компаниясы “Центерранын” акцияларын, аны менен кошо Кумтөр кенин да сатып алууга дилгир экенин жана алар сунуш кылган шарт Кыргызстан үчүн да жагымдуу экенин жарыялаган.

Бүгүн "Centerra Gold Ink." компаниясы өзүнүн сайтында алар "Chaarat" компаниясынын сунушун кабыл албай турганын жана Кумтөрдү сатпай турганын бышыктады.

“2018-жылдын март айында "Центерра" компаниясына "Chaarat" компаниясынан Кыргыз Республикасында жайгашкан Кумтөр кенин сатып алуу тууралуу сунуш келип түшкөн. "Centerra" ошол замат "Chaarat" компаниясынын кеңешчилерине байланышып, алар сунуш кылган транзакцияга кызыкчылыгы жок экенин билдирген. “Центерра” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукканда, аларды да "Chaarat" сунуш кылып жаткан транзакция кызыктырбай турганын айтышкан” - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Сапар Исаков жетектеген өкмөт Кумтөр боюнча келишимге кол койгону үчүн бир катар депутаттар тарабынан сынга кабылган. 2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. (KR)

XS
SM
MD
LG